Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 89 ТК
ТК КР · гл. 6Статус: действует

Статья 89. Порядок применения и обжалования дисциплинарных взысканий. Срок действия дисциплинарного взыскания

1.

Дисциплинарные взыскания применяются руководителем организации, уполномоченными должностными лицами.

2.

До применения дисциплинарного взыскания от работника должно быть затребовано письменное объяснение. Отказ представить такое объяснение оформляется актом, который подлежит регистрации работодателем, и не может служить препятствием для применения взыскания.

3.

Дисциплинарное взыскание применяется непосредственно после обнаружения проступка, но не позднее 1 месяца со дня обнаружения, не считая времени болезни работника или его пребывания в отпуске.

4.

Дисциплинарное взыскание не может быть применено позднее 6 месяцев со дня совершения проступка, а по результатам ревизии, проверки финансово-хозяйственной деятельности или аудиторской проверки - позднее 2 лет со дня его совершения. В указанные сроки не включается время производства по уголовному делу.

5.

При применении дисциплинарного взыскания учитывается тяжесть совершенного проступка, обстоятельства, при которых он был совершен, предшествующая работа.

6.

За каждый дисциплинарный проступок может быть наложено только одно дисциплинарное взыскание.

7.

Приказ (распоряжение, постановление) о применении дисциплинарного взыскания объявляется работнику под подпись в течение 3 рабочих дней со дня его издания. В случае отказа работника подписать указанный приказ (распоряжение, постановление) составляется соответствующий акт.

8.

Дисциплинарное взыскание может быть обжаловано в порядке, установленном для рассмотрения индивидуальных трудовых споров искового характера или уполномоченным государственным органом в сфере надзора и контроля за соблюдением трудового законодательства.

9.

Орган по рассмотрению индивидуальных трудовых споров искового характера и уполномоченный государственный орган в сфере надзора и контроля за соблюдением трудового законодательства учитывают соответствие дисциплинарного взыскания тяжести совершенного дисциплинарного проступка, а также обстоятельства, при которых он совершен, предшествующее проступку поведение работника, отношение к труду.

10.

Дисциплинарное взыскание действует в течение 1 года со дня его применения. Если в течение этого срока работник не будет подвергнут новому дисциплинарному взысканию, то он считается не имеющим дисциплинарного взыскания.

11.

Работодатель, применяющий дисциплинарное взыскание, вправе снять его до истечения года по собственной инициативе, по просьбе работника, по ходатайству представительных органов работников или непосредственного руководителя работника.

Кыргызча
Тартип жазаларын колдонуу жана даттануу тартиби. Тартип жазасын колдонуу мөөнөтү 1. Тартип жазалары уюмдун жетекчиси, ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан колдонулат. 2. Тартип жазасы колдонулганга чейин кызматкерден жазуу жүзүндөгү түшүнүк талап кылынууга тийиш. Мындай түшүнүк берүүдөн баш тартуу акт менен таризделет, ал иш берүүчү тарабынан катталууга тийиш жана жаза колдонуу үчүн тоскоолдук боло албайт. 3. Тартип жазасы жорук түздөн-түз аныкталгандан кийин, бирок кызматкер ооруган же өргүүдө болгон убакытты эсепке албаганда, аныкталган күндөн тартып 1 айдан кечиктирбестен колдонулат. 4. Тартип жазасы - жорук жасалган күндөн тартып 6 айдан кеч, ал эми ревизиянын, финансы-чарбалык ишти текшерүүнүн же аудитордук текшерүүнүн натыйжасы боюнча - жорук жасалган күндөн тартып 2 жылдан кеч колдонулушу мүмкүн эмес. Көрсөтүлгөн мөөнөттөргө кылмыш иши боюнча өндүрүштүн убактысы киргизилбейт. 5. Тартип жазасын колдонууда жасалган жоруктун оордугу, ал жасалган жагдайлар, мурдагы иштери эске алынат. 6. Ар бир тартип жоругу үчүн бир гана тартип жазасы колдонулушу мүмкүн. 7. Тартип жазасын колдонуу жөнүндө буйрук (тескеме, токтом) ал чыгарылган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде кызматкерге кол койдуруу менен жарыяланат. Кызматкер көрсөтүлгөн буйрукка (тескемеге, токтомго) кол коюудан баш тарткан учурда тиешелүү акт түзүлөт. 8. Тартип жазасы белгиленген тартипте доо мүнөзүндөгү жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо үчүн белгиленген тартипте же эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан даттанылышы мүмкүн. 9. Доо мүнөзүндөгү жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо боюнча орган жана эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тартип жазасынын жасалган тартип жоругунун оордугуна ылайыктуулугун, ошондой эле ал жасалган жагдайды, кызматкердин мурдагы жүрүм-турумун, эмгекке болгон мамилесин эске алат. 10. Тартип жазасы ал колдонулган күндөн тартып 1 жылдын ичинде күчүндө болот. Эгерде бул мөөнөттүн ичинде кызматкерге жаңы тартиптик жаза берилбесе, анда ал тартиптик жазаны алган эмес деп эсептелет. 11. Тартип жазасын колдонгон иш берүүчү аны бир жыл өткөнгө чейин жеке демилгеси боюнча, кызматкердин өтүнүчү боюнча, кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын же кызматкердин түздөн-түз жетекчисинин расмий өтүнүчү боюнча алып салууга укуктуу.

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.