Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 57 ТК
ТК КР · гл. 4Статус: действует

Статья 57. Работа за пределами нормальной продолжительности рабочего времени

1.

По заявлению работника работодатель имеет право разрешить ему работать по другому трудовому договору в этой же организации по иной профессии, специальности или должности за пределами нормальной продолжительности рабочего времени в порядке внутреннего совместительства.

Работник имеет право заключить трудовой договор с другим работодателем для работы на условиях внешнего совместительства, если иное не предусмотрено настоящим Кодексом или иными нормативными правовыми актами.

Работа за пределами нормальной продолжительности рабочего времени не может превышать 4 часов в день и 20 часов в неделю.

Внутреннее совместительство не разрешается при установлении сокращенного рабочего времени, за исключением случаев, предусмотренных настоящим Кодексом и иными законами.

2.

Привлечение к сверхурочным работам осуществляется по предложению, распоряжению или с ведома работодателя и только с письменного согласия работника.

3.

Запрещается привлечение к сверхурочным работам работников, занятых на тяжелых физических работах, работах с вредными или опасными условиями труда, за исключением следующих случаев:

1) при выполнении работ, необходимых для обороны страны, а также для предотвращения производственной аварии либо устранения последствий производственной аварии или стихийного бедствия;

2) при осуществлении общественно необходимых работ по водоснабжению, газоснабжению, отоплению, освещению, канализации, транспорту, связи - для устранения непредвиденных обстоятельств, нарушающих нормальное их функционирование;

3) при необходимости закончить начатую работу, которая вследствие непредвиденной задержки по техническим условиям производства не была закончена в течение нормального числа рабочих часов, если невыполнение (незавершение) этой работы может повлечь за собой порчу или гибель имущества работодателя, государственного или муниципального имущества либо создать угрозу жизни и здоровью людей;

4) при выполнении временных работ по ремонту и восстановлению механизмов или сооружений в тех случаях, когда неисправность может вызвать прекращение работ для значительного числа работников;

5) для продолжения работы при неявке сменяющего работника, если работа не допускает перерыва. В этих случаях работодатель обязан немедленно принять меры к замене сменщика другим работником.

4.

Сверхурочные работы не должны превышать для каждого работника 4 часов в течение 2 дней подряд.

5.

Допускается привлечение лиц с ограниченными возможностями здоровья и беременных женщин к сверхурочным работам, если такая работа не запрещена им по медицинским показаниям. К сверхурочным работам не допускаются работники в возрасте до 18 лет.

6.

Работодатель обязан обеспечить точный учет сверхурочных работ, выполненных каждым работником. Информация об их количестве предоставляется работнику по его требованию.

Кыргызча
Жумуш убактысынын ченемдеги узактыгынан тышкаркы иш 1. Кызматкердин арызы боюнча иш берүүчү ага башка эмгек келишими боюнча ошол эле уюмда башка кесип, адистик же кызмат орду боюнча жумуш убактысынын ченемдеги узактыгынын чегинен тышкары ички айкалыштыруу тартибинде иштөөгө уруксат берүүгө укуктуу. Эгерде ушул Кодексте же башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса, кызматкер башка иш берүүчү менен тышкы айкалыштыруу шартында иштөө үчүн эмгек келишимин түзүүгө укуктуу. Жумуш убактысынын ченемдеги узактыгынан тышкаркы иш күнүнө 4 сааттан жана жумасына 20 сааттан ашпоого тийиш. Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, кыскартылган жумуш убактысынын узактыгы белгиленген учурларда ички айкалыштырууга уруксат берилбейт. 2. Ченемден ашык иштөөгө тартуу иш берүүчүнүн сунушу, тескемеси боюнча же анын иш берүүчүгө билдирүү аркылуу жана кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат. 3. Оор кара жумуштарда, зыяндуу же кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда иштеген кызматкерлерди ченемден ашык иштөөгө тартууга төмөнкүлөрдөн башка учурларда тыюу салынат: 1) өлкөнү коргоо үчүн, ошондой эле өндүрүштүк авариянын алдын алуу же болбосо өндүрүштүк авариянын же табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон иштерди аткарууда; 2) суу менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, жылытуу, жарыктандыруу, канализация, транспорт, байланыш боюнча коомдук зарыл иштерди жүзөгө ашырууда - алардын ченемде иштөөсүн бузган күтүлбөгөн жагдайларды четтетүү үчүн; 3) эгерде бул иштин аткарылбай (бүткөрүлбөй) калышы иш берүүчүнүн мүлкүнүн, мамлекеттик же муниципалдык мүлктүн бузулушуна же жок болушуна алып келүүсү же болбосо адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирүүсү мүмкүн болсо, өндүрүштүн техникалык шарттары боюнча күтүлбөгөн кечигүүнүн натыйжасында жумуш иш сааттарынын ченемдеги убактысынын ичинде бүтпөй калган башталган ишти бүткөрүү зарыл болгондо; 4) бузулушу кызматкерлердин олуттуу саны үчүн иштин токтоп калышына алып келүүсү мүмкүн болгон учурларда механизмдерди же курулмаларды оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү боюнча убактылуу иштерди аткарууда; 5) эгерде иш тыныгууга жол бербесе, алмаштыруучу кызматкер келбей калган учурда ишти улантуу үчүн. Мындай учурларда иш берүүчү алмаштыруучуну дароо башка кызматкер менен алмаштырууга чара көрүүгө милдеттүү. 4. Ченемден ашык иштөө ар бир кызматкер үчүн катары менен 2 күн ичинде 4 сааттан ашпоого тийиш. 5. Эгерде медициналык көрсөткүчтөр боюнча ченемден ашык иштөөгө тыюу салынбаса, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана кош бойлуу аялдарды мындай жумушка тартууга жол берилет. 18 жашка чейинки курактагы кызматкерлерге ченемден ашык иштөөгө жол берилбейт. 6. Иш берүүчү ар бир кызматкер аткарган ченемден ашык иштөөнүн так эсебин камсыз кылууга милдеттүү. Алардын саны жөнүндө маалымат кызматкерге анын талабы боюнча берилет.

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.