Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 222 ТК
ТК КР · гл. 21Статус: действует

Статья 222. Размер возмещения вреда в случае смерти потерпевшего (кормильца)

1.

Лицам, состоявшим на иждивении умершего и имеющим право на возмещение вреда в связи с его смертью, вред определяется в размере среднемесячного заработка умершего за вычетом приходящейся ему доли.

2.

Для определения размера возмещения вреда каждому из лиц, имеющих право на это возмещение, часть заработка кормильца, приходящаяся на всех указанных лиц, делится на их число.

3.

Нетрудоспособным лицам, не состоявшим на иждивении умершего, но имеющим право на возмещение вреда, его размер определяется в следующем порядке: если средства на содержание взыскивались на основании решения суда, то возмещение вреда определяется в сумме, назначенной судом, если же средства на содержание не взыскивались в судебном порядке, то размер возмещения вреда устанавливается с учетом материального положения нетрудоспособных лиц и возможности умершего при жизни оказывать им помощь.

4.

Если право на возмещение вреда имеют одновременно лица, как состоявшие на иждивении умершего, так и не состоявшие на его иждивении, то сначала определяется размер возмещения вреда для лиц, не состоявших на иждивении умершего. Установленная им сумма возмещения вреда исключается из заработка кормильца, затем исходя из оставшейся суммы заработка определяется размер вреда лицам, состоявшим на иждивении умершего, в порядке, предусмотренном частями первой и второй настоящей статьи.

5.

При определении возмещения вреда в связи со смертью кормильца в составе заработка умершего учитываются получаемые им при жизни пенсия, пожизненное содержание и другие выплаты.

6.

При определении размера возмещения вреда пенсии, назначенные лицам в связи со смертью кормильца, а равно другие виды пенсии, назначенные как до, так и после смерти кормильца, а также заработок, стипендии и иные доходы, получаемые этими лицами, в счет возмещения им вреда не засчитываются.

Кыргызча
Жабырлануучу (багуучу) каза болгон учурда зыяндын ордун толтуруу өлчөмү 1. Каза болгон адамдын багуусунда болгон жана анын каза болгондугуна байланыштуу зыяндын орду толтурулушуна укугу бар адамдарга зыян каза болгон адамдын орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө ага туура келүүчү үлүштү эсептен чыгарып салуу менен аныкталат. 2. Ордун толтурууну алууга укугу бар адамдардын ар бирине зыяндын ордун толтуруу өлчөмүн аныктоо үчүн багуучунун эмгек акысынын бардык көрсөтүлгөн адамдарга туура келүүчү бөлүгү алардын санына бөлүнөт. 3. Каза болгон адамдын багуусунда болбогон, бирок зыяндын орду толтурулушуна укугу бар эмгекке жарамсыз адамдарга анын өлчөмү төмөнкүдөй тартипте аныкталат: эгерде багууга каражат соттун чечиминин негизинде өндүрүлсө, анда зыяндын ордун толтуруу сот дайындаган суммада аныкталат, эгерде багууга каражат соттук тартипте өндүрүлбөсө, анда зыяндын ордун толтуруу өлчөмү эмгекке жарамсыз адамдардын материалдык абалын жана каза болгон адамдын тирүү кезинде аларга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен белгиленет. 4. Эгерде каза болгон адамдын багуусунда болгон, ошондой эле анын багуусунда болбогон адамдардын да бир эле мезгилде зыяндын орду толтурулушуна укугу бар болсо, анда адегенде каза болгон адамдын багуусунда болбогон адамдар үчүн зыяндын ордун толтуруу өлчөмү аныкталат. Аларга белгиленген зыяндын ордун толтуруу суммасы багуучунун эмгек акысынан алып салынат, андан кийин эмгек акынын калган суммасына жараша, ушул берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган тартипте каза болгон адамдын багуусунда болгон адамдарга зыяндын өлчөмү аныкталат. 5. Багуучу каза болгондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууну аныктоодо каза болгон адамдын эмгек акысынын курамында ал тирүү кезинде алган пенсиясы, өмүр бою алган камсыздоосу жана башка ушул сыяктуу төлөмдөр эске алынат. 6. Зыяндын ордун толтуруу өлчөмүн аныктоодо багуучу каза болгондугуна байланыштуу адамдарга дайындалган пенсия, ага тете багуучу каза болгонго чейин да, андан кийин да дайындалган пенсиялардын башка түрлөрү, ошондой эле ошол адамдар алуучу эмгек акы, стипендиялар жана башка кирешелер аларга зыяндын ордун толтуруу эсебине киргизилбейт.

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.