Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 203 ТК
ТК КР · гл. 20Статус: действует

Статья 203. Основные направления государственной политики в сфере охраны труда

1.

Реализация основных направлений государственной политики в сфере охраны труда обеспечивается согласованными действиями государственных органов, органов местного самоуправления, работодателей, объединений работодателей, а также профессиональных союзов, их объединений и иных уполномоченных работниками представительных органов по вопросам охраны труда и основывается на принципах:

1) государственного управления охраной труда;

2) приоритета жизни и здоровья работника по отношению к результатам производственной деятельности;

3) установления единых требований в сфере охраны труда для всех организаций независимо от форм собственности и хозяйствования;

4) осуществления независимого и действенного надзора и контроля за повсеместным выполнением требований охраны труда в организациях;

5) принятия и реализации законов и иных нормативных правовых актов об охране труда, республиканских, территориальных целевых программ по охране труда;

6) обязательности расследования и учета каждого несчастного случая и профессионального заболевания, разработки и осуществления на этой основе мер, исключающих их причины;

7) социальной защиты интересов работников, пострадавших от несчастных случаев на производстве или получивших профессиональное заболевание;

8) всемерной поддержки деятельности профсоюзов, других общественных объединений и организаций и отдельных лиц, направленной на обеспечение охраны труда;

9) международного сотрудничества для решения проблем охраны труда.

2.

Порядок разработки и утверждения подзаконных нормативных актов по охране труда (межотраслевых и отраслевых правил и типовых инструкций по охране труда, строительных и санитарных норм и правил, правил и инструкций по безопасности, правил устройства и безопасной эксплуатации, свода правил по проектированию и строительству, гигиенических нормативов и государственных стандартов безопасности труда), а также сроки их пересмотра устанавливаются Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

Кыргызча
Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары 1. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу эмгекти коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, иш берүүчүлөрдүн, иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин, ошондой эле кесиптик бирликтердин, алардын бирикмелеринин жана кызматкерлер тарабынан ыйгарым укук берилген башка өкүлчүлүктүү органдардын макулдашылган иш-аракеттери менен камсыз кылынат жана төмөнкүдөй принциптерге негизделет: 1) эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу; 2) өндүрүштүк иштин натыйжаларына карата кызматкердин өмүрүнүн жана ден соолугунун артыкчылыгы; 3) менчигинин жана чарба жүргүзүүнүн түрүнө карабастан бардык уюмдар үчүн эмгекти коргоо чөйрөсүндө бирдиктүү талаптарды белгилөө; 4) уюмдарда эмгекти коргоо талаптарынын бардык жерде аткарылышына көз карандысыз жана таасирдүү көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруу; 5) эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды, эмгекти коргоо боюнча республикалык, аймактык максаттуу программаларды кабыл алуу жана ишке ашыруу; 6) ар бир күтүлбөгөн кырсыкты жана кесиптик ооруну териштирүү жана эсепке алуу жана ошонун негизинде алардын себептерин жокко чыгаруучу чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу милдеттүүлүгү; 7) өндүрүштө күтүлбөгөн кырсыктан жабыр тарткан же кесиптик ооруга чалдыккан кызматкерлердин кызыкчылыктарын социалдык жактан коргоо; 8) эмгекти коргоону камсыз кылууга багытталган кесиптик бирликтердин, башка коомдук бирикмелердин жана уюмдардын жана айрым адамдардын иштерин ар тараптуу колдоо; 9) эмгекти коргоо көйгөйлөрүн чечүү үчүн эл аралык кызматташуу. 2. Эмгекти коргоо боюнча мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик актыларды (эмгекти коргоо боюнча тармактар аралык жана тармактык эрежелер жана типтүү нускамалар, курулуш жана санитардык ченемдер жана эрежелер, коопсуздук боюнча эрежелер жана нускамалар, түзүлүү жана коопсуз пайдалануу эрежелери, долбоорлоо жана куруу боюнча эрежелердин жыйындысы, гигиеналык ченемдер жана эмгек коопсуздугунун мамлекеттик стандарттары) иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби, ошондой эле аларды кайра кароонун мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.