Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 199 ТК
ТК КР · гл. 18Статус: действует

Статья 199. Органы по регулированию социально-трудовых отношений

1.

Для обеспечения регулирования социально-трудовых отношений, ведения коллективных переговоров и подготовки проектов коллективного договора, соглашений, их заключения, а также для организации контроля за выполнением коллективного договора и соглашений на всех уровнях на равноправной основе по решению сторон образуются комиссии из наделенных необходимыми полномочиями представителей сторон.

2.

На республиканском уровне образуется постоянно действующая Республиканская трехсторонняя комиссия по регулированию социально-трудовых отношений, которая формируется из представителей Кабинета Министров Кыргызской Республики, республиканского объединения работодателей и профсоюзов.

3.

На территориальном уровне могут образовываться трехсторонние комиссии по регулированию социально-трудовых отношений, деятельность которых осуществляется в соответствии с законодательством, а также положениями об этих комиссиях, утверждаемыми государственными органами или представительными органами местного самоуправления.

4.

На отраслевом уровне могут быть созданы комиссии для ведения коллективных переговоров, подготовки отраслевых соглашений и их заключения. Отраслевые комиссии могут быть созданы на республиканском и на территориальном уровнях.

5.

Соглашения, предусматривающие полное или частичное финансирование из бюджетов всех уровней, заключаются при обязательном участии представителей соответствующих государственных органов и органов местного самоуправления, являющихся стороной соглашения.

6.

На уровне организации образовывается комиссия для ведения коллективных переговоров, подготовки коллективного договора и его заключения.

Кыргызча
Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча органдар 1. Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салууну, жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана жамааттык келишимдин, макулдашуулардын долбоорлорун даярдоону, аларды түзүүнү камсыз кылуу, ошондой эле тараптардын чечими боюнча тең укуктуу негизде бардык деңгээлдеги жамааттык келишимдин жана макулдашуунун аткарылышын контролдоону уюштуруу үчүн тараптардын зарыл болгон ыйгарым укуктар берилген өкүлдөрүнөн комиссиялар түзүлөт. 2. Республикалык деңгээлде социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча туруктуу иштөөчү Республикалык үч тараптуу комиссия түзүлөт, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, иш берүүчүлөр менен кесиптик бирликтердин республикалык бирикмесинин өкүлдөрүнөн түзүлөт. 3. Аймактык деңгээлде социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча үч тараптуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн, алардын иши мыйзамдарга, мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан бекитилүүчү бул комиссиялар жөнүндө жоболорго ылайык жүзөгө ашырылат. 4. Тармактык деңгээлде жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, тармактык макулдашууларды даярдоо жана аларды түзүү үчүн комиссиялар түзүлүшү мүмкүн. Тармактык комиссиялар республикалык жана аймактык деңгээлде түзүлүшү мүмкүн. 5. Бардык деңгээлдеги бюджеттерден толук же жарым-жартылай каржылоону караштырган макулдашуулар, макулдашуунун тараптары болуп саналган тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен түзүлөт. 6. Уюмдун деңгээлинде жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жамааттык келишимди даярдоо жана аны түзүү үчүн комиссия түзүлөт.

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.