Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 196 ТК
ТК КР · гл. 17Статус: действует

Статья 196. Стороны, принципы и формы социального партнерства

1.

Стороны социального партнерства - работники (их представители), работодатели (их представители), государственные органы Кыргызской Республики.

2.

Органы государственной власти и местного самоуправления являются сторонами социального партнерства в тех случаях, когда они выступают в качестве работодателей или их представителей в соответствии с законодательством или полномочиями работодателей.

3.

Представителями работодателя при проведении коллективных переговоров, заключении или изменении коллективного договора являются руководитель организации или уполномоченные им лица в соответствии с настоящим Кодексом, законами, иными нормативными правовыми актами, учредительными документами организации и нормативными актами.

4.

Представителями работников в социальном партнерстве являются: профессиональные союзы и их объединения, иные представители, избираемые работниками в случаях, предусмотренных настоящим Кодексом.

5.

Интересы работников организации при проведении коллективных переговоров, заключении и изменении коллективного договора, осуществлении контроля за его выполнением, рассмотрении трудовых споров работников с работодателем представляют соответствующие профсоюзы.

6.

Правовой статус, функции, полномочия и гарантии деятельности представителей работодателей и работников регламентируются соответствующими нормативными правовыми актами.

7.

Основными принципами социального партнерства являются:

1) равноправие сторон;

2) уважение и учет интересов сторон;

3) заинтересованность сторон в участии в договорных отношениях;

4) содействие государства в укреплении и развитии социального партнерства на демократической основе;

5) соблюдение сторонами и их представителями законов и иных нормативных правовых актов;

6) полномочность представителей сторон;

7) свобода выбора при обсуждении вопросов, входящих в сферу труда;

8) добровольность принятия на себя сторонами обязательств;

9) реальность обязательств, принятых сторонами;

10) обязательность выполнения коллективных договоров, соглашений;

11) контроль за выполнением коллективных договоров, соглашений;

12) ответственность сторон, их представителей за невыполнение по их вине коллективных договоров, соглашений.

8.

Социальное партнерство осуществляется в формах:

1) коллективных переговоров по подготовке коллективных договоров, соглашений и их заключению;

2) взаимных консультаций (переговоров) по вопросам регулирования трудовых отношений и иных непосредственно связанных с ними отношений, обеспечения гарантий трудовых прав работников и совершенствования трудового законодательства;

3) участия представителей работников и работодателей в досудебном разрешении трудовых споров.

Кыргызча
Социалдык өнөктөштүктүн тараптары, принциптери жана формалары 1. Социалдык өнөктөштүктүн тараптары - кызматкерлер (алардын өкүлдөрү), иш берүүчүлөр (алардын өкүлдөрү), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары. 2. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарга же иш берүүчүлөрдүн ыйгарым укуктарына ылайык алар иш берүүчүлөр же алардын өкүлдөрү катары иш алып барган учурларда социалдык өнөктөштүктүн тараптары болуп саналат. 3. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, жамааттык келишимди түзүүдө же өзгөртүүдө иш берүүчүнүн өкүлдөрү болуп ушул Кодекске, мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга, уюмдун уюмдаштыруу документтерине жана ченемдик актыларга ылайык уюмдун жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адамдар саналат. 4. Социалдык өнөктөштүктө кызматкерлердин өкүлдөрү болуп кесиптик бирликтер жана алардын бирикмелери, ушул Кодексте каралган учурларда кызматкерлер тарабынан шайлануучу башка өкүлдөр саналат. 5. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, жамааттык келишимди түзүүдө жана өзгөртүүдө, анын аткарылышына контролду жүзөгө ашырууда, кызматкерлердин иш берүүчү менен эмгек талаш-тартыштарын кароодо уюмдун кызматкерлеринин кызыкчылыктарын тиешелүү кесиптик бирликтер коргойт. 6. Иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнүн жана кызматкерлердин укуктук статусу, функциялары, ыйгарым укуктары жана ишинин кепилдиктери тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат. 7. Социалдык өнөктөштүктүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат: 1) тараптардын тең укуктуулугу; 2) тараптардын кызыкчылыктарын урматтоо жана эсепке алуу; 3) тараптардын келишимдик мамилелерге катышууга кызыкдарлыгы; 4) демократиялык негизде социалдык өнөктөштүктү чыңдоого жана өнүктүрүүгө мамлекеттин көмөктөшүүсү; 5) тараптардын жана алардын өкүлдөрүнүн мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды сактоосу; 6) тараптардын өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктуулугу; 7) эмгек чөйрөсүнө кирген маселелерди талкуулоодо тандоо эркиндиги; 8) тараптар милдеттенмелерди өзүнө алуусунун ыктыярдуулугу; 9) тараптар алган милдеттенмелердин реалдуулугу; 10) жамааттык келишимдерди, макулдашууларды аткаруунун милдеттүүлүгү; 11) жамааттык келишимдердин, макулдашуулардын аткарылышын контролдоо; 12) тараптардын, алардын өкүлдөрүнүн күнөөсү боюнча жамааттык келишимдерди, макулдашууларды аткарбагандыгы үчүн алардын жоопкерчилиги. 8. Социалдык өнөктөштүк төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат: 1) жамааттык келишимдерди, макулдашууларды даярдоо жана аларды түзүү боюнча жамааттык сүйлөшүүлөр; 2) эмгектик мамилелерди жана ага түздөн-түз байланышкан башка мамилелерди жөнгө салуу, кызматкерлердин эмгектик укук кепилдиктерин камсыз кылуу жана эмгек мыйзамдарын өркүндөтүү маселелери боюнча өз ара консультациялар (сүйлөшүүлөр); 3) кызматкерлердин өкүлдөрүнүн жана иш берүүчүлөрдүн эмгектик талаш-тартыштарды сотко чейин чечүүгө катышуусу.

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.