Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 191 ТК
ТК КР · гл. 16Статус: действует

Статья 191. Особенности регулирования труда работников дипломатической службы Кыргызской Республики

1.

Трудовые отношения работников дипломатической службы Кыргызской Республики регулируются в соответствии с настоящим Кодексом, а также иными нормативными правовыми актами Кыргызской Республики с учетом особенностей, установленных Законом Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики".

2.

Граждане Кыргызской Республики, не имеющие гражданства иностранного государства и не подлежащие назначению на должность Президентом Кыргызской Республики или Председателем Кабинета Министров Кыргызской Республики, назначаются на дипломатические, консульские и административные государственные должности в органах дипломатической службы Кыргызской Республики руководителем уполномоченного государственного органа в сфере иностранных дел.

3.

При командировании работника дипломатической службы Кыргызской Республики в длительную заграничную командировку он освобождается от занимаемой должности в уполномоченном государственном органе в сфере иностранных дел, органе при нем или его представительстве в административно-территориальных единицах Кыргызской Республики и назначается на должность в органе дипломатической службы, находящемся за границей.

4.

По окончании срока длительной заграничной командировки работник дипломатической службы Кыргызской Республики назначается на должность не ниже той, которую он занимал в уполномоченном государственном органе в сфере иностранных дел, органе при нем или его представительстве в территориальных единицах Кыргызской Республики до выезда.

5.

В случае отсутствия соответствующей вакансии работник дипломатической службы Кыргызской Республики может быть назначен на должность ниже должности, занимаемой до выезда, но не ниже чем на одну ступень и только с согласия самого работника.

6.

Положения настоящей статьи не распространяются на работников дипломатической службы Кыргызской Республики, назначаемых Президентом Кыргызской Республики или Председателем Кабинета Министров Кыргызской Республики.

7.

Условия труда работников дипломатической службы Кыргызской Республики, направляемых в длительную заграничную командировку, не могут быть хуже, чем это установлено настоящим Кодексом.

8.

Помимо оснований, предусмотренных настоящим Кодексом и другими законодательными актами, работник дипломатической службы Кыргызской Республики, направленный в длительную заграничную командировку, может быть отозван из длительной заграничной командировки в случаях:

1) возникновения чрезвычайной ситуации в стране пребывания;

2) объявления работника персоной "нон грата" либо получения уведомления от местных компетентных органов о его неприемлемости в стране пребывания;

3) несоблюдения работником обычаев и законов страны пребывания, а также общепринятых норм поведения и морали;

4) несоблюдения членами семьи работника законов страны пребывания, общепринятых норм поведения и морали, а также правил проживания, действующих на территории соответствующего органа дипломатической службы Кыргызской Республики за границей;

5) однократного грубого нарушения трудовых обязанностей, а также режимных требований, с которыми работник был ознакомлен;

6) временной нетрудоспособности продолжительностью свыше 2 месяцев или при наличии заболевания, препятствующего работе за границей, в соответствии со списком заболеваний, утвержденным в порядке, установленном Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

9.

При отзыве работников дипломатической службы Кыргызской Республики из длительной заграничной командировки по одному из оснований, предусмотренных частью 8 настоящей статьи, увольнение работников, не занимавших должность в уполномоченном государственном органе в сфере иностранных дел, органе при нем или его представительстве в территориальных единицах Кыргызской Республики до выезда в длительную заграничную командировку, осуществляется по пункту 2 части 1 статьи 40 настоящего Кодекса.

Кыргызча
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү 1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгек мамилелери "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул Кодекске, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жөнгө салынат. 2. Чет мамлекеттин жарандыгына ээ болбогон жана кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалууга тийиш болбогон Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын органдарындагы дипломатиялык, консулдук жана административдик мамлекеттик кызмат орундарына тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан дайындалат. 3. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерин чет өлкөгө узак мөөнөттүү иш сапарына жиберүүдө ал тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, ага караштуу органдагы же Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктериндеги анын өкүлчүлүгүндөгү кызмат ордунан бошотулат жана чет өлкөдө жайгашкан дипломатиялык кызмат органындагы кызмат ордуна дайындалат. 4. Чет өлкөгө узак мөөнөттүү иш сапарынын мөөнөтү аяктаганда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкери кеткенге чейин тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, ага караштуу органда же Кыргыз Республикасынын аймактык бирдиктериндеги анын өкүлчүлүгүндө ээлеген кызмат ордунан төмөн эмес кызмат ордуна дайындалат. 5. Тийиштүү бош кызмат орду жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкери кеткенге чейинки ээлеген кызмат ордунан төмөн кызмат ордуна, бирок бир тепкичтен төмөн эмес кызмат ордуна жана кызматкердин өзүнүн макулдугу менен гана дайындалышы мүмкүн. 6. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине жайылтылбайт. 7. Чет өлкөгө узак мөөнөттүү иш сапарына жиберилүүчү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгек шарттары ушул Кодексте белгиленгенден начар болушу мүмкүн эмес. 8. Ушул Кодексте жана башка мыйзам актыларында каралган негиздерден тышкары, чет өлкөгө узак мөөнөттүү иш сапарына жиберилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкери төмөнкү учурларда чет өлкөгө узак мөөнөттүү иш сапарынан чакыртылышы мүмкүн: 1) жүргөн өлкөдө өзгөчө кырдаал келип чыкканда; 2) кызматкер "нон грата" персонасы деп жарыялаганда же болбосо жергиликтүү компетенттүү органдардан жүргөн өлкөдө анын ылайыксыздыгы тууралуу кабарлама алынганда; 3) кызматкер жүргөн өлкөнүн каада-салттарын жана мыйзамдарын, ошондой эле жүрүм-турумдун жана моралдын жалпы кабыл алынган ченемдерин сактабаганда; 4) кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрү жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын, жүрүм-турумдун жана моралдын жалпы кабыл алынган ченемдерин, ошондой эле чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү тиешелүү дипломатиялык кызмат органынын аймагында колдонулган жашоо эрежелерин сактабаганда; 5) эмгек милдеттерин, ошондой эле кызматкер тааныштырылган режимдик талаптарды бир жолу одоно бузганда; 6) 2 айдан узак созулган убактылуу эмгекке жарамсыз учурда же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бекитилген оорулардын тизмесине ылайык чет өлкөдө иштөөгө тоскоолдук кылган оорусу болгондо. 9. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин ушул берененин 8-бөлүгүндө каралган негиздердин бири боюнча чет өлкөгө узак мөөнөттүү иш сапарынан чакыртып алууда, чет өлкөгө узак мөөнөттүү иш сапарына кеткенге чейин тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, ага караштуу органда же Кыргыз Республикасынын аймактык бирдиктериндеги анын өкүлчүлүктөрүндө кызмат ордун ээлебеген кызматкерлерди иштен бошотуу ушул Кодекстин 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча жүргүзүлөт.

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.