Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 175 ТК
ТК КР · гл. 13Статус: действует

Статья 175. Гарантии и компенсации лицам, работающим вахтовым методом

1.

Работникам, выполняющим работы вахтовым методом, за каждый календарный день пребывания в местах выполнения работ в период вахты, а также за фактические дни нахождения в пути от места расположения работодателя (пункта сбора) до места работы и обратно, взамен суточных выплачивается надбавка за вахтовый метод работы в размерах, установленных в порядке, определяемом Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

2.

Работникам, выезжающим для выполнения работ вахтовым методом в высокогорные районы и отдаленные и труднодоступные зоны из других районов республики за счет собственных средств работодателя, предоставляются следующие гарантии и компенсации:

1) устанавливается районный коэффициент к заработной плате и выплачиваются процентные надбавки к должностному окладу за стаж работы в высокогорных районах и отдаленных и труднодоступных зонах в порядке и размерах, предусмотренных для лиц, постоянно работающих в высокогорных районах и отдаленных и труднодоступных зонах;

2) ежегодный дополнительный оплачиваемый отпуск:

а) при работе на высоте над уровнем моря: от 2000 до 3000 метров - 12 календарных дней, от 3001 до 4000 метров - 24 календарных дня, от 4001 метра и выше - 36 календарных дней;

б) при работе в отдаленных и труднодоступных зонах - 12 календарных дней.

3.

В стаж работы, дающий право на получение льгот и компенсаций, включаются календарные дни работы в высокогорных районах и отдаленных и труднодоступных зонах и фактические дни нахождения в пути, предусмотренные графиком сменности.

4.

Работникам, выезжающим для выполнения работ вахтовым методом в районы, на территориях которых применяются районные коэффициенты к заработной плате, такие коэффициенты начисляются в соответствии с законами и иными нормативными правовыми актами Кыргызской Республики и выплачиваются за счет средств работодателей всех форм собственности.

5.

За дни нахождения в пути от места расположения работодателя (пункта сбора) до места выполнения работы и обратно, предусмотренные графиком работы на вахте, а также за дни задержки работников в пути по метеорологическим условиям и вине транспортных организаций работнику выплачивается дневная тарифная ставка (оклад).

Кыргызча
Вахталык метод менен иштеген адамдарга кепилдиктер жана компенсациялар 1. Вахталык метод менен иштерди аткарган кызматкерлерге вахта мезгилинде өндүрүштүк иш орундарында болгон ар бир календардык күн үчүн, ошондой эле иш берүүчүнүн (чогулуу пунктунун) жайгашкан жерине жетүүдө жана кайра кайтууда жолдо болгон иш жүзүндөгү күндөр үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте белгиленген өлчөмдөгү иштин вахталык методу үчүн суткалык чыгымдардын ордуна үстөк төлөнөт. 2. Бийик тоолуу райондорго жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарга вахталык метод менен ишти аткаруу үчүн республиканын башка райондорунан барган кызматкерлерге иш берүүчүнүн жеке каражаттарынын эсебинен төмөнкүдөй кепилдиктер жана компенсациялар берилет: 1) бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда туруктуу иштеген адамдар үчүн каралган тартипте жана өлчөмдө бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда иштеген стажы үчүн айлык акысына райондук коэффициент белгиленет жана кызматтык маянасына пайыздык үстөктөр төлөнөт; 2) ар жылдык акы төлөнүүчү кошумча өргүү: а) деңиз деңгээлинен 2000 метрден 3000 метрге чейинки бийиктикте иштегенде - 12 календардык күн, 3001 метрден 4000 метрге чейин - 24 календардык күн, 4001 метр жана андан жогору - 36 календардык күн; б) алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда иштегенде - 12 календардык күн. 3. Жеңилдиктерди жана компенсацияларды алууга укук берүүчү иш стажына бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналардагы календардык иш күндөрү жана кезметтин графигинде каралган жол жүрүүгө кеткен иш жүзүндөгү күндөр кошулат. 4. Аймагында эмгек акысына райондук коэффициенттер колдонулган райондордо вахталык метод менен иштерди аткаруу үчүн келген кызматкерлерге мындай коэффициенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык кошуп эсептелет жана менчиктин бардык түрүндөгү иш берүүчүлөрдүн жеке каражаттарынын эсебинен төлөнөт. 5. Вахтадагы иш графигинде каралган, иш берүүчүнүн (чогулуу пунктунун) жайгашкан жеринен ишти аткаруу жерине келүүгө жана кайра кайтууга кеткен күндөр үчүн, ошондой эле метеорологиялык шарттар жана транспорттук уюмдардын күнөөсү боюнча кызматкерлердин жолдо кармалган күндөрү үчүн кызматкерге күндүк тарифтик ставка (эмгек маяна) төлөнөт. 14-глава. Иш берүүчүдө - жеке жактарда жана үйдө иштеген кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.