Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 73 НК
НК КР · гл. 6Статус: действует

Статья 73. Исполнение налогового обязательства и погашение налоговой задолженности при реорганизации организации

1.

При реорганизации налогоплательщик обязан письменно уведомить об этом налоговый орган.

2.

Налоговое обязательство реорганизованной организации исполняется правопреемником, независимо от того, были известны или нет правопреемнику факты и/или обстоятельства неисполнения или ненадлежащего исполнения налогового обязательства реорганизованной организацией.

3.

При слиянии нескольких организаций их правопреемником в части исполнения налогового обязательства признается организация, возникшая в результате такого слияния.

4.

При присоединении одной организации к другой организации правопреемником присоединенной организации в части исполнения налогового обязательства признается организация, присоединившая ее.

5.

При разделении организации - возникшие в результате такого разделения новые организации признаются правопреемниками реорганизованной организации в части исполнения налогового обязательства согласно разделительному балансу.

6.

При выделении из состава организации одной или нескольких организаций - по отношению к реорганизованной организации в части исполнения ее налогового обязательства правопреемства не возникает, если иное не установлено передаточным актом.

7.

При преобразовании организации правопреемником признается вновь возникшая организация.

8.

Установление доли участия правопреемников в исполнении налогового обязательства реорганизованной организации осуществляется в соответствии с гражданским законодательством Кыргызской Республики.

9.

Если в результате реорганизации невозможно определить долю участия правопреемника либо исключается возможность исполнения налогового обязательства в полном объеме, то правопреемники несут солидарную ответственность по исполнению налогового обязательства реорганизованной организации.

10.

Реорганизация организации не является основанием для изменения правопреемниками сроков исполнения налогового обязательства.

11.

Сумма налогов, излишне уплаченная организацией до ее реорганизации, подлежит зачету налоговым органом в счет погашения налоговой задолженности реорганизуемой организации.

12.

При отсутствии у реорганизуемой организации налоговой задолженности излишне уплаченная сумма налогов подлежит возврату ее правопреемникам или зачитывается им в счет исполнения налогового обязательства в порядке, установленном настоящим Кодексом.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года № 78, 6 августа 2026 года № 145, 6 августа 2026 года № 145 )

Кыргызча
Уюмду кайра уюштурууда салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу 1. Кайра уюштурууда салык төлөөчү бул жөнүндө салык органына жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. 2. Кайра уюштурулган уюм салык милдеттенмесин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган фактылар жана/же жагдайлар укук улантуучуга белгилүү болгондугуна же болбогондугуна карабастан кайра уюштурулган уюмдун салык милдеттенмеси укук улантуучу тарабынан аткарылат. 3. Бир нече уюм кошулганда салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө алардын укук улантуучу деп мындай кошулуунун натыйжасында пайда болгон уюм таанылат. 4. Бир уюм экинчи уюмга кошулганда салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө бириккен уюмдун укук улантуучусу деп кошуп алган уюм таанылат. 5. Уюм бөлүнгөн учурда мындай бөлүнүүнүн натыйжасында пайда болгон жаңы уюмдар бөлүштүрүү балансына ылайык, салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө өзгөртүп түзүлгөн уюмдун укук улантуучусу болуп таанылат. 6. Уюмдун курамынан бир же бир нече уюм бөлүнгөндө анын салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө өзгөртүп түзүлгөн уюмга карата, эгерде өткөрүү актысында башкача белгиленбесе, укук улантуу пайда болбойт. 7. Уюмду өзгөртүп түзүүдө жаңыдан пайда болгон уюм укук улантуучу болуп таанылат. 8. Өзгөртүп түзүлгөн уюмдун салык милдеттенмесин аткарууда укук улантуучулардын катышуу үлүштөрүн белгилөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. 9. Эгерде өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында укук улантуучунун катышуу үлүшүн аныктоого мүмкүн болбосо же анын салык милдеттенмесин толук көлөмдө аткарууга мүмкүн болбосо, анда укук улантуучулар өзгөртүп түзүлгөн уюмдун салык милдеттенмесин аткаруу боюнча бирдей жоопкерчилик тартат. 10. Уюмду өзгөртүп түзүү укук улантуучулар тарабынан салык милдеттенмесин аткаруу мөөнөттөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт. 11. Уюм тарабынан ал өзгөртүп түзүлгөнгө чейин ашыкча төлөнгөн салыктардын суммасын салык органы өзгөртүп түзүлүп жаткан уюмдун салык карызын жоюу эсебине кириштөөгө тийиш. 12. Өзгөртүп түзүлүп жаткан уюмдун салык карызы болбосо, салыктардын ашыкча төлөнгөн суммасы ушул Кодексте белгиленген тартипте анын укук улантуучуларына кайтарылып берилүүгө же алар үчүн салык милдеттенмесин аткаруу эсебине кириштелүүгө тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.