Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 56 НК
НК КР · гл. 4Статус: действует

Статья 56. Должностное лицо органа налоговой службы. Порядок прохождения службы и присвоения специальных званий

1.

Должностным лицом органа налоговой службы является руководитель, сотрудник органов налоговой службы, обладающий полномочиями, установленными настоящим Кодексом, а также сотрудник, исполняющий административные функции органов налоговой службы.

2.

Должностным лицом органа налоговой службы не может быть лицо, имеющее судимость, не снятую или не погашенную в установленном законодательством порядке, или лицо, имеющее судимость за совершение коррупционного и/или иного преступления против интересов государственной и муниципальной службы, независимо от того, погашена или снята судимость.

Должностным лицам органов налоговой службы, осуществляющим досудебное производство, предъявляются требования, установленные законодательством Кыргызской Республики о прохождении службы в правоохранительных органах.

Прохождение службы государственными гражданскими служащими в органах налоговой службы регулируется законодательством Кыргызской Республики о государственной гражданской службе и муниципальной службе в части, не противоречащей настоящему Кодексу.

2-1.

(Утратила силу в соответствии с Законом КР от 23 июля 2024 года N 136)

3.

Если иное не предусмотрено настоящей статьей, при прохождении службы должностному лицу органов налоговой службы присваиваются специальные звания в соответствии с занимаемой должностью в пределах группы и категории должностей с соблюдением последовательности присвоения, а также с учетом выслуги лет на государственной службе в предыдущем специальном звании и занимаемой государственной должности.

4.

Первым специальным званием является звание "младший инспектор налоговой службы", которое присваивается должностным лицам, имеющим стаж работы в системе органов налоговой службы не менее одного года.

(Абзац утратил силу в соответствии с Законом КР от 29 октября 2025 года N 243)

4-1.

Должностным лицам налоговых органов присваиваются предельные специальные звания в следующем порядке:

1) младшим должностям - специальные звания инспектора налоговой службы 3 и 2 ранга по нарастающей;

2) старшим должностям:

а) руководителям структурных подразделений - специальное звание советника налоговой службы 3 ранга;

б) другим должностям - специальное звание инспектора налоговой службы 1 ранга;

3) главным должностям:

а) руководителю налогового органа - специальные звания советника налоговой службы 1 ранга;

б) заместителю руководителя налогового органа - специальные звания советника налоговой службы 2 ранга.

4-2.

Должностным лицам уполномоченного налогового органа присваиваются предельные специальные звания в следующем порядке:

1) младшим должностям - специальные звания инспектора налоговой службы 2 и 1 ранга по нарастающей;

2) старшим должностям - специальное звание советника налоговой службы 3 ранга;

3) главным должностям - специальные звания советника налоговой службы 2 и 1 ранга по нарастающей;

4) заместителям руководителя уполномоченного налогового органа - специальные звания государственного советника налоговой службы 3 ранга;

5) руководителю уполномоченного налогового органа - специальное звание государственного советника налоговой службы 2 ранга.

5.

Присвоение, лишение, понижение в специальных званиях государственного советника налоговой службы 1, 2 и 3 ранга осуществляются Президентом Кыргызской Республики (далее - Президент) по представлению Председателя Кабинета Министров, в части остальных специальных званий - руководителем уполномоченного налогового органа по представлению непосредственного руководителя должностного лица.

6.

Сроки пребывания в каждом специальном звании для присвоения очередного специального звания должны составлять с момента подписания соответствующего приказа:

1) младший инспектор налоговой службы - 1 год;

2) инспектор налоговой службы 3, 2 и 1 ранга - 2, 3 и 4 года соответственно;

3) советник налоговой службы 3 и 2 ранга - 5 и 6 лет соответственно.

Специальные звания советника налоговой службы 2 и 1 ранга могут быть присвоены по решению руководителя уполномоченного налогового органа согласно занимаемой должности без учета продолжительности пребывания в предыдущем специальном звании, а также без соблюдения последовательности при наличии специального звания не ниже инспектора налоговой службы 1 ранга.

Срок пребывания в специальных званиях советника налоговой службы 1 ранга, государственного советника налоговой службы 1, 2 и 3 ранга не устанавливается.

7.

Должностным лицам органов налоговой службы, принятым на определенный срок, а также имеющим дисциплинарные взыскания или в отношении которых проводится служебное расследование или возбуждено уголовное дело, специальные звания не присваиваются.

Должностное лицо органа налоговой службы может быть лишено специального звания в следующих случаях:

- в силу состоявшегося в отношении него обвинительного приговора суда, вступившего в законную силу;

- увольнения в связи с дискредитацией звания государственного служащего;

- утраты гражданства Кыргызской Республики.

Должностное лицо органа налоговой службы за грубое нарушение служебного долга, совершение порочащего поступка, неисполнение или ненадлежащее исполнение возложенных на него обязанностей может быть понижено в специальном звании, но не более чем на одно специальное звание ниже того, которое оно имеет, а также может быть лишено специального звания.

8.

Руководитель органа налоговой службы по истечении срока выслуги в специальном звании обязан принять меры для своевременного присвоения должностным лицам очередного специального звания, нарушение которого влечет персональную дисциплинарную ответственность.

9.

Должностному лицу органа налоговой службы в исключительных случаях, в порядке поощрения, с учетом его профессиональных качеств, стажа работы в органах государственной власти, за особые достижения при выполнении служебных обязанностей может быть один раз присвоено очередное специальное звание:

1) досрочно, за год до истечения срока службы в предыдущем звании, но не выше специального звания, соответствующего занимаемой должности;

2) по истечении срока выслуги в специальном звании, на одну ступень выше специального звания, соответствующего занимаемой должности.

10.

Должностному лицу органа налоговой службы, имеющему ученую степень или ученое звание, очередное специальное звание присваивается на одну ступень выше специального звания, соответствующего занимаемой должности.

11.

Лицам, имеющим воинские или специальные звания, специальные классные чины, дипломатические ранги, классные чины, при назначении в органы налоговой службы присваивается специальное звание, соответствующее этому воинскому или специальному званию, специальному классному чину, дипломатическому рангу, классному чину. При переходе должностного лица органа налоговой службы в другой государственный орган или на другую государственную должность за ним сохраняется присвоенное в соответствии с настоящим Кодексом специальное звание, согласно соотношению, установленному законодательством Кыргызской Республики.

12.

Сведения о присвоении, понижении и лишении специального звания заносятся в личное дело должностного лица органа налоговой службы и указываются в служебном удостоверении.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года № 78, 23 июля 2024 года № 136, 12 февраля 2025 года № 37 , 29 октября 2025 года № 243 )

Кыргызча
Салык кызматынын органынын кызмат адамы. Кызмат өтөө жана атайын наамдарды ыйгаруу тартиби 1. Салык кызматынын органынын кызмат адамы болуп ушул Кодексте белгиленген ыйгарым укуктарга ээ салык кызматынын органынын жетекчиси, кызматкери, ошондой эле салык кызматынын органдарынын административдик иш-милдеттерин аткарган кызматкери саналат. 2. Мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар адам же соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана/же башка кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар адам салык кызмат органынын кызмат адамы боло албайт. Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу салык кызматы органдарынын кызмат адамдарына укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар коюлат. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын салык кызматынын органдарында кызмат өтөөсү, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ушул Кодекске карама-каршы келбеген бөлүгүндө жөнгө салынат. 2-1. (КР 2024-жылдын 23-июлундагы N 136 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 3. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салык кызматынын органынын кызмат адамына кызмат өтөө учурунда кызмат орундарынын топторунун жана категорияларынын чегинде ээлеген кызмат ордуна ылайык, ыйгаруу ырааттуулугун сактоо менен, ошондой эле мурдагы атайын наамдагы жана ээлеген мамлекеттик кызмат ордундагы мамлекеттик кызматта иштеген жылдарын эске алуу менен атайын наамдар ыйгарылат. 4. Биринчи атайын наам болуп "салык кызматынын кенже инспектору" деген наам саналат, ал салык кызматынын органдарынын тутумунда бир жылдан кем эмес иш стажы бар кызмат адамдарына ыйгарылат. (Абзац КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 4-1. Салык органдарынын кызмат адамдарына чектүү атайын наамдар төмөнкүдөй тартипте ыйгарылат: 1) кенже кызмат орундарына - жогорулашы боюнча салык кызматынын 3 жана 2-рангдагы инспектору атайын наамдары; 2) улук кызмат орундарына: а) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине - салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчиси атайын наамы; б) башка кызмат орундарына- салык кызматынын 1-рангдагы инспектору атайын наамы; 3) башкы кызмат орундарына: а) салык органынын жетекчисине - салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамдары; б) салык органынын жетекчисинин орун басарына - салык кызматынын 2-рангдагы кеңешчиси атайын наамдары. 4-2. Ыйгарым укуктуу салык органынын кызмат адамдарына чектүү атайын наамдар төмөнкүдөй тартипте ыйгарылат: 1) кенже кызмат орундарына - жогорулашы боюнча салык кызматынын 2 жана 1-рангдагы инспектору атайын наамдары; 2) улук кызмат орундарына - салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчиси атайын наамы; 3) башкы кызмат орундарына - жогорулашы боюнча салык кызматынын 2 жана 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамдары; 4) ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчисинин орун басарларына - салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамдары; 5) ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчисине - салык кызматынын 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамы. 5. Салык кызматынын 1, 2 жана 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамдарын ыйгаруу, ажыратуу, төмөндөтүү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча - Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент), калган атайын наамдар боюнча кызмат адамынын түздөн-түз жетекчисинин сунушу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат. 6. Кезектеги атайын наамды ыйгаруу үчүн ар бир атайын наамда болуу мөөнөтү тиешелүү буйрукка кол коюлган учурдан тартып төмөнкүлөрдү түзүүгө тийиш: 1) салык кызматынын кенже инспектору - 1 жыл; 2) салык кызматынын 3, 2 жана 1-рангдагы инспектору - тиешелүү түрдө 2, 3 жана 4 жыл; 3) салык кызматынын 3 жана 2-рангдагы кеңешчиси - тиешелүү түрдө 5 жана 6 жыл. Салык кызматынын 2 жана 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамдары ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчисинин чечими боюнча мурдагы атайын наамында жүргөн узактыгын эске албастан, ошондой эле салык кызматынын 1-рангындагы инспекторунан төмөн эмес атайын наамы болгон учурда ырааттуулукту сактабастан ыйгарылышы мүмкүн. Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси, салык кызматынын 1, 2 жана 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамдарында болуу мөөнөтү белгиленбейт. 7. Белгилүү бир мөөнөткө кабыл алынган, ошондой эле тартиптик жазасы бар же аларга карата кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан же кылмыш иши козголгон салык органдарынын кызмат адамдарына атайын наамдар ыйгарылбайт. Салык кызматынын органынын кызмат адамы төмөнкүдөй учурларда атайын наамынан ажыратылышы мүмкүн: - ага карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоочу өкүмү болгондо; - мамлекеттик кызматчы наамына шек келтиргендигине байланыштуу кызматтан бошотулганда; - Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраганда. Салык кызматынын органынын кызмат адамы кызматтык милдеттерин одоно бузгандыгы, кадыр-баркына шек келтирген жосун жасагандыгы, ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн атайын наамынан, бирок андан төмөн бир атайын наамдан ашпаган наамга төмөндөтүлүшү мүмкүн, ошондой эле атайын наамдан ажыратылышы мүмкүн. 8. Салык кызматынын органынын жетекчиси атайын наамдагы кызмат өтөө мөөнөтү аяктагандан кийин кызмат адамдарына кезектеги атайын наамды ɵз учурунда берүү үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү, анын бузулушу жеке тартип жоопкерчилигине алып келет. 9. Салык кызматынын органынын кызмат адамына өзгөчө учурларда анын кесипкөй сапаттарын, мамлекеттик бийлик органдарындагы иш стажын эске алуу менен кызматтык милдеттерин аткаруудагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн дем берүү катары кезектеги атайын наам бир жолу ыйгарылышы мүмкүн: 1) мөөнөтүнөн мурда, мурдагы наамдагы кызматынын мөөнөтү аяктаганга чейин бир жыл мурда, бирок ээлеген кызматына ылайык келген атайын наамдан жогору эмес; 2) атайын наамдагы кызматынын мөөнөтү аяктагандан кийин ээлеген кызматына ылайык келген атайын наамдан бир тепкичке жогору. 10. Салык кызматынын органынын илимий даражасы же илимий наамы бар кызмат адамына кезектеги атайын наам ээлеген кызматына ылайык келген атайын наамдан бир тепкич жогору берилет. 11. Аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чендери, дипломатиялык рангдары, класстык чендери бар адамдарга салык кызматынын органдарына дайындалган учурда ушул аскердик же атайын наамга, атайын класстык ченге, дипломатиялык рангга, класстык ченге шайкеш келүүчү атайын наам ыйгарылат. Ыйгарылган атайын наам салык кызматынын органынын кызмат адамы башка мамлекеттик органга же башка мамлекеттик кызматка которулганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген катыш боюнча ушул Кодекске ылайык сакталып калат. 12. Атайын наамдын ыйгарылышы, төмөндөтүлүшү жана ажыратылышы жөнүндө маалыматтар салык кызматынын органынын кызмат адамынын өздүк ишине киргизилет жана кызматтык ырастамада көрсөтүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.