Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 459 НК
НК КР · гл. 63Статус: действует

Статья 459. Налогоплательщик

1.

Налогоплательщиком налога на деятельность в зоне торговли с особым режимом является субъект, осуществляющий деятельность, указанную в статье 457 настоящего Кодекса, на территории зоны торговли с особым режимом.

2.

Налогоплательщик обязан подать заявление на уплату налога на деятельность в зоне торговли с особым режимом в налоговый орган по месту расположения зоны торговли с особым режимом до начала такой деятельности

2-1.

(Утратила силу в соответствии с Законом КР от 31 июля 2025 года № 185)

3.

В случае превышения заявленного объема выручки, планируемого к получению за текущий календарный год, налогоплательщик обязан подать заявление с указанием объема выручки на оставшиеся месяцы календарного года.

Если налогоплательщик, который был обязан подать в налоговый орган по месту текущего налогового учета заявление о превышении заявленного объема выручки, планируемого к получению за текущий календарный год, но не подал заявление или подал его несвоевременно, то он признается налогоплательщиком суммы налога, исчисленной по формуле, указанной в части 2 статьи 462 настоящего Кодекса, с применением коэффициента 3 с 1 числа месяца, следующего за месяцем, в котором он был обязан подать заявление.

4.

Индивидуальный предприниматель взамен исчисления и уплаты подоходного налога с заработной платы наемных работников вправе приобрести патент на каждого наемного работника в размере, определяемом Кабинетом Министров.

5.

(Утратила силу в соответствии с Законом КР от 23 июля 2024 года № 136)

(В редакции Законов КР от 3 апреля 2023 года № 78, 2 февраля 2024 года № 31, 23 июля 2024 года № 136, 12 февраля 2025 года № 37, 31 июля 2025 года № 185, 29 октября 2025 года № 243 )

Кыргызча
Салык төлөөчү 1. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыктын салык төлөөчүсү болуп ушул Кодекстин 457-беренесинде көрсөтүлгөн ишти өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагында жүзөгө ашыруучу субъект эсептелет. 2. Салык төлөөчү өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөгө арызды өзгөчө режимдеги соода зонасынын жайгашкан жери боюнча салык органына мындай иш башталганга чейин берүүгө милдеттүү. 2-1. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 3. Учурдагы календардык жылда алууга пландаштырылган түшкөн каражаттын билдирилген көлөмү ашып кеткен учурда, салык төлөөчү календардык жылдын калган айларына түшкөн каражаттын көлөмүн көрсөтүү менен арыз берүүгө милдеттүү. Эгерде учурдагы салыктык эсепке алуу орду боюнча салык органына учурдагы календардык жыл үчүн алууга пландаштырылган түшкөн каражаттын билдирилген көлөмүнөн ашып кеткендиги жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү арыз бербесе же аны өз убагында бербесе, анда ал арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып 3-коэффициентти колдонуу менен ушул Кодекстин 462-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн формула боюнча эсептелген салыктын суммасынын салык төлөөчүсү катары таанылат. 4. Жеке ишкер жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ар бир жалданма кызматкерге Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдө патент сатып алууга укуктуу. 5. (КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 460- берене. Салык салынуучу объект Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын салык салуу объекти болуп өзгөчө режимдеги соода зонасындагы салык төлөөчүнүн товарларды арызда көрсөтүлгөн соода жайында сатып өткөрүү боюнча иши эсептелет. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.