Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 315 НК
НК КР · гл. 40Статус: действует

Статья 315. Порядок зачета НДС

1.

Если иное не предусмотрено настоящим разделом, налогоплательщику НДС предоставляется право зачета суммы НДС, уплаченной или подлежащей уплате за приобретенные материальные ресурсы, используемые для создания облагаемых поставок. В случае если приобретаемые материальные ресурсы используются налогоплательщиком НДС частично для создания облагаемых поставок, а частично для освобожденных поставок, учитывается сумма НДС за приобретенные материальные ресурсы, определенная исходя из удельного веса их использования в облагаемых поставках.

2.

В целях настоящего раздела приобретенными материальными ресурсами являются основные средства, товары, сырье, материалы, топливо, комплектующие изделия, а также выполненные работы и оказанные услуги, получаемые или импортируемые налогоплательщиком НДС в целях осуществления поставок.

3.

Право на зачет, предусмотренный частью 1 настоящей статьи, возникает у налогоплательщика НДС при условии, что:

1) налогоплательщиком НДС:

а) товары, работы и услуги были фактически приобретены у налогоплательщика НДС; и

б) получен счет-фактура, оформленный в порядке, установленном настоящим Кодексом; и/или

в) (утратил силу в соответствии с Законом КР от 29 октября 2025 года № 243)

г) оплата за приобретенные материальные ресурсы произведена в безналичной форме, за исключением осуществления оплаты путем проведения товарообменной (бартерной) операции;

2) при импорте товаров с территорий государств, не являющихся государствами-членами ЕАЭС, налогоплательщиком НДС:

а) произведено таможенное оформление товаров в соответствии с таможенным законодательством ЕАЭС и/или законодательством Кыргызской Республики в сфере таможенного дела; и

б) по импортированным товарам уплачен в бюджет НДС на импорт;

3) при импорте товаров с территорий государств-членов ЕАЭС налогоплательщиком НДС:

а) представлена налоговая отчетность по косвенным налогам; и

б) по импортированным товарам уплачен в бюджет НДС на импорт;

4) налогоплательщиком НДС - налоговым агентом при приобретении у иностранной организации, деятельность которой не приводит к возникновению постоянного учреждения на территории Кыргызской Республики, работы и/или услуги, местом поставки которых признается территория Кыргызской Республики, НДС уплачен в бюджет и оформлен счет-фактура в свой адрес.

4.

Если фактическое количество приобретенных материальных ресурсов отличается от количества, указанного в документах на приобретение, и данное отличие находится в пределах норм естественной убыли, право на зачет предоставляется налогоплательщику на сумму, указанную в документах на приобретение. В противном случае сумма, подлежащая зачету, корректируется на фактическое количество приобретенных материальных ресурсов.

Отраслевые нормы естественной убыли и нормы естественной убыли в отношении отдельных субъектов разрабатываются уполномоченными государственными органами и утверждаются Кабинетом Министров.

5.

Право на зачет предоставляется налогоплательщику в отношении приобретенных материальных ресурсов, предназначенных для создания облагаемых поставок с учетом производственного брака и технологических потерь.

Нормы естественной убыли и технологических потерь устанавливаются налогоплательщиком в налоговой политике.

6.

(Утратила силу в соответствии с Законом КР от 31 декабря 2025 года № 262)

7.

Иностранной организации, указанной в части 4 статьи 28 настоящего Кодекса, право зачета суммы НДС, уплаченной или подлежащей уплате за приобретенные материальные ресурсы, используемые для создания облагаемых поставок, не предоставляется.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года № 78, 12 февраля 2025 года № 37, 31 июля 2025 года № 185, 29 октября 2025 года № 243, 31 декабря 2025 года № 262 )

Кыргызча
КНС эсепке алуу тартиби 1. Эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, КНС төлөөчүгө салык салынуучу берүүлөрдү түзүү үчүн пайдаланылуучу сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон КНС суммасын эсепке алуу укугу берилет. Эгерде КНС төлөөчү сатып алынган материалдык ресурстардын айрым бөлүгүн салык салынуучу берүүлөрдү түзүүгө, айрым бөлүгүн бошотулган берүүлөрдү берүүлөргө пайдаланса, аларды салык салынуучу берүүлөрдө пайдалануунун салыштырма салмагына жараша аныкталуучу сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС суммасы эске алынат. 2. Ушул бөлүмдүн максаттары үчүн сатып алынган материалдык ресурстар болуп берүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатында КНС төлөөчү тарабынан алынуучу же импорттолуучу негизги каражаттар, товарлар, чийки зат, материалдар, отун, комплекттөөчү буюмдар, ошондой эле аткарылган жумуштар жана көрсөтүлгөн кызматтар саналат. 3. Ушул берененин 1-пунктунда каралган эсепке алуу укугу КНС төлөөчүдө төмөнкүдөй шарттарда пайда болот: 1) КНС төлөөчү тарабынан: а) товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр иш жүзүндө КНС төлөөчүдөн сатылып алынса; жана б) ушул Кодексте белгиленген тартипте таризделген эсеп-фактураны алынса; жана/же в) (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) г) товар алмашуу (бартердик) операциясын жүргүзүү аркылуу төлөм жүргүзүүнү кошпогондо, сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөм накталай эмес формада жүргүзүлсө; 2) ЕАЭБ мүчө-мамлекеттер болуп саналбаган мамлекеттердин аймагынан товарларды импорттоодо КНС салыгын төлөөчү тарабынан: а) ЕАЭБ бажы мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларга бажылык жол-жоболоштуруу жүргүзүлгөндө; жана б) импорттолгон товарлар боюнча импортко КНС бюджетке төлөнгөндө; 3) ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагынан товарларды импорттоодо КНС төлөөчү тарабынан: а) кыйыр салыктар боюнча салык отчету берилгенде; жана б) импорттолгон товарлар боюнча импортко КНС бюджетке төлөнгөндө; 4) КНС төлөөчү - салык агенти тарабынан иши Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген чет өлкөлүк уюмдардан, Кыргыз Республикасынын аймагы берүүнүн орду катары таанылган жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү сатып алууда бюджетке КНС төлөгөндө, өзүнүн дарегине эсеп-фактура таризделгенде. 4. Эгерде сатылып алынган материалдык ресурстардын иш жүзүндөгү саны сатып алуу документтеринде көрсөтүлгөн сандан айырмаланып турса жана ушул айырма табигый азаюу ченемдеринин чегинде турса, анда эсепке алуу укугу салык төлөөчүгө сатып алуу документтеринде көрсөтүлгөн суммага карата берилет. Болбосо эсепке алынуучу сумма сатып алынган материалдык ресурстардын иш жүзүндөгү санына карата түзөтүлөт. Табигый азаюунун тармактык ченемдери жана айрым субъекттерге карата табигый азаюунун ченемдери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. 5. Эсепке алуу укугу салык төлөөчүгө өндүрүштүк жараксыздыкты жана технологиялык жоготууларды эске алуу менен салык салынуучу берүүлөрдү түзүү үчүн багытталган сатып алынган материалдык ресурстарга карата берилет. Табигый азаюунун жана технологиялык жоготуулардын ченемдери салык саясатында салык төлөөчү тарабынан белгиленет. 6. (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 7. Ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмга салык салынуучу берүүлөрдү түзүү үчүн пайдаланылуучу сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон КНС суммасын эсепке алуу укугу берилбейт. (КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 , 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.