Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 212 НК
НК КР · гл. 29Статус: действует

Статья 212. Состав совокупного годового дохода

К совокупному годовому доходу относятся все виды доходов, определяемые в соответствии с правилами, установленными законодательством Кыргызской Республики о бухгалтерском учете, включая:

1) выручку от реализации товаров, работ, услуг, за исключением выручки от реализации основных средств, включенных в налоговую группу в целях налоговой амортизации;

2) выручку от реализации актива, не подлежащего амортизации, за минусом стоимости его приобретения;

3) доход в размере стоимости материалов или иного имущества, полученных при демонтаже или ликвидации выводимого из эксплуатации актива;

4) доход, полученный за согласие ограничить или прекратить экономическую деятельность;

5) доход в размере стоимости безвозмездно полученного актива, включая виртуальные активы;

6) доход от переоценки иностранной валюты за минусом убытка от переоценки иностранной валюты;

7) процентный доход;

8) доход, полученный по договорам в соответствии с исламским финансированием;

9) дивиденды;

10) роялти;

11) доход в виде вознаграждений и компенсаций, полученных за участие в управлении организации;

11-1) превышение суммы компенсации, полученной за изъятие (выкуп) имущественного комплекса, включая земельный участок, для государственных и общественных нужд, над стоимостью его приобретения и/или строительства;

12) выручку от реализации услуг по аренде движимого и недвижимого имущества;

13) выручку от реализации движимого и недвижимого имущества, не используемого при осуществлении предпринимательской деятельности, за минусом стоимости его приобретения, за исключением имущества индивидуального предпринимателя, включенного в единую налоговую декларацию;

14) выручку от реализации акций, доли в организации, доли партнера по договору мушарака в соответствии с исламским финансированием, за минусом стоимости приобретения;

15) выручку от реализации долговых ценных бумаг без учета купона за минусом стоимости приобретения с учетом амортизации дисконта и/или премии на дату реализации для субъектов публичного интереса;

16) выручку от реализации долговых ценных бумаг за минусом стоимости приобретения для налогоплательщика, кроме субъекта публичного интереса;

17) доход от валютных операций за минусом убытков от валютных операций;

18) субсидии;

19) отрицательную сумму налогового расчета по группе амортизированных активов на конец налогового периода;

20) стоимость излишков активов, включая отходы, подлежащие дальнейшему использованию;

21) доход от прекращения обязательства налогоплательщика, возникший в результате:

а) списания обязательств кредитором, за исключением списания задолженности, принятого отдельным законом;

б) исполнения обязательства налогоплательщика, в том числе налогового обязательства, третьей стороной;

22) доход от уступки права требования долга;

23) страховую сумму (возмещения) по договорам страхования, за исключением возмещения страховых сумм по застрахованным основным средствам;

24) сумму сомнительных обязательств;

25) превышение доходов над расходами, полученными при эксплуатации объектов социальной сферы;

26) сумма превышения выручки от реализации виртуальных активов над стоимостью их приобретения;

27) другие виды облагаемых и необлагаемых доходов.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года № 78)

Кыргызча
Жылдык жыйынды кирешенин курамы Жылдык жыйынды кирешенин курамына бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык аныкталган кирешелердин бардык түрлөрү кирет, анын ичинде: 1) салыктык амортизациялоо максаттарында салыктык топко киргизилген негизги каражаттарды сатуудан түшкөн акчаны кошпогондо, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча; 2) сатып алынган наркын кемитүүдөн кийин амортизациялоого жатпаган активдерди сатуудан түшкөн акча; 3) пайдалануудан чыгарылган активди жоюуда же демонтаждоодо алынган материалдардын же башка мүлктүн наркынын өлчөмүндөгү киреше; 4) экономикалык ишти чектөөгө же токтотууга макулдук үчүн алынган киреше; 5) виртуалдык активдерди кошкондо, кайтарымсыз алынган активдердин наркынын өлчөмүндөгү киреше; 6) чет өлкөлүк валютаны кайра баалоодо кеткен чыгымдарды кемитүү менен чет өлкөлүк валютаны кайра баалоодон түшкөн киреше; 7) пайыздык киреше; 8) исламдык каржылоого ылайык келишимдер боюнча алынган киреше; 9) дивиденддер; 10) роялти; 11) уюмду башкарууга катышуудан алынган сыйакылар жана компенсациялар түрүндөгү киреше; 11-1) мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн мүлктүк комплексти, анын ичинде жер участогун алып коюу (сатып алуу) үчүн алынган компенсациянын суммасынын аны сатып алуу жана/же куруу наркынан ашып кетиши; 12) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча; 13) бирдиктүү салык декларациясына киргизилген жеке ишкердин мүлкүн, аны сатып алуудагы наркын кемитүү менен, ишкердик ишти жүргүзүүдө пайдаланылбаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан түшкөн акча; 14) сатып алуудагы наркын кемитүү менен исламдык каржылоого ылайык мушарак келишими боюнча өнөктөштүн үлүшүн, уюмдагы үлүштү, акцияны сатуудан түшкөн акча; 15) ачык кызыкчылыктын субъекттери үчүн карыздык баалуу кагаздарды сатууда купонду эске албастан, сатып алуунун наркын дисконт жана/же сый акынын амортизациясын эске алуу менен кемитип сатуу күнүнө карата сатуудан түшкөн акча; 16) ачык кызыкчылык субъекттеринен тышкары, салык төлөөчү үчүн сатып алуу наркын кемитүү менен карыздык баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн акча; 17) валюталык операциялардан чыгымдарды кемитүү менен валюталык операциялардан түшкөн кирешелер; 18) субсидиялар; 19) салыктык мезгилдин аягындагы амортизацияланган активдердин тобу боюнча салыктык эсептөөнүн терс суммасы; 20) мындан ары пайдаланууга тийиш болгон калдыктарды кошкондо, ашыкча активдердин наркы; 21) төмөнкүлөрдүн натыйжасында келип чыккан салык төлөөчүнүн милдеттенмелерин токтотуудан алынган кирешелер: а) өзүнчө кабыл алынган мыйзам менен карыздарды эсептен чыгарууну кошпогондо, насыя берүүчү тарабынан милдеттенмени эсептен чыгаруусунан; б) салык төлөөчүнүн милдеттенмелерин, анын ичинде үчүнчү тараптын салык милдеттенмесин аткаруусунан; 22) карызды талап кылуу укугунан баш тартуудан кирешелер; 23) камсыздандырылган негизги каражаттар боюнча камсыздандыруу суммасынын ордун толтурууну кошпогондо, камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммалары (ордун толтуруу); 24) шектүү милдеттенмелердин суммалары; 25) социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдаланууда алынган кирешелердин чыгымдардан жогору болушу; 26) виртуалдык активдерди сатуудан түшкөн акчаны аны сатып алуудагы наркынан ашкан суммадан; 27) салык салынуучу жана салынбаган кирешелердин башка түрлөрү. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.