Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 195 НК
НК КР · гл. 24Статус: действует

Статья 195. Социальный вычет

1.

Налогоплательщик имеет право на получение социального вычета на образование налогоплательщика и его иждивенцев, возраст которых не превышает 24 лет.

2.

Размер вычета на образование устанавливается равным сумме оплаты, произведенной налогоплательщиком в адрес организации образования Кыргызской Республики, имеющей лицензию уполномоченного государственного органа в сфере образования на школьное образование, начальное, среднее и высшее профессиональное образование либо уведомившей уполномоченный государственный орган в сфере образования об осуществлении деятельности в сфере дошкольного образования в порядке, предусмотренном законодательством Кыргызской Республики об образовании, и подтвержденной документами, но не более 10 процентов от размера налоговой базы налогоплательщика без учета вычетов на образование, а для налогоплательщиков, содержащих троих и более иждивенцев, - не более 25 процентов от размера налоговой базы налогоплательщика без учета вычетов на образование.

3.

Право на социальный вычет, установленное частью 1 настоящей статьи, предоставляется при подаче единой налоговой декларации на основании заявления налогоплательщика и документов, подтверждающих произведенные расходы. При этом право на вычет предоставляется только одному налогоплательщику.

Порядок получения социального вычета и перечень документов, указанных в настоящей статье, утверждаются Кабинетом Министров.

4.

Если сумма социального вычета превышает сумму ограничения, предусмотренного в части 2 настоящей статьи, данное превышение не подлежит вычету в следующих налоговых периодах.

5.

Право на социальный вычет, установленное частью 1 настоящей статьи, распространяется на налогоплательщиков, заявивших на основании письменного заявления о своих правах в течение 45 календарных дней со дня вступления в силу Закона Кыргызской Республики «О добровольной легализации и амнистии активов физических лиц».

Письменное заявление о своих правах на социальный вычет является основанием неуничтожения единой налоговой декларации налогоплательщика до принятия налоговым органом соответствующего решения.

Налоговый орган выносит решение в течение 30 календарных дней со дня письменного заявления налогоплательщика о своих правах на социальный вычет. Единые налоговые декларации налогоплательщиков, указанные в настоящей части, уничтожаются в течение 15 дней со дня принятия налоговым органом соответствующего решения.

С момента вступления в силу Закона Кыргызской Республики «О добровольной легализации и амнистии активов физических лиц» принятие первичных и уточненных налоговых деклараций в целях получения социального вычета не допускается.

Действие настоящей части применяется на правоотношения, возникшие до вступления в силу Закона Кыргызской Республики «О добровольной легализации и амнистии активов физических лиц».

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года № 78, 12 февраля 2025 года № 37 )

Кыргызча
Социалдык чыгарып салуулар 1. Салык төлөөчү салык төлөөчүнүн жана анын багуусундагы 24 жаштан ашпаган курактагы адамынын билим алуусуна социалдык чыгарып салууну алууга укуктуу. 2. Билим алууга чыгарып салуунун өлчөмү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мектептик билим берүүгө, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө лицензиясы бар же болбосо билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөндүгү жөнүндө кабарлаган Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмунун дарегине салык төлөөчү тарабынан төлөнгөн жана документтер менен ырасталган суммага барабар, бирок билим алууга чыгарып салууларды эсепке албастан салык төлөөчүнүн салык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө, ал эми багуусунда үч же андан көп адам турган салык төлөөчүлөр үчүн - билим алууга чыгарып салууларды эсепке албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет. 3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген социалдык чыгарып салууларга салык төлөөчүнүн арызынын жана төлөнгөн чыгымдарды ырастоочу документтеринин негизинде бирдиктүү салыктык декларация берилген учурда укук берилет. Мында чыгарып салууга укук бир гана салык төлөөчүгө берилет. Социалдык чыгарып салууну алуу тартиби жана Ушул беренеде көрсөтүлгөн документтердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. 4. Эгер социалдык чыгарып салуулардын суммасы ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган чектөөнүн суммасынан ашык болсо, анда мындай ашык сумма кийинки салыктык мезгилдерде чыгарып салууга жатпайт. 5. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген социалдык чыгарып салууга укук "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде өз укуктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде билдирген салык төлөөчүлөргө жайылтылат. Социалдык чыгарып салууга өз укуктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз салык органы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин салык төлөөчүнүн бирдиктүү салык декларациясын жок кылбоого негиз болуп саналат. Салык органы социалдык чыгарып салууга өз укуктары жөнүндө салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызы берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде чечим чыгарат. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөрдүн бирдиктүү салык декларациялары салык органы тиешелүү чечим кабыл алган күндөн тартып 15 күндүн ичинде жок кылынат. Социалдык чыгарып салууну алуу максатында баштапкы жана такталган салык декларацияларын кабыл алууга "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурдан тартып жол берилбейт. Ушул бөлүктүн күчү "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин пайда болгон укуктук мамилелерге карата колдонулат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.