Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 169 НК
НК КР · гл. 20Статус: действует

Статья 169. Порядок рассмотрения жалобы налогоплательщика

1.

На жалобу налогоплательщика направляется решение в отношении существа жалобы в срок не позднее 30 календарных дней, следующих за днем получения данной жалобы.

Срок рассмотрения жалобы исчисляется со дня, следующего за днем регистрации жалобы в уполномоченном налоговом органе, и истекает в день направления решения налогоплательщику.

2.

Если в период рассмотрения жалобы от налогоплательщика поступили дополнения к первоначальной жалобе по взаимосвязанным налогам и платежам, срок рассмотрения по основной и дополнительной жалобам начинается со дня, следующего за днем поступления дополнений.

Срок рассмотрения жалобы прерывается в случаях назначения выездной проверки, направления запросов в соответствующие органы, в том числе уполномоченные органы других государств в соответствии с международными договорами.

Уполномоченный налоговый орган извещает налогоплательщика о том, что окончательное решение по жалобе будет принято после выполнения процедур, предусмотренных настоящей частью.

Срок рассмотрения жалобы, включая дни продления и прерывания сроков, предусмотренных настоящей частью, не может превышать 90 календарных дней со дня, следующего за днем подачи жалобы.

3.

Жалоба налогоплательщика считается удовлетворенной, если уполномоченный налоговый орган не направил решение в сроки, предусмотренные частями 1 и 2 настоящей статьи.

4.

По результатам рассмотрения жалобы уполномоченный налоговый орган принимает одно из следующих решений:

1) удовлетворяет жалобу налогоплательщика;

2) частично удовлетворяет жалобу налогоплательщика;

3) отказывает в удовлетворении жалобы налогоплательщика.

Решение, принятое уполномоченным налоговым органом в соответствии с пунктами 1 и 2 настоящей части, отменяет обжалованное решение органа налоговой службы.

5.

Уполномоченный налоговый орган вручает решение налогоплательщику в порядке, предусмотренном статьей 96 настоящего Кодекса, а также направляет налоговому органу, решение которого обжалуется.

В случае, предусмотренном пунктом 2 части 4 настоящей статьи, на основании решения уполномоченного налогового органа орган налоговой службы, решение которого обжалуется, обязан вынести новое решение в соответствии с частями 3-7 статьи 123 настоящего Кодекса.

6.

Если в жалобе содержится вопрос, по которому заявителю неоднократно направлялись решения по существу или письменные ответы в связи с ранее направляемыми жалобами, и при этом в жалобе не приводятся новые доводы или обстоятельства, уполномоченный налоговый орган вправе прекратить переписку по данному вопросу при условии, что указанная жалоба и ранее направляемые жалобы направлялись в один и тот же орган, о чем налогоплательщик уведомляется письменно.

7.

Налогоплательщик, не согласный с решением уполномоченного налогового органа по поданной жалобе, вправе обжаловать это решение в порядке административного судопроизводства Кыргызской Республики.

8.

(Утратила силу в соответствии с Законом КР от 31 декабря 2025 года № 262)

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года № 78, 12 февраля 2025 года № 37, 31 декабря 2025 года № 262 )

Кыргызча
Салык төлөөчүнүн даттанууларын кароонун тартиби 1. Салык төлөөчүнүн даттануусуна мындай даттануу алынган күндөн кийинки 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө даттануунун маңызына карата чечим жиберилет. Даттанууну кароо мөөнөтү ыйгарым укуктуу салык органында даттануу катталган күндөн кийинки күндөн тартып эсептелет жана салык төлөөчүгө чечим жиберилген күндө бүтөт. 2. Эгерде даттанууну кароо мезгилинде салык төлөөчүдөн өз ара байланышкан салыктар жана төлөмдөр боюнча баштапкы даттанууга толуктоолор келип түшсө, негизги жана кошумча даттануулар боюнча кароо мөөнөтү толуктоо келип түшкөн күндөн кийинки күндөн башталат. Даттанууну кароо мөөнөтү көчмө текшерүү дайындалган, тиешелүү органдарга, анын ичинде эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына суроо-талаптар жөнөтүлгөн учурларда токтотулат. Ыйгарым укуктуу салык органы салык төлөөчүгө даттануу боюнча акыркы чечим ушул бөлүктө каралган жол-жоболор аткарылгандан кийин кабыл алына тургандыгы тууралуу кабарлайт. Ушул бөлүктө каралган мөөнөттөрдү узартуу жана токтотуу күндөрүн кошкондо, даттанууну кароо мөөнөтү даттануу берилген күндөн кийинки күндөн тартып 90 календардык күндөн ашпоого тийиш. 3. Эгерде ыйгарым укуктуу салык органы ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган мөөнөттө чечимди жибербесе, салык төлөөчүнүн даттануусу канааттандырылды деп эсептелет. 4. Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу салык органы төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат: 1) салык төлөөчүнүн даттануусун канааттандырат; 2) салык төлөөчүнүн даттануусун жарым-жартылай канааттандырат; 3) салык төлөөчүнүн даттануусун канааттандыруудан баш тартат. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарына ылайык кабыл алынган чечим салык кызматынын органынын даттанылган чечимин жокко чыгарат. 5. Ыйгарым укуктуу салык органы ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган тартипте салык төлөөчүгө чечимди тапшырат, ошондой эле чечимине даттанылган салык кызматынын органына жиберет. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларда, ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин негизинде чечимине даттанылган салык кызматынын органы ушул Кодекстин 123-беренесинин 3-7-бөлүктөрүнө ылайык жаңы чечим чыгарууга милдеттүү. 6. Эгерде даттанууда мурда жиберилген даттанууларга байланыштуу арыз ээсине маңызы боюнча чечимдер же жазуу жүзүндөгү жооптор бир нече жолу жөнөтүлгөн маселе камтылса жана мында даттанууда жаңы жүйөлөр же жагдайлар келтирилбесе, ыйгарым укуктуу салык органы көрсөтүлгөн даттануу жана мурда жиберилген даттануулар бир эле органга жиберилген шартта, ошол маселе боюнча кат алышууну токтотууга укуктуу, ал жөнүндө салык төлөөчүгө жазуу жүзүндө билдирилет. 7. Берилген даттануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине макул болбогон салык төлөөчү бул чечимге Кыргыз Республикасынын административдик сот өндүрүшүнүн тартибинде даттанууга укуктуу. 8. (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.