Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 163 НК
НК КР · гл. 19Статус: действует

Статья 163. Занижение суммы налога, непредставление налоговой отчетности и неправомерный зачет НДС

1.

Если иное не установлено настоящей статьей и по результатам выездной проверки налоговым органом устанавливается, что сумма налога, указанная в налоговой отчетности, занижена по сравнению с суммой налога, которая должна была быть указана в налоговой отчетности:

1) при занижении суммы налога в размере до 10 процентов к сумме налога, которая должна была быть указана в налоговой отчетности соответствующего налогового периода, - к налогоплательщику налоговая санкция не применяется;

2) при занижении суммы налога в размере от 10 до 50 процентов к сумме налога, которая должна была быть указана в налоговой отчетности соответствующего налогового периода, - к налогоплательщику применяется налоговая санкция в размере 50 процентов от суммы занижения налога;

3) при занижении суммы налога в размере свыше 50 процентов к сумме налога, которая должна была быть указана в налоговой отчетности соответствующего налогового периода, - к налогоплательщику применяется налоговая санкция в размере 100 процентов от суммы занижения налога.

1-1.

За непредставление отчетов и/или расчетов, предусмотренных настоящим Кодексом, законодательством о государственном социальном страховании и законодательством о неналоговых доходах в установленные сроки, к налогоплательщику применяется налоговая санкция:

1) для физических лиц в размере 10 расчетных показателей;

2) для индивидуальных предпринимателей в размере 30 расчетных показателей;

3) для организаций в размере 70 расчетных показателей.

1-2.

За непредставление единой налоговой декларации, за исключением декларации, предусмотренной статьей 107 настоящего Кодекса, в установленные сроки к налогоплательщику применяется налоговая санкция в размере 70 расчетных показателей.

В случаях, предусмотренных частями 1-1 и 1-2 настоящей статьи, санкция применяется за каждый факт несвоевременного предоставления налоговой отчетности.

2.

Если по результатам выездной проверки налоговым органом устанавливается, что налогоплательщик не представил налоговую отчетность за определенный налоговый период, вся сумма налогового обязательства, которая подлежала отражению в данной налоговой отчетности, взыскивается в бюджет и к данному налогоплательщику применяется налоговая санкция в размере 100 процентов от суммы выявленного налогового обязательства.

2-1.

(Утратила силу в соответствии с Законом КР от 12 февраля 2025 года N 37)

3.

Если по результатам выездной проверки органом налоговой службы устанавливается, что налогоплательщик воспользовался правом на зачет суммы НДС, уплаченной или подлежащей уплате за приобретенные материальные ресурсы по недействительным счетам-фактурам, к данному налогоплательщику применяется налоговая санкция в размере 100 процентов от суммы НДС, принятой к зачету.

4.

Если в ходе рейдового налогового контроля налоговым органом у налогоплательщика, осуществляющего деятельность на основе общего налогового режима или на основе упрощенной системы налогообложения в соответствии с подпунктом "б" пункта 1, пунктом 2 части 1 и пунктом 2 части 3 статьи 423 настоящего Кодекса, устанавливается наличие товаров, приобретенных без первичных учетных документов и не внесенных в информационную систему уполномоченного налогового органа, к данному налогоплательщику применяется налоговая санкция по подоходному налогу в размере 5 процентов от рыночной стоимости такого товара.

(В редакции Законов КР от 23 июля 2024 года № 136, 12 февраля 2025 года № 37, 31 июля 2025 года № 185, 29 октября 2025 года № 243, 31 декабря 2025 года № 262, 6 августа 2026 года № 145 )

Внимание! Изменения, внесенные Законом КР от 23 июля 2024 года N 136 в статью 163, вступают в силу с первого числа месяца, следующего за месяцем официального опубликования данного Закона.

Кыргызча
Салыктын суммаларын азайтуу, салык отчетторун бербөө жана КНС мыйзамсыз чегерүү 1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе жана көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык отчетунда көрсөтүлгөн салыктын суммасы салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына салыштырмалуу азайтылгандыгы салык органы тарабынан аныкталса, салык төлөөчүгө: 1) салыктын суммасы тиешелүү салыктык мезгилдеги салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына карата 10 пайызга чейинки өлчөмдө азайтылса - салык төлөөчүгө салык санкциясы колдонулбайт; 2) салыктын суммасы тиешелүү салыктык мезгилдеги салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына карата 10дон 50 пайызга чейинки өлчөмдө азайтылса - салык төлөөчүгө салыктын азайтылган суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат; 3) салыктын суммасы тиешелүү салыктык мезгилдеги салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына карата 50 пайыздан жогорку өлчөмдө азайтылса - салык төлөөчүгө салыктын азайтылган суммасынан 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат. 1-1. Ушул Кодексте, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарда жана салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда каралган отчетторду жана/же эсептешүүлөрдү белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн салык төлөөчүгө төмөнкүдөй салык санкциясы колдонулат: 1) жеке жактар үчүн 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө; 2) жеке ишкерлер үчүн 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө; 3) уюмдар үчүн 70 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө. 1-2. Ушул Кодекстин 107-беренесинде каралган декларацияны кошпогондо, белгиленген мөөнөттө бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандыгы үчүн салык төлөөчүгө 70 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат. Ушул берененин 1-1 жана 1-2-бөлүктөрүндө каралган учурларда салык отчету өз убагында берилбеген ар бир факт үчүн санкция колдонулат. 2. Эгерде көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн белгилүү бир салыктык мезгили үчүн салык отчетун бербегендиги аныкталса, ушул салык отчетунда чагылдырылууга тийиш болгон салык милдеттенмесинин бардык суммасы бюджетке өндүрүлөт жана ошол салык төлөөчүгө карата аныкталган салык милдеттенмесинин суммасынан 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат. 2-1. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы N 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 3. Эгерде көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык органы тарабынан салык төлөөчү жараксыз эсеп-фактуралары боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон КНС суммасын чегерүүгө болгон укугун пайдаланганы аныкталса, ошол салык төлөөчүгө чегерүүгө кабыл алынган КНС суммасынан 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат. 4. Эгерде рейддик салык контролунун жүрүшүндө салык органы тарабынан жалпы салык режиминин негизинде же ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасына, 2-пунктуна жана 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде иш жүргүзгөн салык төлөөчүдө баштапкы эсепке алуу документтери жок сатып алынган жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутумуна киргизилбеген товарлардын болушу белгиленсе, ал салык төлөөчүгө мындай товардын рыноктук наркынан 5 пайыз өлчөмүндө киреше салыгы боюнча салыктык санкция колдонулат. (КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.