Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 135 НК
НК КР · гл. 15Статус: действует

Статья 135. Экспертиза

1.

В необходимых случаях, в том числе при проведении действий по осуществлению налогового контроля, сторонами налоговых правоотношений может быть привлечен эксперт на договорной основе за счет средств:

1) республиканского бюджета или бюджета органов местного самоуправления;

2) налогоплательщика, организации налогоплательщиков, в том числе бизнес-ассоциации, профессионального объединения этих субъектов.

2.

В настоящей статье под экспертом понимается лицо, обладающее специальными знаниями и привлекаемое сторонами налоговых правоотношений для проведения экспертизы.

3.

Вопросы, поставленные перед экспертом, и его заключение не могут выходить за пределы специальных познаний эксперта.

4.

В случаях, предусмотренных частью 1 настоящей статьи, решение о проведении экспертизы принимается руководителем налогового органа по заявлению налогоплательщика или должностного лица органа налоговой службы, осуществляющего налоговую проверку.

В решении указываются:

1) основания для назначения экспертизы:

2) фамилия, имя и отчество эксперта и наименование организации, в которой должна быть произведена экспертиза;

3) вопросы, поставленные перед экспертом;

4) материалы, предоставленные в распоряжение эксперта.

5.

Эксперт имеет право знакомиться с материалами проверки, относящимися к предмету экспертизы, заявлять ходатайства о предоставлении ему дополнительных материалов.

6.

Эксперт может отказаться от дачи заключения, если предоставленные ему материалы являются недостаточными или если он не обладает необходимыми знаниями для проведения экспертизы.

7.

Должностное лицо органа налоговой службы, проводящее налоговую проверку, обязано ознакомить проверяемого налогоплательщика с решением, принятым в соответствии с частью 4 настоящей статьи, и разъяснить его права, предусмотренные частью 9 настоящей статьи, о чем составляется протокол.

8.

Эксперт дает заключение в письменной форме от своего имени. В заключении эксперта излагаются проведенные им исследования, выводы и обоснованные ответы на поставленные вопросы. Если эксперт при производстве экспертизы установит имеющие значение для дела обстоятельства, по поводу которых ему не были поставлены вопросы, он вправе включить выводы об этих обстоятельствах в свое заключение.

9.

Заключение эксперта или его сообщение о невозможности дать заключение передается стороне, которая привлекла эксперта. Вторая сторона имеет право дать свои объяснения и заявить возражения, а также просить о постановке дополнительных вопросов эксперту и назначении дополнительной или повторной экспертизы.

10.

Дополнительная экспертиза назначается в случае недостаточной ясности или полноты заключения и поручается тому же или другому эксперту.

Повторная экспертиза назначается в случае необоснованности заключения эксперта или сомнений в его правильности и поручается другому эксперту.

Дополнительная и повторная экспертизы назначаются с соблюдением требований, предусмотренных настоящей статьей.

Кыргызча
Экспертиза 1. Зарыл болгон учурларда, анын ичинен салыктык контролдоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүдө салыктык укук мамилелеринин тараптары төмөнкүлөрдүн каражаттарынын эсебинен келишимдик негизде экспертти тартышы мүмкүн: 1) республикалык бюджеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин; 2) салык төлөөчүнүн, салык төлөөчүлөрдүн уюмдарынын, анын ичинде бизнес-ассоциациялардын, ушул субъекттердин кесиптик бирикмесинин. 2. Ушул беренеде эксперт деп атайын билими бар жана салыктык укук мамилелеринин тараптары тарабынан экспертиза жүргүзүү үчүн тартылуучу адам түшүнүлөт. 3. Эксперттин алдына коюлган маселелер жана анын корутундусу эксперттин атайын билимдеринин чегинен чыкпоого тийиш. 4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда экспертиза жүргүзүү жөнүндө чечим салык төлөөчүнүн же салыктык текшерүү жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамынын арызы боюнча салык органынын жетекчиси тарабынан кабыл алынат. Чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 1) экспертиза дайындоо үчүн негиздер; 2) эксперттин аты-жөнү жана экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш болгон уюмдун аталышы; 3) эксперттин алдына коюлган маселелер; 4) эксперттин карамагына берилүүчү материалдар. 5. Эксперт экспертизалоо предметине таандык текшерүү материалдары менен таанышууга, ага кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укуктуу. 6. Эксперт эгерде ага берилген материалдар жетишсиз болсо же анын экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон билими жок болсо, корутунду берүүдөн баш тарта алат. 7. Салыктык текшерүү жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы текшерилүүчү салык төлөөчүнү ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган чечим менен тааныштырууга жана ушул берененин 9-бөлүгүндө каралган анын укуктарын түшүндүрүүгө милдеттүү, бул тууралуу протокол түзүлөт. 8. Эксперт өзүнүн атынан кат жүзүндө корутунду берет. Эксперттин корутундусунда ал жүргүзгөн изилдөөлөр, коюлган маселелерге карата тыянактар жана негиздүү жооптор жазылат. Эгерде эксперт экспертиза жүргүзүүдө иш үчүн маанилүү болгон, алар боюнча ага маселе коюлбаган жагдайларды аныктаса, ал мындай жагдайлар тууралуу тыянактарды өзүнүн корутундусуна киргизүүгө укуктуу. 9. Эксперттин корутундусу же анын корутунду берүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүсү экспертти тарткан тарапка берилет. Экинчи тарап өзүнүн түшүндүрмөлөрүн берүүгө жана каршы пикирин билдирүүгө, ошондой эле экспертке кошумча маселелерди коюу жана кошумча же кайрадан экспертиза дайындоо жөнүндө суранууга укуктуу. 10. Кошумча экспертиза корутунду жетиштүү түрдө түшүнүктүү болбогон же толук болбогон учурда дайындалат жана ошол эле же башка экспертке тапшырылат. Кайрадан экспертиза жүргүзүү эксперттин корутундусу негиздүү болбогон же анын тууралыгына шектенген учурда дайындалат жана башка экспертке тапшырылат. Кошумча жана кайрадан экспертиза жүргүзүү ушул беренеде каралган талаптарды сактоо менен дайындалат.

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.