Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 67 УК
УК КР · гл. 11Статус: действует

Статья 67. Лишение свободы на определенный срок

1.

Лишение свободы заключается в принудительной изоляции осужденного от общества путем направления его в исправительную или воспитательную колонию различного вида режима.

2.

Лишение свободы устанавливается на срок от шести месяцев до пятнадцати лет.

3.

В случае частичного или полного сложения сроков лишения свободы при назначении наказаний по совокупности преступлений и по совокупности приговоров максимальный срок лишения свободы не может быть более двадцати лет.

4.

Осужденным к лишению свободы отбывание наказания назначается:

1) лицам, впервые осужденным к лишению свободы на определенный срок, лицам, которым наказание в виде исправительных и общественных работ, ограничения свободы и штрафа заменено лишением свободы, а также лицам, которым отменен пробационный надзор и назначено наказание в виде лишения свободы – в исправительных колониях общего режима;

2) лицам, ранее отбывавшим наказание в виде лишения свободы и вновь осужденным за преступления, совершенные при рецидиве или опасном рецидиве, а также лицам, ранее отбывавшим наказание в виде лишения свободы и вновь осужденным к лишению свободы на определенный срок, - в исправительных колониях строгого режима;

3) лицам, осужденным за преступления, совершенные при особо опасном рецидиве преступлений, а также лицам, осужденным к пожизненному лишению свободы, лицам, которым наказание в виде пожизненного лишения свободы в порядке помилования было заменено лишением свободы, - в исправительных колониях особого режима;

4) ребенку мужского пола, впервые осужденному к лишению свободы, ребенку женского пола, а также детям, которым отменен пробационный надзор и назначено наказание в виде лишения свободы, – в воспитательных колониях общего режима;

5) ребенку мужского пола, ранее отбывавшему наказание в виде лишения свободы и вновь осужденному к лишению свободы, – в воспитательных колониях усиленного режима.

4-1.

Верховный суд Кыргызской Республики при разрешении вопроса, связанного с исполнением приговора суда иностранного государства в соответствии с главой 61 Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, в целях обеспечения реализации права гражданина Кыргызской Республики либо лица без гражданства, постоянно проживающего на территории Кыргызской Республики, быть переданным в Кыргызскую Республику для дальнейшего отбывания наказания определяет в своем постановлении вид колонии, соответствующий режиму исправительного учреждения, назначенного судом иностранного государства, без учета положений части 4 настоящей статьи.

Абзац первый настоящей части применяется Верховным судом Кыргызской Республики в случае, когда соответствие вида и режима исправительного учреждения Кыргызской Республики режиму исправительного учреждения, назначенного судом иностранного государства, является одним из условий передачи лица, осужденного к лишению свободы, для отбывания им наказания в Кыргызской Республике.

5.

Осужденным к лишению свободы мужчинам в возрасте более пятидесяти пяти лет и женщинам в возрасте более пятидесяти лет срок наказания не может превышать трех четвертей максимального срока лишения свободы, предусмотренного соответствующей статьей Особенной части настоящего Кодекса.

6.

Изменение назначенного осужденному вида исправительного учреждения производится судом по основаниям и в порядке, установленным законодательством Кыргызской Республики.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 24 июля 2024 года № 147, 11 июня 2026 года № 87)

Кыргызча
Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу 1. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза соттолгон адамды ар кандай түрдөгү түзөтүү же тарбиялоо абактарына жайгаштыруу жолу менен коомдон мажбурлап обочолонтууда турат. 2. Эркиндигинен ажыратуу алты айдан он беш жылга чейинки мөөнөткө белгиленет. 3. Кылмыштардын жыйындысы боюнча жана өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаларды дайындоодо эркиндигинен ажыратуу мөөнөттөрүн жарым-жартылай же толук кошкон учурунда эркиндигинен ажыратуунун эң жогорку мөөнөтү жыйырма жылдан ашпоого тийиш. 4. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго жазаны өтөө дайындалат: 1) белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон адамдарга, түзөтүү жумуштары жана коомдук иштер, эркиндигин чектөө жана айып түрүндөгү жазалары эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган, ошондой эле пробациялык көзөмөл жокко чыгарылып, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган адамдар - жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында; 2) эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны мурда өтөгөн жана рецидивде же коркунучтуу рецидивде жасалган кылмыштар үчүн кайрадан соттолгон адамдарга, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны мурда өтөгөн жана белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга кайрадан соттолгондорго - катуу тартиптеги түзөтүү абактарында; 3) кылмыштардын өзгөчө коркунучтуу рецидивинде жасалган кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга, эркиндигинен өмүр бою ажыратуу түрүндөгү жазасы ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдарга - өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында; 4) биринчи жолу эркиндигинен ажыратууга соттолгон эркек балага, кыз балага, ошондой эле пробациялык көзөмөл жокко чыгарылган жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган балдарга - жалпы тартиптеги тарбиялоо абактарда; 5) мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасын өтөгөн жана кайрадан эркиндигинен ажыратууга соттолгон эркек балага - күчөтүлгөн тартиптеги тарбиялоо абактарда. 4-1. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 61-главасына ылайык чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткаруу менен байланышкан маселени чечүүдө Кыргыз Республикасынын жаранынын же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдын жазасын андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына өткөрүп берилүүгө болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, өзүнүн токтомунда ушул берененин 4-бөлүгүнүн жоболорун эске албастан, чет мамлекеттин соту дайындаган түзөтүү мекемесинин режимине ылайык келген абактын түрүн аныктайт. Кыргыз Республикасынын түзөтүү мекемесинин түрүнүн жана режиминин чет мамлекеттин соту тарабынан дайындалган түзөтүү мекемесинин режимине ылайык келиши эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды Кыргыз Республикасында жазасын өтөө үчүн өткөрүп берүүнүн шарттарынын бири болуп саналган учурда ушул бөлүктүн биринчи абзацы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан колдонулат. 5. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон элүү бештен ашкан курактагы эркектердин жана элүүдөн ашкан курактагы аялдардын жаза мөөнөтү ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү беренинде каралган эркиндигинен ажыратуунун эң жогорку мөөнөтүнүн төрттөн үчүнөн ашпайт. 6. Соттолгон адамга дайындалган түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздер боюнча жана тартипте сот тарабынан жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлундагы № 147, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.