Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 49 УК
УК КР · гл. 8Статус: действует

Статья 49. Задержание лица, совершившего преступление

1.

Не являются преступлением действия потерпевшего или других лиц, которыми причинен вред лицу при его задержании в момент или непосредственно после совершения им уголовно-противоправного посягательства (преступления или противоправного деяния лица, которое в соответствии с настоящим Кодексом не может нести уголовную ответственность в силу возраста, невменяемости или иных обстоятельств), если они совершены с целью передачи задержанного органам власти и если иным способом задержать такое лицо не представлялось возможным, и при этом не было допущено несоответствие мер задержания характеру и степени тяжести совершенного задержанным лицом уголовно-противоправного посягательства и обстоятельствам задержания этого лица.

2.

Превышением мер, необходимых для задержания лица, совершившего деяние, предусмотренным настоящим Кодексом, признается несоответствие средств и методов задержания характеру и степени тяжести совершенного задержанным лицом уголовно-противоправного посягательства и обстоятельствам задержания этого лица, в результате чего лицу умышленно причиняется вред, не вызываемый необходимостью задержания. Превышение мер, необходимых для задержания лица, влечет ответственность за преступление лишь в случаях, предусмотренных статьями 124 и 132 настоящего Кодекса. Причинение при этом вреда по неосторожности не влечет ответственности.

Кыргызча
Кылмыш жасаган адамды кармоо 1. Кылмыш жасап жаткан учурда же кылмыш жасалгандан кийин кармоо учурунда жабырлануучу же башка адамдар тарабынан кылмышкерге залал келтирген аракеттери (ушул Кодекске ылайык кылмыш же укукка каршы адамдын жосуну жашына, акыл-эсине же башка жагдайларга байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт), эгерде ушул аракет кармалган адамды бийлик органдарына өткөрүп берүү максатында жасалса, кылмыш жасаган адамды башка ыкма менен кармоого мүмкүн болбосо жана мында кармоо чаралары кармалган адам жасаган кылмыштуу кол салуунун мүнөзүнө жана оордугунун даражасына, ошону менен катар эле ушул адамды кармоонун жагдайларына шайкеш эместигине жол берилбесе, кылмыш болуп эсептелбейт. 2. Кармоонун каражаттары менен ыкмалары адам укукка жат кол салышынын мүнөзүнө жана оордугунун даражасына жана бул адамды кармоонун жагдайларына шайкеш эместиги, анын натыйжасында адамга кармоонун зарылчылыгынан келип чыкпаган атайылап залал келтирилиши, ушул Кодексте каралган жосунду жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чапкандык деп таанылат. Адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чапкандык ушул Кодекстин 124 жана 132-беренелеринде каралган учурларда гана кылмыш үчүн жоопкерчиликке алып келет. Мында этиятсыздыктан келтирилген залал жоопкерчиликке тартууга алып келбейт.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.