Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 243 УК
УК КР · гл. 31Статус: действует

Статья 243. Уклонение от уплаты налога и (или) других обязательных платежей в бюджет с организацией

1.

Уклонение от уплаты налога и (или) других обязательных платежей в бюджет организацией путем непредоставления декларации, когда подача декларации является обязательной, либо внесения в декларацию заведомо искаженных данных о доходах и (или) расходах, либо путем сокрытия других объектов налогообложения и (или) других обязательных платежей, если это деяние подтверждено вступившим в законную силу решением органов налоговой службы или судебными актами и повлекло неуплату налога и (или) других обязательных платежей в бюджет в крупном размере, –

наказывается лишением права занимать определенные должности либо заниматься определенной деятельностью на срок до трех лет или исправительными работами на срок от двух месяцев до одного года, или штрафом от 500 до 1000 расчетных показателей, либо лишением свободы на срок до двух лет.

2.

То же деяние, совершенное:

1) в особо крупном размере;

2) с использованием счет-фактуры без фактического выполнения работ, оказания услуг, отгрузки товаров;

3) группой лиц;

4) группой лиц по предварительному сговору, –

наказывается штрафом от 1000 до 2000 расчетных показателей или лишением свободы на срок от двух до пяти лет с лишением права занимать определенные должности либо заниматься определенной деятельностью на срок до двух лет или без такового.

Примечание. В статьях 242–243 настоящего Кодекса уклонение подтверждается материалами налоговой проверки, проведенной органами налоговой службы, и по которым органы налоговой службы приняли решение о доначислении налогов и (или) других обязательных платежей, которое соответствует следующим критериям:

1) если соответствующее решение вступило в законную силу и не обжаловано налогоплательщиком в уполномоченный налоговый орган в течение срока подачи налогоплательщиком жалобы, установленного налоговым законодательством;

2) если в отношении жалобы налогоплательщика имеется вступившее в законную силу соответствующее решение уполномоченного налогового органа, подтверждающее, что сумма неисчисленного налога превышает порог, с которого наступает уголовная ответственность, и налогоплательщик не обратился с жалобой в суд в течение трех месяцев со дня, следующего за днем вручения налогоплательщику решения уполномоченного налогового органа;

3) если имеется вступившее в законную силу судебное решение, подтверждающее, что сумма неисчисленного налога превышает порог, с которого наступает уголовная ответственность.

(В редакции Законов КР от 3 июля 2024 года № 112 , 12 февраля 2025 года № 37 )

Кыргызча
Уюмдардан бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу 1. Эгерде бул жосун салык кызматынын органдарынын мыйзамдуу чечими же соттук актылар менен тастыкталса жана бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү ири өлчөмдө төлөбөөгө алып келсе, декларация берүү милдеттүү болуп саналган учурларда кирешелер жөнүндө декларацияны бербөө жолу менен же болбосо кирешелер же чыгашалар жөнүндө бурмаланган маалыматтарды билип туруп декларацияны киргизүү жолу менен же болбосо салык салынууга тийиш болгон башка объекттерди жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү жашыруу жолу менен бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) өзгөчө ири өлчөмдө; 2) иштерди иш жүзүндө аткарбастан, кызматтарды көрсөтпөстөн, товарларды жүктөп жибербестен эсеп-фактураны пайдалануу менен; 3) адамдардын тобу тарабынан; 4) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, - эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу же аны колдонбостон 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул Кодекстин 242-243-беренелеринде салыктан качуу салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн материалдары менен тастыкталат жана алар боюнча салык кызматынын органдары кошумча салыктарды жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөтүү жөнүндө чечим кабыл алышат, ал төмөнкү критерийлерге ылайык келет: 1) эгерде тиешелүү чечим мыйзамдуу күчүнө кирсе жана салык төлөөчү тарабынан салык мыйзамдарында белгиленген даттануу берүү мөөнөтүнүн ичинде салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына даттанбаса; 2) эгерде салык төлөөчүнүн даттануусуна карата кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыккан салыктын эсептелбеген суммада чегинен ашып кеткенин ырастаган ыйгарым укуктуу салык органынын мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими бар болсо жана салык төлөөчүгө ыйгарым укуктуу салык органынын чечими тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып үч айдын ичинде салык төлөөчү сотко даттануу менен кайрылбаса; 3) эгерде эсептелбеген салыктын суммасы кылмыш-жаза жоопкерчилиги баштала турган чектен ашып кеткенин ырастаган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими болсо. (КР 2024-жылдын 3-июлундагы № 112 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.