Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 222 УК
УК КР · гл. 29Статус: действует

Статья 222. Легализация (отмывание) преступных доходов

1.

Легализация (отмывание) преступных доходов, то есть придание правомерного вида владению, пользованию или распоряжению преступным доходом путем совершения любых действий (операций или сделок) по преобразованию (конверсии) или переводу имущества, если известно, что имущество представляет собой доходы от преступлений, в целях сокрытия или утаивания преступного источника происхождения имущества или оказания помощи лицу, участвующему в совершении преступления, с целью уклонения от ответственности за деяния; либо сокрытие или утаивание подлинного характера источника, местонахождения, способа распоряжения и перемещения имущества, а также прав на имущество или его принадлежность, если известно, что имущество представляет собой доходы от преступлений; либо сокрытие или непрерывное удержание имущества лицом, не участвовавшим в совершении преступления, если лицу известно, что имущество получено в результате совершения преступления; либо приобретение, владение или использование имущества, если в момент его получения лицу известно, что имущество представляет собой доходы от преступлений, –

наказывается лишением свободы на срок от трех до пяти лет с конфискацией имущества, с лишением права занимать определенные должности или заниматься определенной деятельностью на срок до двух лет.

2.

То же деяние, совершенное:

1) группой лиц;

2) группой лиц по предварительному сговору;

3) лицом с использованием своего служебного положения, –

наказывается лишением свободы на срок от пяти до восьми лет с конфискацией имущества, с лишением права занимать определенные должности или заниматься определенной деятельностью на срок до трех лет.

3.

Деяния, предусмотренные частями 1 и 2 настоящей статьи, совершенные:

1) организованной группой;

2) в составе преступного сообщества;

3) в крупном размере;

4) при опасном или особо опасном рецидиве преступлений, -

наказываются лишением свободы на срок от восьми до одиннадцати лет с конфискацией имущества, с лишением права занимать определенные должности или заниматься определенной деятельностью на срок до трех лет.

Примечание. В настоящей статье под крупным размером признается сумма, в десять тысяч раз превышающая расчетный показатель, установленный законодательством Кыргызской Республики на момент совершения преступления.

В настоящей статье под преступным доходом понимается любая экономическая выгода или имущество, полученные или извлеченные, прямо или косвенно, в результате совершения преступления.

В настоящей статье под имуществом понимается имущество любого рода: материальное или нематериальное (осязаемое или неосязаемое), движимое или недвижимое, а также юридические документы или акты в любой форме (в бумажной или электронной), удостоверяющие право или интересы на такое имущество или на долю в этом имуществе, включая банковские кредиты, дорожные чеки, банковские чеки, почтовые переводы, ценные бумаги.

Уголовная ответственность по настоящей статье наступает независимо от привлечения лица к уголовной ответственности за основные (предикатные) преступления, в результате которых получены преступные доходы.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 11 июня 2026 года № 87)

Кыргызча
Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) 1. Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо), башкача айтканда эгерде мүлк кылмыштардан алынган кирешени билдире тургандыгы белгилүү болсо, мүлктүн пайда болуусунун кылмыштуу булактарын жашыруу же жазгыруу же кылмышты жасоого катышкан адамга жардам көрсөтүү максатында, жосундар үчүн жоопкерчиликтен четтөө максатында, мүлктү кайра түзүү (конверциялоо) же которуу боюнча ар кандай аракеттерди (операцияларды же бүтүмдөрдү) жасоо аркылуу кылмыштуу кирешеге ээлик кылууга, аны пайдаланууга же тескөөгө укук ченемдүү түр берүү; же болбосо мүлктүн булагынын чыныгы мүнөзүн, жайгашкан ордун, тескөө же ордун которуу ыкмасын, ошондой эле эгерде кылмыштардан алынган кирешени билдире тургандыгы белгилүү болсо, мүлккө укуктарды же анын таандыктыгын жашыруу же катуу; же болбосо кылмыш жасоонун натыйжасында алынганы кылмыш жасоого катышпаган адамга белгилүү болсо, ошол адам тарабынан мүлктү жаап-жашыруу же үзгүлтүксүз кармап туруу; же болбосо эгерде мүлктү алган учурда ал кылмыштардан алынган кирешени билдире тургандыгы адамга белгилүү болсо, мүлктү сатып алуу, ага ээлик кылуу же пайдалануу, - мүлкүн конфискациялоо менен эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) адамдардын тобу тарабынан; 2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан; 3) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен адам тарабынан, - мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар; 1) уюшкан топ тарабынан; 2) кылмыштуу коомдоштуктун курамында; 3) ири өлчөмдө; 4) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде - мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде ири өлчөм деп кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он миң эсе ашкан сумма таанылат. Ушул беренеде кылмыштуу киреше дел кылмыш жасоонун натыйжасында түз же кыйыр түрдө алынган же өндүрүп алынган ар кандай экономикалык пайда же мүлк түшүнүлөт. Кандай түрдө болбосун: материалдык же материалдык эмес (сезилген же сезилбеген) мүлк, кыймылдуу же кыймылсыз мүлк, ошондой эле банк кредиттерин, жол кире чектерин, банк чектерин, почта которумдарын, баалуу кагаздарды кошуп алганда ушундай мүлккө же ушул мүлктөгү үлүшкө укукту же кызыкчылыкты күбөлөндүрүүчү юридикалык документтер же кандай формада болбосун (кагаз же электрондук формадагы) актылар мүлк деп түшүнүлөт. Ушул берене боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилиги алардын натыйжасында алынган кылмыштуу кирешелер алынган негизги (предикаттык) кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышына карабастан келип чыгат. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.