Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 97 УПК
УПК КР · гл. 12Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 97. Порядок задержания подозреваемого

1.

Постановление о задержании подозреваемого составляется в момент доставления его в орган следствия. Подозреваемому в момент фактического задержания должно быть объявлено в чем он подозревается, а также разъяснено право не давать показания против себя, право иметь адвоката, а также право пользоваться гарантированной государством юридической помощью.

2.

В постановлении о задержании указываются дата и место его составления, должность, фамилия, имя лица, составившего постановление, сведения о личности подозреваемого, его физическом состоянии на момент задержания, основания и мотивы, место и время фактического задержания (с указанием часа и минут), сведения о разъяснении подозреваемому прав, предусмотренных статьей 44 настоящего Кодекса, результаты личного обыска и телефонного разговора.

3.

Постановление о задержании объявляется подозреваемому и подписывается следователем и задержанным с указанием точного времени фактического задержания подозреваемого, а также адвокатом.

4.

Копия постановления незамедлительно вручается задержанному и в течение 12 часов направляется прокурору.

5.

До истечения 45 часов, а в отношении подозреваемого ребенка – до истечения 21 часа с момента фактического задержания подозреваемый должен быть доставлен в суд для решения вопроса о законности и обоснованности его задержания в порядке, предусмотренном статьей 265 настоящего Кодекса.

При задержании лица, объявленного в розыск, проверка законности и обоснованности задержания не требуется. В этом случае до истечения 48 часов, а в отношении ребенка – до истечения 24 часов с момента задержания лицо должно быть доставлено в суд для рассмотрения вопроса об установлении срока применения меры пресечения либо об изменении меры пресечения.

Задержание лиц по подозрению в совершении преступлений, по которым истек срок давности уголовного преследования, не допускается.

6.

Следователь в случае необходимости обязан по ходатайству стороны защиты обеспечить своевременный (не позднее 12 часов) доступ к подозреваемому, находящемуся в местах содержания задержанных, для проведения медицинского осмотра, а в случае необходимости – и к помощи врача.

7.

Жалоба задержанного подозреваемого на действия (бездействие) и решения органа дознания или следствия незамедлительно направляется начальником места содержания задержанного в суд с внесением данных в Единый реестр преступлений.

Кыргызча
Шектүүнү кармоонун тартиби 1. Шектүүнү кармоо жөнүндө токтом ал тергөө органына жеткирилген учурдан тартып чыгарылат. Иш жүзүндө кармалган учурда шектүүгө эмнеден шек саналып жаткандыгы жарыяланышы керек, ошондой эле ага өзүнө каршы көрсөтмөлөрдү бербөө укугу, адвокат алуу укугу, ошондой эле мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдан пайдалануу укугу түшүндүрүлүүгө тийиш. 2. Кармоо жөнүндө токтомдо аны түзүүнүн датасы жана орду, токтом түзгөн адамдын кызматы, фамилиясы, аты, шектүүнүн инсандыгы, кармоо учурундагы анын ден соолугунун абалы, иш жүзүндө кармоонун негиздери жана жүйөлөрү, орду жана убактысы (саатты жана мүнөттү көрсөтүү менен) жөнүндө маалыматтар, шектүүгө ушул Кодекстин 44-беренесинде каралган укуктарды түшүндүрүү жөнүндө маалыматтар, жеке тинтүүнүн жана телефон менен сүйлөшүүнүн жыйынтыктары көрсөтүлөт. 3. Кармоо жөнүндө токтом шектүүгө жарыяланат жана ага тергөөчү менен шектүү, ошондой эле адвокат шектүүнүн иш жүзүндө кармалган так убактысын көрсөтүү менен кол коюшат. 4. Токтомдун көчүрмөсү кармалганга токтоосуз тапшырылат жана 12 сааттын ичинде прокурорго жиберилет. 5. Иш жүзүндө кармалган учурдан тартып 45 саат өткөнгө чейин, ал эми шектелген балага карата 21 саат өткөнгө чейин ушул Кодекстин 265-беренесинде каралган тартипте кармалышынын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө маселени чечүү үчүн шектүү сотко жеткирилүүгө тийиш. Издөө жарыяланган адамды кармоодо, кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү талап кылынбайт. Бул учурда адам кармалган учурдан тартып 48 саат өткөнгө чейин, ал эми балага карата 24 саат өткөнгө чейин бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн белгилөө же болбосо бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө маселени кароо үчүн сотко жеткирилүүгө тийиш. Кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтү аяктаган кылмыштарды жасоо боюнча шектелген адамдарды кармоого жол берилбейт. 6. Тергөөчү зарыл болгон учурда коргоо тарабынын өтүнүчү боюнча кармалгандарды кармоочу жайларда жаткан шектүүгө медициналык кароо жүргүзүүгө, ал эми зарыл болгон учурда – врачтын жардамын өз убагында (12 сааттан кечиктирбестен) камсыз кылууга милдеттүү. 7. Алгачкы текшерүү органынын же тергөөнүн аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимине карата кармалган шектүүнүн даттануусу кармоочу жайдын начальниги тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизүү менен маалыматтарды токтоосуз сотко жөнөтүлөт.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.