Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 77 УПК
УПК КР · гл. 9Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 77. Меры безопасности потерпевшего, свидетеля, обвиняемого и других лиц, участвующих в уголовном судопроизводстве

1.

В целях обеспечения мер безопасности потерпевшего, свидетеля, обвиняемого и других лиц, участвующих в уголовном судопроизводстве, их близких родственников, супруга (супруги) орган, в производстве которого находится дело:

1) выносит официальное предостережение лицу, от которого исходит угроза насилия или других запрещенных уголовным законом деяний, о возможном привлечении его к уголовной ответственности;

2) ограничивает доступ к сведениям о защищаемом лице;

3) выносит поручение об обеспечении его личной безопасности;

4) применяет в отношении обвиняемого меры пресечения, исключающие возможность применения в отношении участников уголовного судопроизводства насилия или совершения иных преступных деяний;

5) применяет меру обеспечения уголовного судопроизводства в виде запрета на приближение.

2.

Предостережение, вынесенное органом, в производстве которого находится уголовное дело, объявляется лицу под расписку.

3.

Ограничение доступа к сведениям о защищаемом лице может иметь место с начала уголовного судопроизводства по заявлению лица и состоит в изъятии из материалов уголовного дела сведений об анкетных данных лица и хранении их отдельно от основного производства, использовании этим лицом псевдонима. О применении данной меры следователь выносит постановление, в котором излагаются причины принятого решения о сохранении в тайне данных о личности, указываются псевдоним и образец подписи защищаемого лица, которые он будет использовать в протоколах следственных действий с его участием. Процессуальные действия с участием защищаемого лица в необходимых случаях могут проводиться в условиях, исключающих его узнавание. Постановление и отделенные от основного производства материалы помещаются в опечатанный конверт, который в дальнейшем хранится в органе, расследовавшем уголовное дело, и с содержимым которого, кроме следователя, могут ознакомиться прокурор и суд.

4.

Порядок обеспечения личной безопасности потерпевших, свидетелей, обвиняемых и других лиц, участвующих в уголовном судопроизводстве, и их близких родственников, супруга (супруги) определяется законом.

5.

Независимо от принятия мер безопасности следователь обязан при наличии к тому оснований начать досудебное производство в связи с обнаружившейся угрозой совершения запрещенного Уголовным кодексом деяния в отношении потерпевшего, свидетеля, другого лица, участвующего в уголовном судопроизводстве.

6.

В случаях поступления заявлений о необходимости обеспечить безопасность обвиняемого, свидетеля и их близких родственников, супруга (супруги), в отношении которых в ходе досудебного производства применялись пытки или иные виды жестокого и бесчеловечного обращения, независимо от принятия мер безопасности прокурором проводится досудебное производство.

7.

Меры безопасности отменяются мотивированным постановлением органа, ведущего уголовное судопроизводство, когда отпадает необходимость в их применении. Защищаемое лицо должно быть незамедлительно уведомлено об отмене мер его безопасности или раскрытии данных о нем лицам, участвующим в уголовном процессе. Подача жалобы в суд или прокурору защищаемым лицом на решение органа, ведущего уголовный процесс, об отмене мер безопасности приостанавливает исполнение обжалуемого решения.

Кыргызча
Жабырлануучунун, күбөнүн, айыпталуучунун жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдардын коопсуздук чаралары 1. Жабырлануучунун, күбөнүн, айыпталуучунун жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдардын, алардын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздук чараларын камсыз кылуу максатында иш анын өндүрүшүндө турган орган: 1) зомбулук коркунучун же кылмыш-жаза мыйзамында тыюу салынган башка аракетти (аракетсиздикти) жасаган жакка кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн экени жөнүндө расмий эскертүү жасайт; 2) корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн чектейт; 3) анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө тапшырма берет; 4) айыпталуучуга карата кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларына зомбулук же башка кылмыштуу аракетти (аракетсиздикти) жасоо мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу бөгөт коюу чараларын колдонот; 5) жакындоого тыюу салуу түрүндөгү кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чарасын колдонот. 2. Кылмыш-жаза иши анын өндүрүшүндө турган орган тарабынан чыгарылган алдын ала эскертүү адамга колтамгасын койдуруу менен жарыяланат. 3. Корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн чектөө адамдын арызы боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн башталышынан тартып орун алышы мүмкүн жана кылмыш-жаза ишинин материалдарынан ушул адамдын анкеталык маалыматтарын алып коюудан жана аларды негизги өндүрүштөн өзүнчө сактоодон, ал адамдын псевдонимди пайдалануусунан турат. Тергөөчү ушул чараны колдонуу жөнүндө токтом чыгарат, анда инсан жөнүндө маалыматтарды жашыруун сактоо жөнүндө кабыл алынган чечимдин себептери баяндалат, корголуучу адамдын өзү катышкан тергөө аракеттеринин протоколдорунда пайдалануучу псевдоними жана колтамгасынын үлгүсү көрсөтүлөт. Корголуучу адамдын катышуусу менен өтүүчү процессуалдык аракеттер зарыл учурларда аны таанууну жокко чыгаруучу шарттарда жүргүзүлүшү мүмкүн. Токтом жана негизги өндүрүштөн бөлүнүп алынган материалдар мөөрлөнүп чапталган конвертке салынат, ал андан ары кылмыш ишин териштирген органда сакталат жана анда камтылгандар менен тергөөчүдөн тышкары прокурор жана сот тааныша алат. 4. Жабырлануучулардын, күбөлөрдүн, айыпталуучулардын жана башка кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышкан адамдардын жана алардын жакын туугандарынын, жубайынын жеке коопсуздугун камсыз кылуунун тартиби мыйзамда аныкталат. 5. Коопсуздук чаралары көрүлгөнүнө карабастан, тергөөчү буга негиздер болгондо, жабырлануучуга, күбөгө, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышкан башка адамга карата Кылмыш-жаза кодексинде тыюу салынган жосунду жасоо коркунучу аныкталганына байланыштуу, сотко чейинки өндүрүштү баштоого милдеттүү. 6. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө кыйноолор же катаал жана адамгерчиликсиз мамиле жасоонун башка түрлөрү колдонулган айыпталуучунун, күбөнүн жана алардын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздугун камсыз кылуунун зарылдыгы жөнүндө арыздар келип түшкөн учурларда коопсуздук чаралары көрүлгөнүнө карабастан, прокурор тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт. 7. Коопсуздук чараларын колдонуунун зарылдыгы жок болгондо, алар кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзгөн органдын жүйөлөштүрүлгөн токтому менен жокко чыгарылат. Корголуп жаткан адам анын коопсуздук чаралары алып салынганы же кылмыш-жаза процессине катышкан адамдарга ал жөнүндө маалыматтардын ачыкталганы жөнүндө токтоосуз маалымдалууга тийиш. Кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органдын коопсуздук чараларын алып салуу жөнүндө чечимине корголуп жаткан адамдын сотко же прокурорго даттануусу даттанылган чечимдин аткарылышын токтотуп турат.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.