Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 497 УПК
УПК КР · гл. 56Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 497. Порядок привлечения к уголовной ответственности отдельной категории должностных лиц

1.

Решение о привлечении к уголовной ответственности депутата Жогорку Кенеша, Акыйкатчы (Омбудсмена) и его заместителя принимается Генеральным прокурором с согласия большинства от общего числа депутатов Жогорку Кенеша, кроме случаев, когда он был застигнут на месте совершения преступления.

2.

Для получения согласия на привлечение депутата Жогорку Кенеша, Акыйкатчы (Омбудсмена) Кыргызской Республики и его заместителя к уголовной ответственности Генеральный прокурор вносит в Жогорку Кенеш соответствующее представление. Генеральный прокурор извещается в 3-дневный срок о принятии постановления Жогорку Кенеша о даче либо об отказе в даче согласия на привлечение к уголовной ответственности.

Отказ Жогорку Кенеша дать согласие на привлечение депутата Жогорку Кенеша, Акыйкатчы (Омбудсмена) и его заместителя к уголовной ответственности является основанием для приостановления дела в отношении них до истечения срока полномочий.

Генеральный прокурор в 3-дневный срок со дня окончания производства по делу обязан сообщить Жогорку Кенешу о результатах следствия.

3.

Привлечение судьи, в том числе экс-судьи, к уголовной ответственности допускается с согласия Совета судей по представлению Генерального прокурора. Для получения согласия на привлечение судьи, в том числе экс-судьи, к ответственности Генеральный прокурор вносит в Совет судей соответствующее представление, в котором указываются обстоятельства дела, статья Уголовного кодекса, по которой судья, в том числе экс-судья, подозреваются, просьба о даче согласия на привлечение к ответственности. Не допускается повторное внесение представления о даче согласия на привлечение судьи, в том числе экс-судьи, к ответственности по тем же основаниям в случае принятия Советом судей решения об отказе в даче такого согласия.

4.

Решение о привлечении к уголовной ответственности Президента, отрешенного от должности Жогорку Кенешем в порядке, определенном Конституцией, экс-президента Кыргызской Республики принимается Генеральным прокурором.

5.

Зарегистрированные кандидат в Президенты, кандидат в депутаты Жогорку Кенеша не могут быть привлечены к уголовной ответственности за преступления до дня официального объявления результатов выборов без согласия Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики. Решение о привлечении их к ответственности за преступления принимается органами прокуратуры.

6.

Решение о привлечении к уголовной ответственности Генерального прокурора принимается одним из его заместителей с согласия не менее чем половины голосов от общего числа депутатов Жогорку Кенеша по представлению Президента.

Кыргызча
Кызмат адамдарынын айрым категориясын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун тартиби 1. Жогорку Кеңештин депутатын, Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана анын орун басарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим, ал кылмыш жасаган жерде кармалган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен Башкы прокурор тарабынан кабыл алынат. 2. Жогорку Кеңешинин депутатын, Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана анын орун басарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуш киргизет. Башкы прокурор 3 күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңештин кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же болбосо макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө токтому кабыл алынгандыгы тууралуу кабарландырылат. Жогорку Кеңештин депутатын, Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана анын орун басарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн Жогорку Кеңештин баш тартуусу ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин аларга карата ишти токтото туруу үчүн негиз болуп саналат. Башкы прокурор иш боюнча өндүрүш аяктаган күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңешке тергөөнүн жыйынтыктары тууралуу билдирүүгө милдеттүү. 3. Башкы прокурордун сунушу боюнча Судьялар кеңешинин макулдугу менен судьяны, анын ичинде экс-судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга жол берилет. Башкы прокурор судьяны, анын ичинде экс-судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Судьялар кеңешине тийиштүү сунуш киргизет, анда иштин жагдайлары, судья, анын ичинде экс-судья шектелип жаткан Кылмыш-жаза кодексинин беренеси, жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч көрсөтүлөт. Судьялар кеңеши мындай макулдукту берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, ошол эле негиздер боюнча судьяны, анын ичинде экс-судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунушун кайталап киргизүүгө жол берилбейт. 4. Кыргыз Республикасынын Конституциясында аныкталган тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кызматынан четтетилген Президентти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экс-президентин кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим Башкы прокурор тарабынан кабыл алынат. 5. Катталган Президенттикке талапкер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылмыштары үчүн шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнгө чейин жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын макулдугусуз кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес. Кылмыштары үчүн аларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечимди прокуратура органдары кабыл алат. 6. Башкы прокурорду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим Президенттин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу менен анын орун басарларынын бири тарабынан кабыл алынат.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.