Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 438 УПК
УПК КР · гл. 50Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 438. Порядок разрешения вопросов, связанных с исполнением приговора

1.

Разрешение вопросов, связанных с исполнением приговора, применением принудительных мер медицинского характера, освобождением от отбывания наказания, производится судом с участием прокурора.

2.

О времени рассмотрения вопроса, связанного с исполнением приговора, извещаются прокурор и осужденный. Вопрос о вызове осужденного, содержащегося под стражей, решается судом. Если вопрос касается исполнения приговора в части возмещения материального ущерба и (или) морального вреда, вызывается потерпевший, неявка которого не препятствует рассмотрению дела.

3.

При рассмотрении судом вопросов об условно-досрочном освобождении от наказания вызывается осужденный, представитель администрации исправительного учреждения.

4.

В тех случаях, когда дело рассматривается судом по совместному представлению администрации исправительного учреждения, с заключением социального исследования личности клиента пробации, с отражением потенциальных рисков возможного совершения нового преступления, криминогенных потребностей, перспектив ресоциализации и уполномоченного государственного органа по защите детей, суд извещает эти органы о времени и месте рассмотрения представления.

5.

При рассмотрении судом вопроса об отмене освобождения от наказания с применением пробационного надзора, а также вопроса о дополнении ранее установленных для осужденного пробационных обязанностей, суд рассматривает представление с участием осужденного, его представителя, представителя органа пробации или командования воинских частей, прокурора.

6.

По результатам рассмотрения вопроса, связанного с исполнением приговора, суд выносит постановление, которое подлежит оглашению в зале судебного заседания. Копия постановления направляется в 3-дневный срок осужденному, органу, по представлению которого рассматривался вопрос, связанный с исполнением приговора, а также потерпевшему, если вопрос касался исполнения приговора в части возмещения материального ущерба и (или) морального вреда.

7.

Постановление судьи может быть обжаловано в апелляционном порядке.

Кыргызча
Өкүмдү аткарууга байланышкан маселелерди чечүүнүн тартиби 1. Өкүмдү аткарууга, медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонууга, жазаны өтөөдөн бошотууга байланышкан маселелерди чечүү прокурордун катышуусу менен сот тарабынан жүргүзүлөт. 2. Өкүмдү аткарууга байланышкан маселелерди кароонун убактысы жөнүндө прокурорго жана соттолгонго маалымдалат. Камакта кармалып турган соттолгонду чакыруу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде маселе материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу бөлүгүндөгү өкүмдү аткарууга тиешелүү болсо, жабырлануучу да чакырылат, анын келбей коюшу ишти кароого тоскоолдук кылбайт. 3. Сот тарабынан жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселе каралганда, соттолгон адам, түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлү чакырылат. 4. Иш сот тарабынан жаңы кылмыш жасоо мүмкүндүгүнүн потенциалдуу тобокелдиктерин, криминогендик керектөөлөрдү, кайра социалдаштыруу перспективаларын чагылдырган пробация кардарынын инсандыгын социалдык изилдөө корутундусу менен түзөтүү мекемесинин администрациясынын жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биргелешкен сунушу боюнча каралган учурда, сот бул органдарга сунушту кароонун убактысы жана орду жөнүндө маалымдайт. 5. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотууну жокко чыгаруу жөнүндө маселе, ошондой эле соттолгон адам үчүн мурда белгиленген пробациялык милдеттерди толуктоо жөнүндө маселе сот тарабынан каралганда, сот соттолгондун, анын өкүлүнүн, пробация органынын өкүлүнүн же аскер бөлүгүнүн командачылыгынын, прокурордун катышуусу менен сунушту карайт. 6. Өкүмдү аткаруу менен байланышкан маселени кароонун натыйжалары боюнча сот токтом чыгарат, ал соттук отурумдун залында жарыяланууга тийиш. Токтомдун көчүрмөсү 3 күндүк мөөнөттө соттолгонго, өкүмдү аткаруу менен байланышкан маселе анын сунушу боюнча каралган органга, ошондой эле эгерде маселе материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу бөлүгүндөгү өкүмдүн аткарылышына тиешелүү болсо, жабырлануучуга да жиберилет. 7. Соттун токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. ХII БӨЛҮМ КАССАЦИЯЛЫК ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТОГУ ИШ ӨНДҮРҮШҮ 51-глава. Кассациялык тартипте сот чечимдерине даттануу

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.