Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 268 УПК
УПК КР · гл. 37Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 268. Порядок рассмотрения ходатайства о наложении ареста на имущество

1.

При решении вопроса о поддержании ходатайства о наложении ареста на имущество следственный судья обязан ознакомиться со всеми материалами, содержащими основания для наложения ареста на имущество.

2.

Постановление лица, осуществляющего расследование, о возбуждении ходатайства о наложении ареста на имущество подлежит рассмотрению следственным судьей в судебном заседании с участием прокурора по месту проведения досудебного производства в течение 24 часов с момента поступления материалов в суд. В судебном заседании вправе участвовать подозреваемый, обвиняемый, адвокат, а также лицо, на имущество которого налагается арест, и специалист, определяющий стоимость имущества. Неявка участников процесса в случае своевременного их извещения судом о месте и времени судебного заседания не препятствует проведению судебного заседания. В ходе судебного заседания ведется протокол.

3.

Рассмотрев ходатайство о наложении ареста на имущество, следственный судья выносит постановление об удовлетворении либо отказе в наложении ареста на имущество.

4.

В постановлении о наложении ареста на имущество должны быть указаны имущество, подлежащее аресту, а также стоимость имущества, на которое достаточно наложить арест в обеспечение возмещения материального ущерба и (или) морального вреда, сведения о месте хранения имущества до принятия окончательного решения по делу.

5.

Постановление следственного судьи об удовлетворении или отказе в удовлетворении ходатайства о наложении ареста на имущество может быть обжаловано прокурором либо обвиняемым, адвокатом, потерпевшим, его представителем, а также иными лицами в той части, в которой обжалуемое судебное решение затрагивает их права и законные интересы, в апелляционном порядке в течение 5 суток.

6.

Постановление следственного судьи о наложении ареста на имущество направляется лицу, осуществляющему расследование, обвиняемому, а также прокурору, потерпевшему, лицу, ответственному за возмещение материального ущерба и (или) морального вреда.

7.

Имущество, на которое наложен арест, может быть изъято либо передано по усмотрению следственного судьи на хранение представителю местной администрации, жилищно-эксплуатационной организации, владельцу этого имущества либо иному лицу, которые должны быть предупреждены об ответственности за сохранность имущества, о чем отбирается подписка.

Кыргызча
Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү кароо тартиби 1. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү колдоо тууралуу маселени чечүүдө тергөө судьясы мүлккө камак салуу үчүн негиздер камтылган бардык материалдар менен таанышууга милдеттүү. 2. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо тууралуу тергөөнү жүзөгө ашырган адамдын токтому материалдар сотко келип түшкөн күндөн тартып 24 сааттын ичинде сотко чейинки өндүрүштүн жери боюнча прокурордун катышуусу менен соттук отурумда тергөө судьясы тарабынан каралууга жатат. Соттук отурумга шектүү, айыпталуучу, адвокат, ошондой эле мүлкү камакка алынып жаткан адам жана мүлктүн баасын аныктаган адис катышууга укуктуу. Соттук отурумдун жери жана убактысы жөнүндө сот тарабынан өз мезгилинде кабарланган процесстин катышуучуларынын келбей калуусу соттук отурумду өткөрүүгө жолтоо болбойт. Соттук отурумдун жүрүшүндө протокол жүргүзүлөт. 3. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү карап, тергөө судьясы мүлккө камак салууну канааттандыруу же болбосо баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат. 4. Мүлккө камак салуу жөнүндө токтомдо камак салууга жаткан мүлк, ошондой эле материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу үчүн камак салуу жетиштүү болгон мүлктүн наркы, иш боюнча акыркы чечим кабыл алынганга чейин мүлктүн сакталган жери жөнүндө маалымат көрсөтүлүүгө тийиш. 5. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу же канааттандыруудан баш тартуу тууралуу тергөө судьясынын токтому прокурор же болбосо айыпталуучу, адвокат, жабырлануучу, анын өкүлү, ошондой эле башка адамдар тарабынан соттун талашылып жаткан чечими алардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына таасир эткен учурларда 5 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. 6. Мүлккө камак салуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому тергөөнү жүзөгө ашырган адамга, айыпталуучуга, ошондой эле прокурорго, жабырлануучуга, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууга жооптуу адамга жөнөтүлөт. 7. Камак салынган мүлк алып коюуга же тергөө судьясынын кароосу боюнча жергиликтүү администрациянын, турак жай-эксплуатациялык уюмдун өкүлүнө, ал мүлктүн ээсине же мүлктүн сакталгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилүүгө тийиш болгон башка адамга сактоого өткөрүлүп берилиши мүмкүн, бул жөнүндө кол койдуруп алынат.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.