Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 247 УПК
УПК КР · гл. 33Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 247. Действия следователя после приостановления следствия

1.

После приостановления следствия в случаях, предусмотренных пунктом 3 части 1 статьи 246 настоящего Кодекса, следователь обязан принимать непосредственно, а также через органы дознания меры к установлению лица, подлежащего привлечению к уголовной ответственности, и в случае необходимости может производить следственные действия.

2.

Приостановив следствие, следователь обязан уведомить об этом потерпевшего и (или) его представителя посредством сервиса гарантированной доставки сообщений, позволяющего зафиксировать факт направления и получения уведомления, а также одновременно разъяснить ему (им), что постановление о приостановлении следствия может быть обжаловано прокурору в течение 5 суток. В случае приостановления следствия по основаниям, предусмотренным пунктом 2 части 1 статьи 246 настоящего Кодекса, в таком же порядке уведомляются обвиняемый и его адвокат.

В случае отсутствия технической возможности либо сведений, необходимых для направления уведомления посредством сервиса гарантированной доставки сообщений, уведомление направляется посредством СМС-сообщения, электронной почты или иных аналогичных форм телекоммуникаций, позволяющих зафиксировать факт направления и получения адресатом соответствующего уведомления.

Порядок функционирования сервиса гарантированной доставки сообщений, а также направления, доставки и фиксации уведомлений (извещений, повесток, документов) посредством указанного сервиса определяется Кабинетом Министров.

3.

Приостановив следствие по основаниям, предусмотренных частью 1 статьи 246 настоящего Кодекса, следователь обязан в течение 5 суток направить уголовное дело прокурору для изучения законности принятого решения.

4.

В течение 10 суток с момента получения уголовного дела прокурор выносит заключение о признании законным и обоснованным решения о его приостановлении либо выносит постановление об отмене постановления о приостановлении уголовного дела с указанием обоснования принятого им решения.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 6 октября 2026 года № 148)

Кыргызча
Тергөөчүнүн тергөөнү токтоткондон кийинки аракеттери 1. Ушул Кодекстин 246-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурларда тергөө токтотулгандан кийин тергөөчү түздөн-түз, ошондой эле алгачкы текшерүү органдары аркылуу кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш болгон адамды аныктоого карата чара көрүүгө милдеттүү жана зарыл учурда тергөө аракеттерин жүргүзө алат. 2. Тергөөнү токтото туруу менен тергөөчү бул тууралуу жабырлануучуга жана (же) анын өкүлүнө кабарламаны жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоого, ошондой эле тергөөнү токтото туруу жөнүндө токтом боюнча прокурорго 5 сутканын ичинде даттанууга мүмкүн экендигин, бир эле убакта ага (аларга) түшүндүрүүгө милдеттүү. Ушул Кодекстин 246-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча тергөө токтотулуп турган учурда, айыпталуучуга жана анын адвокатына ушундай эле тартипте кабарланат. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлама жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлама тиешелүү кабарлама жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 3. Тергөө ушул Кодекстин 246-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча токтотулганда, тергөөчү кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугун изилдөө үчүн кылмыш ишин прокурорго 5 күндүн ичинде жиберүүгө милдеттүү. 4. Кылмыш ишин алган күндөн тартып 10 сутканын ичинде прокурор аны токтотуу жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн таануу тууралуу корутунду чыгарат же болбосо ал кабыл алган чечимдин негиздемесин көрсөтүү менен кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтомду жокко чыгаруу тууралуу токтом чыгарат. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.