Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 212 УПК
УПК КР · гл. 28Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 212. Основание и порядок производства обыска и выемки

1.

Основанием для проведения обыска является наличие достаточных данных полагать, что в помещении или ином месте либо у лица могут находиться орудия преступления, предметы, документы и ценности, которые могут иметь значение для уголовного дела, в том числе обнаружение имущества, подлежащего аресту. Обыск может проводиться в целях обнаружения разыскиваемых лиц и трупов.

2.

При необходимости изъятия определенных предметов и документов, имеющих значение для дела, и если точно известно, где и у кого они находятся, а также с целью конфискации имущества производится их выемка.

3.

При необходимости проведения обыска и выемки следователь с согласия прокурора возбуждает перед следственным судьей соответствующее ходатайство.

4.

Обыск и выемка проводятся на основании решения следственного судьи.

5.

Следственный судья отказывает в удовлетворении ходатайства об обыске, если следователь не докажет наличие достаточных оснований считать, что:

1) совершено преступление;

2) отыскиваемые вещи, документы имеют значение для дела;

3) сведения, которые содержатся в отыскиваемых вещах, документах, могут быть доказательствами по делу;

4) отыскиваемые вещи, документы или лица находятся в указанном месте.

6.

Обыск может быть проведен в любой момент следствия.

7.

Обыск и выемка проводятся с использованием фото-, видеосъемки, а в необходимых случаях с участием специалиста, переводчика.

8.

Потерпевшие, подозреваемые, обвиняемые могут быть привлечены к участию в обыске, выемке, когда необходимо опознание искомых объектов.

9.

В исключительных случаях, когда имеется реальное опасение, что разыскиваемый и подлежащий изъятию объект может быть из-за промедления с его обнаружением утрачен, поврежден или использован в преступных целях либо разыскиваемое лицо может скрыться, обыск и выемка могут быть проведены без решения следственного судьи, но с последующим направлением ему и прокурору в течение 24 часов письменного уведомления о проведенном обыске. Получив указанное уведомление, протокол и иные материалы, полученные в результате обыска, выемки, следственный судья проверяет законность проведенных обыска, выемки и выносит решение об их законности или незаконности. В случае если принято решение о незаконности проведенных обыска, выемки, данное действие не может быть допущено в качестве доказательства по делу.

10.

До начала проведения обыска следователь обязан предъявить лицам, у которых проводится обыск, постановление о его производстве, и им предлагается выдать добровольно подлежащие изъятию предметы и документы, могущие иметь значение для дела. Если они выданы добровольно и нет оснований опасаться сокрытия подлежащих изъятию предметов и документов, следователь вправе не производить дальнейших поисков. При проведении обыска могут вскрываться запертые помещения и хранилища, которые владелец отказывается открыть добровольно. При этом не должны допускаться не вызываемые необходимостью повреждения запоров дверей и других предметов.

11.

До начала производства выемки следователь обязан предъявить постановление об ее производстве и предлагает выдать предметы и (или) документы, подлежащие изъятию. При добровольной выдаче объекты изымаются и на этом выемка завершается. В случае отказа выемка производится принудительно.

12.

Обыск жилища против воли проживающих в нем лиц и иных объектов, находящихся у них в собственности или ином праве, в помещениях организаций производится в присутствии лиц, указанных в частях 7 и 8 статьи 172 настоящего Кодекса. При проведении обыска вправе присутствовать адвокат, а также адвокат того лица, в помещении которого проводится обыск.

13.

Обыск в помещениях, занимаемых дипломатическими представительствами, а также в помещениях, в которых проживают члены дипломатических представительств и их семьи, производится с соблюдением требований, установленных частью 9 статьи 172 настоящего Кодекса.

14.

Следователь обязан принимать меры к тому, чтобы не были разглашены выявленные при обыске и выемке обстоятельства частной жизни лица, занимающего данное помещение, или других лиц.

15.

Следователь вправе запретить лицам, находящимся в помещении или месте, где производятся обыск и выемка, и лицам, приходящим в это помещение или место, покидать его, а также общаться друг с другом или иными лицами до окончания обыска и выемки.

16.

При проведении обыска и выемки следователь должен ограничиваться изъятием предметов и документов, которые могут иметь отношение к делу. Предметы и документы, запрещенные к обращению, подлежат изъятию независимо от их отношения к делу.

17.

При невозможности изъятия электронных носителей без специального познания, изъятие электронных носителей информации в ходе проведения обыска и выемки осуществляется специалистом. По ходатайству законного владельца или обладателя электронных носителей с согласия следователя специалистом, участвующим в обыске и выемке, с изымаемых электронных носителей информации осуществляется копирование информации. Копирование информации осуществляется на другие электронные носители информации, предоставленные законным владельцем или обладателем изымаемых электронных носителей информации. При проведении обыска не допускается копирование информации, если это может воспрепятствовать расследованию преступления либо может повлечь утрату или изменение информации.

18.

Не имеющие отношение к делу вещи подлежат возвращению по принадлежности, но на них может быть наложен арест в обеспечение возмещения ущерба.

19.

Все изымаемые предметы и документы предъявляются участвующим при обыске и выемке лицам, упаковываются и опечатываются на месте обыска и выемки и удостоверяются подписями указанных лиц.

Кыргызча
Тинтүү жана алып коюу өндүрүшүнүн негизи жана тартиби 1. Тинтүү жүргүзүү үчүн негиз болуп орун-жайда же башка жерде, же болбосо адамда кылмыш куралы, предметтер, документтер жана кылмыш иши үчүн мааниси болушу мүмкүн болгон баалуулуктар, анын ичинде камакка алууга жаткан мүлк бар деп эсептөөгө жетиштүү маалыматтын болушу саналат. Тинтүү издөөдөгү адамдарды жана өлүктөрдү табуу максатында жүргүзүлүшү мүмкүн. 2. Иш үчүн мааниси бар, белгилүү бир предметтерди жана документтерди алып коюу зарыл болгондо жана эгерде алар кимде жана кайсы жерде экендиги так белгилүү болсо, ошондой эле мүлктү конфискациялоо максатында аларды алып коюу жүргүзүлөт. 3. Тинтүүнү жана алып коюуну жүргүзүү зарыл болгондо тергөөчү прокурордун макулдугу менен тергөө судьясынын алдында тиешелүү өтүнүч козгойт. 4. Тинтүү жана алып коюу тергөө судьясынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт. 5. Эгерде тергөөчү төмөндөгүдөй эсептөө үчүн жетиштүү негиздердин болгондугун далилдебесе, тергөө судьясы тинтүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартат: 1) кылмыш жасалган; 2) изделген буюмдар, документтер иш үчүн маанилүү; 3) изделген буюмдарда, документтерде камтылган маалыматтар иш боюнча далил болушу мүмкүн; 4) изделген буюмдар, документтер же адамдар көрсөтүлгөн жерде жайгашкан. 6. Тинтүү тергөөнүн ар кандай учурунда жүргүзүлүшү мүмкүн. 7. Тинтүү жана алып коюу сүрөт, видео тартып алууларды пайдалануу менен, ал эми зарыл учурларда, ошондой эле адистин, котормочунун катышуусунда жүргүзүлөт. 8. Жабырлануучулар, шектүүлөр, айыпталуучулар изделген объекттерди таануунун зарылчылыгы болгондо, тинтүүгө, алып коюуга катышууга тартылышы мүмкүн. 9. Өзгөчө учурларда, изделүүчү же алып коюуга тийиш болгон объект шашылбоонун кесепетинен аны табуу маанисин жоготушу, бузулушу же кылмыштык максаттарда пайдаланылышы, же болбосо изделүүчү адам жашынып калышы жөнүндө реалдуу коркунуч болгондо, тинтүү жана алып коюу тергөө судьясынын чечими жок жүргүзүлүшү мүмкүн, бирок кийин ага жана прокурорго тинтүүнү жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлама 24 сааттын ичинде жөнөтүлөт. Көрсөтүлгөн кабарламаны, протоколду жана тинтүүнүн, алып коюунун жыйынтыктарында алынган башка материалдарды алгандан кийин тергөө судьясы жүргүзүлгөн тинтүүнүн, алып коюунун мыйзамдуулугун текшерет жана анын мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы жөнүндө чечим чыгарат. Эгерде жүргүзүлгөн тинтүүнүн, алып коюунун мыйзамсыздыгы жөнүндө чечим кабыл алынса, бул аракет иш боюнча далил катары колдонууга жол берилбейт. 10. Тинтүү жүргүзүлгөнгө чейин тергөөчү анын өндүрүшү жөнүндө токтомду тинтүү жүргүзгөн адамга көрсөтүүгө милдеттүү жана аларга иш үчүн мааниси болушу мүмкүн болгон, алып коюуга жаткан предметтерди жана документтерди ыктыярдуу тапшырууну сунуштайт. Эгерде алар ыктыярдуу берилсе жана алып коюуга жаткан предметтерди жана документтерди катып коюу коркунучуна негиз жок болсо, тергөөчү андан ары издөөлөрдү жүргүзүүнү улантпай коюуга укуктуу. Тинтүү жүргүзүүдө менчик ээси ыктыярдуу ачуудан баш тарткан жабык имарат, бөлмөлөр жана сактоочу жайлар ачылышы мүмкүн. Мында эшиктердин жана башка предметтердин зарылчылык туудурбаган бекитмелерин бузууга жол берилбөөгө тийиш. 11. Тинтүү жүргүзүлгөнгө чейин тергөөчү анын өндүрүшү жөнүндө токтомду көрсөтүүгө милдеттүү жана алып коюуга жаткан предметтерди жана (же) документтерди өткөрүп берүүнү сунуштайт. Ыктыярдуу берилген объекттер алып коюлат жана ушуну менен алып коюу аяктайт. Баш тартылган учурда алып коюу мажбурлап жүргүзүлөт. 12. Жашаган адамдардын эркине каршы, алардын менчигинде же башка укугунда турган турак жайларды жана башка объекттерди, уюмдардын жайларын тинтүү жана алып коюу ушул Кодекстин 172-беренесинин 7 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн адамдардын катышуусу менен жүргүзүлөт. Тинтүү учурунда адвокат, ошондой эле анын имаратында тинтүү жүргүзүлүп жаткан адамдын адвокаты катышууга укуктуу. 13. Дипломатиялык өкүлчүлүктөр ээлеген жайларда, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн мүчөлөрү жана алардын үй-бүлөлөрү жашаган жайларда тинтүү жана алып коюу ушул Кодекстин 172-беренесинин 9-бөлүгүндө белгиленген талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. 14. Тергөөчү тинтүү жүргүзүүдө жана алып коюуда табылган ошол үйдү ээлеген адамдын жана башка адамдардын жеке турмушунун жагдайларын ачыкка чыгарбоо үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү. 15. Тергөөчү тинтүү жана алып коюу жүргүзүлгөн жайдагы жана жердеги адамдарга жана ал жайга же жерге келген адамдарга аны таштап кетүүгө, ошондой эле тинтүү жана алып коюу аяктаганга чейин бири-бири менен же башка адамдар менен пикир алышууга тыюу салууга укуктуу. 16. Тинтүүнү жана алып коюуну жүргүзүүдө тергөөчү ишке тиешеси болушу мүмкүн предметтерди жана документтерди алып коюу менен чектелүүгө тийиш. Жүгүртүүгө тыюу салынган предметтер жана документтер алардын ишке тиешелүүлүгүнө карабастан алып коюуга жатат. 17. Атайын таанып билүүсүз электрондук алып жүрүүчүлөрдү алып коюу мүмкүн болбогондо, тинтүү жана алып коюуну жүргүзүүнүн жүрүшүндө маалыматтык электрондук алып жүрүүчүлөрүн алып коюу адис тарабынан ишке ашырылат. Электрондук алып жүрүүчүлөрдүн мыйзамдуу ээсинин жана ээ болуучунун өтүнүчү боюнча тергөөчүнүн макулдугу менен тинтүүгө жана алып коюуга катышкан адис тарабынан алынып коюлган маалыматтык электрондук алып жүрүүчүлөрдөн маалыматтарды көчүрүү жүзөгө ашырылат. Мыйзамдуу ээси же ээ болуучусу тарабынан же алынган электрондук алып жүрүүчүлөрдүн ээси тарабынан маалыматтарды башка электрондук алып жүрүүчүлөргө маалыматты көчүрүү жүзөгө ашырылат. Тинтүү жүргүзүүдө бул кылмыштын тергелишине тоскоол болуп же маалыматтын жоголушуна же өзгөрүшүнө алып келсе, маалыматты көчүрүүгө жол берилбейт. 18. Ишке тиешелүү болбогон буюмдар тиешелүүлүгүнө жараша кайтарылып берилүүгө тийиш, бирок залалдын ордун толтурууну камсыз кылуу үчүн аларга камак салынышы мүмкүн. 19. Бардык алып коюлуучу предметтер жана документтер тинтүүгө жана алып коюуга катышкан адамдарга көрсөтүлөт, таңгакталат жана тинтүү жана алып коюу жүргүзүлгөн жерде мөөр басылат жана көрсөтүлгөн адамдардын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.