Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 210 УПК
УПК КР · гл. 27Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 210. Порядок предъявления для опознания

1.

Перед началом предъявления для опознания лица следователь выясняет у опознающего о внешнем виде и приметах этого лица, о чем делается отметка в протоколе предъявления для опознания. Если лицо заявляет, что оно не может назвать приметы, по которым сможет узнать лицо, однако сможет опознать его по совокупности иных признаков, то в протоколе отмечается, по совокупности каких именно признаков оно может узнать опознаваемого. Запрещается предварительно показывать опознающему лицо, которое должно быть предъявлено для опознания, и представлять другие сведения о приметах этого лица.

2.

Предъявление для опознания должно проводиться в условиях, обеспечивающих опознающему возможность внимательного осмотра предъявленных для опознания лиц, а именно: предоставления опознающему достаточного времени для тщательного осмотра опознаваемых; расположения опознаваемых в определенных положениях по требованию опознающего.

3.

Участие в следственном действии иных лиц, среди которых располагается опознаваемый, возможно только при их добровольном согласии и условии, что опознающий с ними заведомо не знаком. Приглашенным лицам, среди которых предъявляется опознаваемый, разъясняются цели и порядок следственного действия, их права и обязанности.

4.

Опознаваемое лицо предъявляется опознающему лицу вместе с другими лицами того же пола, которых должно быть не менее 3 и которые не имеют резких отличий в возрасте, внешности и одежде. Перед тем, как предъявить лицо для опознания, ему предлагается при отсутствии опознающего лица занять любое место среди других предъявляемых лиц.

5.

Если опознающим является свидетель или потерпевший, он перед опознанием предупреждается об уголовной ответственности за отказ от дачи показаний, за дачу заведомо ложных показаний, ему разъясняется право не свидетельствовать против самого себя, супруга (супруги) и своих близких родственников.

6.

Опознающему предлагается осмотреть предъявляемых лиц и сообщить, опознает ли он кого-либо и если опознал, то объяснить по каким приметам.

7.

С целью обеспечения безопасности опознающего лица опознание может проводиться в условиях, когда опознаваемое лицо не видит и не слышит опознающее лицо, то есть вне визуального и аудионаблюдения.

8.

При необходимости опознание может производиться по фотоснимкам, материалам видеозаписи с соблюдением требований настоящей статьи. Проведение опознания по фотоснимкам, материалам видеозаписи не исключает возможности в дальнейшем предъявления лица для опознания.

9.

Фотоснимок с опознаваемым лицом предъявляется опознающему вместе с другими фотоснимками, которых должно быть не менее 3, которые не должны иметь резких отличий между собой по качественным характеристикам и другим особенностям, существенно влияющих на восприятие изображения. Лица на других фотоснимках должны быть того же пола и не должны иметь резких отличий в возрасте, внешности и одежде с опознаваемым лицом. Те же требования относятся к материалам видеозаписи с изображением опознаваемого лица, которые могут быть предъявлены только при условии изображения на них не менее 3 лиц, которые должны быть того же пола и не должны иметь резких отличий в возрасте, внешности и одежде с опознаваемым лицом.

10.

При предъявлении лица для опознания могут быть привлечены специалисты для фиксации хода и результатов опознания техническими средствами, психологи, педагоги и другие специалисты.

11.

При опознании по особенностям голоса, речи предъявление лица для опознания может быть произведено в условиях, исключающих визуальное наблюдение опознаваемым опознающего.

12.

Как правило, труп предъявляется в единственном числе. По делам о катастрофах и другим делам со значительным числом жертв предъявление для опознания трупа может производиться в общем числе погибших. В необходимых случаях, по указанию следователя, перед показом трупа опознающему специалист производит гримирование трупа. Указание следователя об обеспечении сохранности трупа в месте его нахождения обязательно для исполнения в период времени, необходимого для проведения предъявления для опознания.

13.

Предмет предъявляется в группе однородных предметов в количестве не менее 3, которые должны соответствовать не только по наименованию и назначению, но и в целом по размеру, форме, модели и цвету. При опознании предмета, для которого невозможно или затруднительно подобрать аналогичные объекты, опознание производится по единственному предъявляемому экземпляру. Если опознающий указал на один из предъявленных ему предметов, ему предлагается объяснить, по каким признакам или особенностям он узнал данный предмет.

14.

Перед предъявлением для опознания документов, имеющих значение для дела, на допросе у опознающего выясняются цвет чернил, расположение реквизитов, наличие помарок, исправлений, особенности графических начертаний тех или иных букв или цифр. Документ опознается по его внешнему виду, графике и общему зрительному образу текста. Признаки письма и почерка (общие и частные) не могут служить основанием для опознания документа. Документ может предъявляться опознающему в единственном экземпляре.

15.

Опознание животных аналогично тактике предъявления для опознания предметов. Их опознание производится по таким признакам как порода, масть, возраст, вещи, находящиеся на животных, особенности ковки, клейма, физические особенности и дефекты, особенности дрессировки.

Кыргызча
Таануу үчүн көрсөтүүнүн тартиби 1. Адамды таануу үчүн көрсөтүүнү баштоонун алдында тергөөчү тааный тургандан ошол адамдын кебетеси жана белгилери жөнүндө сурайт, бул жөнүндө таануу үчүн көрсөтүү протоколуна белги коюлат. Эгерде адам тааный турган белгилерди атай албаса, бирок аны башка белгилери боюнча тааный ала тургандыгын билдирсе, анда протоколдо кайсы башка белгилери боюнча тааный тургандыгы көрсөтүлөт. Таануучуга таануу үчүн көрсөтүлө турган адамды алдын ала көрсөтүүгө жана анын белгилери жөнүндө башка маалыматтарды берүүгө тыюу салынат. 2. Таануу үчүн көрсөтүүдө таануучуга таанылуучуларды көңүл буруп карап чыгуу үчүн мүмкүндүктү камсыз кылуучу шарттарда жүргүзүлүшү керек, атап айтканда: таануучуга таанылуучуларды кылдаттык менен карап чыгуу үчүн жетиштүү убакыт берүү; таануучунун талабы боюнча таанылуучуларды белгилүү бир абалда жайгаштыруу. 3. Алардын арасында таанылуучу адам бар болгон башка адамдардын тергөө аракетине катышуусу таануучу аларды билип туруп тааныбаган шартта алардын ыктыярдуу макулдугу менен гана мүмкүн. Алардын арасында таанылуучу адам бар болгон чакырылган адамдарга тергөө аракеттеринин максаттары жана тартиби, алардын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт. 4. Таанылуучу адам ошол эле жыныстагы башка адамдар менен бирге таануучу адамга көрсөтүлөт, алар 3 төн эмес болушу керек жана жаш курагында, кебетесинде жана кийиминде кескин айырмачылыктарга ээ болбошу керек. Адамды таануу үчүн көрсөтөрдүн алдында ага таануучу адам жок кезде башка көрсөтүлүүчү адамдардын арасында каалаган жерге туруусу сунушталат. 5. Эгерде таануучу адам күбө же жабырлануучу болсо, ага көрсөтмө берүүдөн баш тартуу үчүн, билип туруп жалган көрсөтмө берүүсү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылары эскертилет, анын өзүнө, жубайына жана жакын туугандарына каршы күбө бербөө укугу түшүндүрүлөт. 6. Таануучу адамга көрсөтүлгөн адамдарды карап чыгуу жана ал кимдир бирөөнү таанып жаткандыгын, эгерде тааныса, кайсы белгилери боюнча тааныгандыгын түшүндүрүп берүү сунушталат. 7. Таануучу адамдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында таанылуучу адам аны таануучу адамды көрбөгөн жана укпаган шарттарда, башкача айтканда, визуалдык жана аудиобайкоо жүргүзүү болбогон шарттарда таануу жүргүзүлүшү мүмкүн. 8. Зарыл болгондо, ушул берененин талаптарын сактоо менен фотосүрөттөр, видео жазуунун материалдары боюнча таануу жүргүзүлүшү мүмкүн. Фотосүрөттөр, видео жазуунун материалдары боюнча таануу жүргүзүү таануу үчүн адамды андан ары көрсөтүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. 9. Таанылуучу адам түшкөн фотосүрөт 3төн кем эмес болгон башка фотосүрөттөр менен бирге таануучу адамга көрсөтүлөт, алар сапаттык мүнөздөмөлөрү жана сүрөттү кабыл алуусуна олуттуу таасир этүүчү башка өзгөчөлүктөрү боюнча бири-биринен кескин түрдө айырмаланбашы керек. Башка фотосүрөттөрдөгү адамдар ошол эле жыныста болуп, таанылуучу адам менен жаш курагы, кебетеси жана кийими боюнча кескин айырмачылыктарга ээ болбошу керек. Ушул эле талаптар таанылуучу адам тартылган видеожазуунун материалдарына таандык болот, алар кеминде 3 адам тартылган шартта көрсөтүлүшү мүмкүн жана таанылуучу адам менен ошол эле жыныста болуп, жаш курагында, кебетесинде жана кийиминде кескин айырмачылыктары болбошу керек. 10. Адамды таануу үчүн көрсөтүүдө таануунун жүрүшүн жана натыйжаларын техникалык каражаттар менен белгилөө үчүн адистер, психологдор, педагогдор жана башка адистер тартылышы мүмкүн. 11. Үнү, сүйлөө өзгөчөлүктөрү боюнча адамды таанууда таанылуучу таануучу адамды көрбөгөн шарттарда жүргүзүлүшү мүмкүн. 12. Эреже катары, адамдын өлүгү жалгыз көрсөтүлөт. Катастрофалар жөнүндө иштер жана курмандыктардын саны көп болгон башка иштер боюнча адамдын өлүгүн таануу үчүн көрсөтүү каза болгондордун жалпы санында жүргүзүлүшү мүмкүн. Зарыл болгон учурларда, тергөөчүнүн көрсөтмөсү боюнча адамдын өлүгүн таануучуга көрсөтөөрдүн алдында адис өлүктү гримдейт. Тергөөчүнүн адамдын өлүгүн ал турган жерде сакталышын камсыз кылуу жөнүндө көрсөтмөсү таанууну жүргүзүүгө зарыл болгон убакыттын ичинде аткаруу үчүн милдеттүү. 13. Предмет 3төн кем эмес, бир түрдүү предметтердин тобунда көрсөтүлөт, алар аталышы жана багыты боюнча эле эмес, жалпысынан өлчөмү, формасы, модели жана түсү боюнча дал келиши керек. Окшош объекттерди табуу мүмкүн болбогон же кыйын болгон предметтерди таанууда, жападан-жалгыз көрсөтүлгөн нускада таануу жүргүзүлөт. Эгерде тааный турган адам ага көрсөтүлгөн предметтердин бирин көрсөтсө, ага кайсы белгилер же өзгөчөлүктөр боюнча ушул предметти тааныгандыгын түшүндүрүп берүү сунушталат. 14. Сурак кылууда иш үчүн маанилүү болгон документтерди таануу үчүн көрсөтөөрдүн алдында тааный тургандан сыянын өңү, реквизиттердин жайгашуусу, сызып оңдоолордун, түзөтүүлөрдүн болушу, тигил же бул тамгалардын же цифралардын графикалык жазылыштарынын өзгөчөлүктөрү такталат. Документ анын тышкы түрү, графикасы жана тексттин жалпы көрүнүшүнүн түспөлү боюнча таанылат. Каттын жана кол жазманын (жалпы жана жеке) белгилери документти таануу үчүн негиз боло албайт. Документ таануучуга жалгыз нускада көрсөтүлүшү мүмкүн. 15. Жаныбарларды таануу предметтерди тааныганга окшош тактикада эле көрсөтүлөт. Жаныбарларды таануу тукуму, жынысы, жашы жана жаныбарларда болгон башка буюмдары, айрыкча такасы, энтамгасы, дене боюнун өзгөчөлүктөрү жана деффекттери, үйрөтүлгөн өзгөчөлүктөрү сыяктуу белгилер боюнча жүргүзүлөт.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.