Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 132 УПК
УПК КР · гл. 17Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 132. Основания возникновения права на реабилитацию

1.

Право на реабилитацию включает в себя право на возмещение имущественного ущерба, устранение последствий морального вреда и восстановление в трудовых, пенсионных, жилищных и иных правах. Ущерб, причиненный лицу в результате уголовного преследования, возмещается государством в полном объеме независимо от вины органа дознания, следователя, прокурора и суда.

2.

Право на реабилитацию, в том числе право на возмещение ущерба, связанного с уголовным преследованием, имеют:

1) оправданный, в отношении которого имеется вступивший в законную силу оправдательный приговор;

2) подозреваемый, обвиняемый, уголовное преследование в отношении которых прекращено по основаниям, предусмотренным пунктами 1-6, 8, 10 и 14 части 1 статьи 27 настоящего Кодекса;

3) лицо, к которому были применены принудительные меры медицинского характера, - в случае отмены незаконного или необоснованного постановления суда о применении данной меры.

3.

В случае смерти лица право на реабилитацию в установленном законом порядке переходит к его наследникам, а в части получения пенсий и пособий, выплата которых была приостановлена, - к тем членам его семьи, которые относятся к кругу лиц, обеспечиваемых пенсией по случаю потери кормильца.

4.

Правила настоящей статьи не распространяются на случаи, когда примененные в отношении лица меры обеспечения уголовного судопроизводства или постановленный обвинительный приговор отменены или изменены ввиду истечения сроков давности, отказа потерпевшего от поддержания частно-публичного обвинения и (или) при примирении с потерпевшим, недостижения возраста, с которого наступает уголовная ответственность, либо принятия закона, устраняющего преступность или наказуемость деяния.

5.

Ущерб не подлежит возмещению в том случае, если лицо в ходе досудебного производства и судебного разбирательства путем самооговора способствовало наступлению указанных в части 1 настоящей статьи последствий. Однако самооговор, явившийся следствием применения насилия, угроз и иных незаконных мер, не препятствует возмещению ущерба. При этом факт применения незаконных мер должен быть установлен обвинительным приговором суда.

(В редакции Закона КР от 2 августа 2023 года № 151)

Кыргызча
Реабилитациялоо укугунун келип чыгышынын негиздери 1. Реабилитациялоо укугу өзүнө мүлктүк зыяндын ордун толтуруу укугун, моралдык залалдын кесепеттерин жоюуну жана эмгектик, пенсиялык, турак жайлык жана башка укуктардын калыбына келтирилишин камтыйт. Адамга кылмыш куугунтугунун натыйжасында келтирилген залалдын орду, алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун күнөөсүнө карабастан, мамлекет тарабынан толук көлөмдө толтурулат. 2. Реабилитациялоо укугуна, анын ичинде кылмыш куугунтугу менен байланышкан залалдын ордун толтуруу укугуна төмөнкүлөр ээ: 1) ага карата мыйзамдуу күчүнө кирген актоо өкүмү бар акталган адам; 2) аларга карата кылмыш куугунтугу ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-6, 8, 10 жана 14-пункттарында каралган негиздер боюнча кыскартылган шектүү, айыпталуучу; 3) ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адам, - ушул чараны колдонуу жөнүндө соттун мыйзамсыз же негизсиз токтому жокко чыгарылган учурда. 3. Адам өлгөн учурда реабилитациялоо укугу мыйзамда белгиленген тартипте анын мураскорлоруна өтөт, ал эми төлөп берүү токтотулган пенсияларды жана жөлөкпулдарды алуу бөлүгүндөгү укук - багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия менен камсыз кылынуучу адамдардын чөйрөсүнө кирген үй-бүлө мүчөлөрүнө өтөт. 4. Ушул берененин эрежелери эскирүү мөөнөтү өткөндө, жабырлануучунун жеке-ачык айыпты колдоодон баш тартканында жана (же) жабырлануучу менен жарашканда, кылмыш жоопкерчилигин тартуучу куракка толбогондугуна байланыштуу адамга карата колдонулган кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чаралары же коюлган айыптоо өкүмү жокко чыгарылганда же өзгөртүлгөндө, же болбосо жосундун кылмыштуулугун же жазалуулугун жокко чыгарган мыйзам кабыл алынган учурларда жайылтылбайт. 5. Эгерде адам сотко чейинки өндүрүштүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө өзүн-өзү айыптоо жолу менен ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кесепеттердин келип чыгышына өбөлгө болгон учурда келтирилген зыяндын орду толтурулбайт. Бирок, зомбулуктун, коркутуунун жана башка мыйзамсыз чаралардын колдонулушунан келип чыккан өзүн-өзү айыптоо зыяндын ордун толтурууга жолтоо болбойт. Мында мыйзамсыз чараларды колдонуу фактысы соттун айыптоочу өкүмү менен белгиленүүгө тийиш. (КР 2023-жылдын 2-августундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.