Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 129 УПК
УПК КР · гл. 16Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 129. Порядок рассмотрения жалобы прокурором, руководителем следственного подразделения

1.

Прокурор, руководитель следственного подразделения рассматривает жалобу не позднее 3 суток со дня ее получения. В исключительных случаях, когда для проверки жалобы необходимо истребовать дополнительные материалы либо принять иные меры, допускается рассмотрение жалобы в срок до 10 суток, о чем извещается заявитель.

2.

По результатам рассмотрения жалобы прокурор, руководитель следственного подразделения принимает решение о полном или частичном удовлетворении жалобы с отменой или изменением обжалуемого решения либо об отказе в удовлетворении жалобы, о чем заявитель должен быть уведомлен.

3.

Орган дознания, следователь вправе обжаловать принятое решение прокурора, руководителя следственного подразделения соответственно вышестоящему прокурору или руководителю органа, следственного подразделения.

Кыргызча
Прокурор, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан даттанууларды кароо тартиби 1. Прокурор, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси даттанууну алган күндөн тартып 3 суткадан кечиктирбестен аны карап чыгат. Даттанууну текшерүү үчүн кошумча материалдарды талап кылуу же болбосо башка чараларды көрүү талап кылынган өзгөчө учурларда даттанууну 10 суткага чейинки мөөнөттө карап чыгууга жол берилет, ал жөнүндө арыз ээсине билдирилет. 2. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча прокурор, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси даттанылып жаткан чечимди жокко чыгаруу же өзгөртүү менен даттанууну толук же жарым-жартылай канааттандыруу жөнүндө же болбосо даттанууну канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат, ал жөнүндө арыз ээсине кабарлоо керек. 3. Алгачкы текшерүү органы, тергөөчү прокурордун, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин кабыл алган чечимин тиешелүүлүгүнө жараша жогору турган прокурорго же тергөө бөлүмүнүн органынын жетекчисине даттанууга укуктуу.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.