Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 115 УПК
УПК КР · гл. 13Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 115. Сроки применения мер пресечения и порядок их продления в ходе следствия

1.

Мера пресечения в виде домашнего ареста или заключения под стражу применяется по решению следственного судьи каждый раз на срок до 2 месяцев.

2.

В случае невозможности закончить следствие в срок до 2 месяцев и при отсутствии оснований для изменения или отмены меры пресечения в виде домашнего ареста или заключения под стражу этот срок может быть продлен следственным судьей по ходатайству следователя с согласия прокурора.

3.

Постановление о возбуждении ходатайства о продлении срока применения меры пресечения в виде домашнего ареста или заключения под стражу должно быть представлено в суд по месту производства следствия не позднее 5 суток до истечения срока примененной меры пресечения. В постановлении должны быть отражены причины, в связи с которыми необходимо продлить сроки, обстоятельства, которые необходимо исследовать, и обоснование необходимости сохранения этой меры пресечения. Ходатайство рассматривается следственным судьей в порядке, установленном статьей 266 настоящего Кодекса.

В случае установления в судебном заседании факта отсутствия произведенных следственных действий в течение срока примененной меры пресечения в виде заключения под стражу следственный судья по ходатайству сторон вправе изменить меру пресечения.

4.

Следственный судья не позднее 3 суток со дня получения ходатайства проводит судебное заседание с участием сторон в порядке, предусмотренном статьей 290 настоящего Кодекса, и принимает одно из следующих решений:

1) об отказе в удовлетворении ходатайства следователя, прокурора и освобождении обвиняемого из-под стражи, отмене или изменении меры пресечения;

2) о продлении срока применения меры пресечения.

5.

Срок заключения под стражей исчисляется с момента задержания подозреваемого до направления дела в суд. Срок ознакомления обвиняемого с материалами дела засчитывается в срок заключения его под стражей, а в случае истечения срока он подлежит продлению в соответствии с частью 2 настоящей статьи.

6.

В срок заключения под стражей засчитывается время:

1) задержания в качестве подозреваемого;

2) принудительного нахождения в медицинском или психиатрическом учреждении по решению суда.

7.

В случае повторного заключения под стражу обвиняемого по одному и тому же делу, а также по соединенному с этим или выделенному из него уголовному делу срок заключения под стражей исчисляется с учетом времени, проведенного под стражей ранее.

8.

Постановление следственного судьи о продлении срока применения меры пресечения или об отказе в этом может быть обжаловано прокурором, обвиняемым и его адвокатом в апелляционном порядке в течение 5 суток.

9.

Администрация места заключения лица под стражей по получении адресованной вышестоящему суду жалобы этого лица на постановление суда о продлении срока заключения под стражей обязана не позднее 12 часов с момента ее получения направить жалобу в соответствующий суд с уведомлением прокурора.

10.

При возвращении судом дела прокурору по основаниям, предусмотренным частью 3 статьи 300 настоящего Кодекса, по которому срок содержания обвиняемого под стражей, домашнего ареста истекает, но по обстоятельствам дела мера пресечения в виде содержания под стражей, домашнего ареста судом не может быть изменена, судья (суд) в своем постановлении, определении разрешает вопрос о продлении срока меры пресечения на один месяц.

Дальнейшее продление указанного срока осуществляется в порядке и пределах, установленных частью 2 настоящей статьи.

11.

Продление срока применения меры пресечения в виде заключения под стражу свыше одного года не допускается и подлежит изменению на другую меру пресечения.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 16 февраля 2024 года № 49)

Кыргызча
Тергөөнүн жүрүшүндө бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтү жана аларды узартуунун тартиби 1. Үй камагы жана камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тергөө судьясынын чечими боюнча ар бир жолу 2 айга чейинки мөөнөткө кабыл алынат. 2. 2 айга чейинки мөөнөттө тергөөнү аяктоо мүмкүн болбогон учурда жана үй камагы жана камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын өзгөртүүгө же жокко чыгарууга негиз жок болсо, бул мөөнөт тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча прокурордун макулдугу менен тергөө судьясы тарабынан узартылышы мүмкүн. 3. Үй камагы жана камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтом бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтү аяктаганга чейин 5 суткадан кеч эмес мөөнөттө тергөө өндүрүшүнүн жери боюнча сотко берилүүгө тийиш. Токтомдо мөөнөттү узартуу зарыл болгон себептер, изилдөө зарыл болгон жагдайлар жана бул бөгөт коюу чарасын сактап калуунун зарылдыгынын негиздери чагылдырылууга тийиш. Өтүнүч тергөө судьясы тарабынан ушул Кодекстин 266-беренесинде белгиленген тартипте каралат. Камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтүнүн ичинде жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жок экендигинин фактысы соттук отурумда аныкталган учурда тергөө судьясы тараптардын өтүнүчү боюнча бөгөт коюу чарасын өзгөртүүгө укуктуу. 4. Тергөө судьясы өтүнүч алынган күндөн тартып 3 суткадан кеч эмес тараптардын катышуусу менен ушул Кодекстин 290-беренесинде каралган тартипте соттук отурум өткөрөт жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат: 1) тергөөчүнүн, прокурордун өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартуу жана айыпталуучуну камактан бошотуу, бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө; 2) бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө. 5. Камакка алуунун мөөнөтү шектүүнү кармаган учурдан тартып ишти сотко жиберүүгө чейин эсептелет. Айыпталуучунун иштин материалдары менен таанышуу мөөнөтү аны камакта кармоо мөөнөтүнө кирет, ал эми мөөнөтү өтүп кеткен учурда ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык узартылууга жатат. 6. Камакка алуунун мөөнөтүнө төмөнкү убакыт кошуп эсептелет: 1) шектүү катары кармалган; 2) соттун чечими боюнча мажбурланып медициналык же психиатрдык мекемеде болгон; 7. Айыпталуучу бир эле иш боюнча, ошондой эле буга кошулуп же андан бөлүп чыгарылган кылмыш иши боюнча кайталап камакка алынган учурда, камакка алуунун мөөнөтү мурда камакка алууда өткөрүлгөн убакытты эске алуу менен эсептелет. 8. Бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө же андан баш тартуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому 5 сутканын ичинде прокурор, айыпталуучу жана анын адвокаты тарабынан апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. 9. Адамды камакта кармоочу жайдын администрациясы камакка алуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө соттун токтомуна ал адамдын жогору турган сотко даректелген даттануусун алган учурдан тартып 12 сааттан кеч эмес мөөнөттө прокурорго кабарлоо менен тиешелүү сотко даттанууну жиберүүгө милдеттүү. 10. Ушул Кодекстин 300-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча ишти сот прокурорго кайтарып бергенде, айыпталуучунун камакта, үй камагында кармоо мөөнөтү бүтсө, бирок иштин жагдайлары боюнча камакта, үй камагында кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сот тарабынан өзгөртүүгө болбосо, судья (сот) өзүнүн токтому, аныктамасы менен бөгөт коюу чараларынын мөөнөтүн бир айга узартуу жөнүндө маселени чечет. Көрсөтүлгөн мөөнөттү андан ары узартуу ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген тартипте жана чектерде жүзөгө ашырылат. 11. Камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтүн бир жылдан ашык узартууга жол берилбейт жана башка бөгөт коюу чарасына өзгөртүлүүгө тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.