Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 543 КоП
КоП КР · гл. 56Статус: действуетредакция 09.10.2026

Статья 543. Вручение и направление документов по делам о правонарушениях

1.

В случаях, установленных настоящим Кодексом, документы (определения, протоколы, постановления, распоряжения) по делам о правонарушениях вручаются участникам производства судом или уполномоченным органом (должностным лицом). Вручение осуществляется лично путем направления заказного почтового отправления в порядке, установленном Законом Кыргызской Республики "О почтовой связи", либо в электронном виде.

2.

Документ по делу о правонарушении считается врученным с момента личного вручения лицу, в отношении которого ведется производство, либо одному из совершеннолетних членов его семьи, а также иным лицам, проживающим по месту регистрации лица, в отношении которого составлены документы по делу о правонарушении.

3.

В целях дополнительного оповещения лица, в отношении которого ведется производство, электронный документ может быть направлен на адрес электронной почты или посредством СМС-оповещения. Такое направление носит информационный характер и не является фактом официального вручения документа.

4.

Порядок доставки электронного документа и его направления (информирования) по иным электронным каналам связи определяется Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

(В редакции Закона КР от 24 октября 2025 года № 233 )

Кыргызча
Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча документтерди тапшыруу жана жөнөтүү 1. Ушул Кодексте белгиленген учурларда, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча документтер (аныктамалар, протоколдор, токтомдор, тескемелер) өндүрүштүн катышуучуларына сот же ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан тапшырылат. Тапшыруу жеке өзүнө, "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте тапшырык почта жөнөтмөсү аркылуу же электрондук түрдө жүзөгө ашырылат. 2. Укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча документ ага карата өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамга, же болбосо анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине, ошондой эле ага карата укук бузуу жөнүндө иш боюнча документ түзүлгөн адам катталган жерде жашаган башка адамдарга жеке тапшырылган учурдан тартып тапшырылды деп эсептелет. 3. Ага карата өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамга кошумча билдирүү максатында электрондук документ электрондук почтанын дарегине же болбосо СМС-билдирүү аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн. Мындай жөнөтүү маалыматтык мүнөзгө ээ жана документти расмий тапшыруу фактысы болуп саналбайт. 4. Электрондук документти жеткирүү жана аны башка электрондук байланыш каналдары аркылуу жөнөтүү (маалымдоо) тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2025-жылдын 24-октябрындагы № 233 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.