Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 512 КоП
КоП КР · гл. 53Статус: действуетредакция 09.10.2026

Статья 512. Вещественные доказательства

1.

Вещественными доказательствами по делу о правонарушении служат вещи, документы, деньги, ценности и транспортные средства, являющиеся непосредственными объектами правонарушения, иные предметы, сохранившие на себе следы правонарушения либо могущие послужить средством к обнаружению правонарушения и выявлению лиц, их совершивших, а также установлению фактических обстоятельств дела.

2.

Любое лицо, которое владеет предметом, обладающим признаками вещественного доказательства, обязано предъявить такой предмет уполномоченному органу.

3.

Вещественные доказательства приобщаются к делу о правонарушении. Они должны быть подробно описаны в протоколах о правонарушении или в иных протоколах. В случае необходимости вещественные доказательства должны быть сфотографированы или зафиксированы с помощью других технических средств и опечатаны.

4.

Суд, уполномоченный орган, в производстве которых находится дело о правонарушении, обязаны принять все меры к обеспечению сохранности вещественных доказательств до окончательного разрешения дела.

5.

Порядок и сроки хранения вещественных доказательств определяются настоящим Кодексом, а в части, не урегулированной им, - иными нормативными правовыми актами.

6.

Если в силу их громоздкости или по другим причинам вещественные доказательства не могут быть приобщены к делу, уполномоченный орган, в производстве которого находится это дело, делает отметку о месте их нахождения, а также производит фотосъемку, результаты которой приобщаются к делу.

Вещественные доказательства в виде скоропортящихся товаров и продукции оцениваются и по решению суда передаются для реализации в порядке, определяемом Кабинетом Министров Кыргызской Республики. Средства, вырученные от реализации вещественных доказательств, зачисляются на депозитный счет органа, принявшего решение об изъятии указанных вещественных доказательств, на срок, предусмотренный частью 5 настоящей статьи.

7.

При передаче дела для дальнейшего производства или рассмотрения в другой государственный орган или суд вещественные доказательства препровождаются вместе с делом.

(В редакции Закона КР от 16 июня 2022 года № 45)

Кыргызча
Буюм далилдери 1. Укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган буюмдар, документтер, акчалар, баалуулуктар жана транспорт каражаттары, өзүндө укук бузуулардын изи түшкөн башка предметтер же укук бузууларды таап билүүнүн жана аларды жасаган жакты табуунун каражаты болуп эсептелүүчү, ошондой эле иштин чыныгы жагдайларын белгилөөчү каражат болуп кызмат кылышы мүмкүн болгон предметтер укук бузуулар жөнүндө иш боюнча буюм далилдери катары эсептелет. 2. Буюм далилдеринин белгилери болгон предметтерге ээлик кылган бардык жактар мындай предметти ыйгарым укуктуу органга көрсөтүүгө милдеттүү. 3. Буюм далилдери укук бузуулар жөнүндө ишке тиркелет. Алар укук бузуулар жөнүндө протоколдордо же башка протоколдордо толугу менен баяндалууга тийиш. Зарылчылыкка жараша буюм далилдери сүрөткө тартылып же башка техникалык каражаттардын жардамы менен белгиленип жана мөөр чапталып бекитилүүгө тийиш. 4. Укук бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүндө турган сот, ыйгарым укуктуу орган иш биротоло чечилгенге чейин буюм далилдеринин сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. 5. Буюм далилдерин сактоонун тартиби жана мөөнөттөрү - ушул Кодекс менен, ал эми аны менен жөнгө салынбаган бөлүгү башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленет. 6. Эгерде өзүнүн чоңдугунан же башка себептерден улам буюм далилдерин ишке тиркөөгө мүмкүн болбосо, бул иш өндүрүшүндө турган ыйгарым укуктуу орган алар турган жер тууралуу белги коёт, ошондой эле сүрөткө тартат, алардын натыйжалары ишке тиркелет. Тез бузулуучу товарлар жана продукциялар түрүндөгү буюм далилдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте бааланат жана соттун чечими боюнча сатуу үчүн өткөрүп берилет. Буюм далилдерин сатуудан түшкөн каражаттар, көрсөтүлгөн буюм далилдерин алып коюу жөнүндө чечим кабыл алган органдын депозиттик эсебине, ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган мөөнөткө чегерилет. 7. Андан аркы өндүрүш же кароо үчүн ишти башка мамлекеттик органга же сотко өткөрүп бергенде буюм далилдери иш менен кошо жөнөтүлөт. (КР 2022-жылдын 16-июнундагы № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.