Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 38 КоП
КоП КР · гл. 7Статус: действуетредакция 09.10.2026

Статья 38. Отстранение от управления транспортным средством

1.

Отстранение от управления транспортным средством – это временный запрет на управление транспортным средством в целях пресечения (прекращения) правонарушений.

2.

Физические лица отстраняются от управления транспортным средством в следующих случаях:

1) если лицо, управляющее транспортным средством, не имеет при себе свидетельства о регистрации транспортного средства, удостоверения на право управления транспортными средствами соответствующей категории;

2) если лицо, управляющее транспортным средством, имеет при себе удостоверение на право управления транспортными средствами и/или свидетельство о регистрации транспортного средства (временное прекращение действия права на управление транспортными средствами и государственной регистрации транспортного средства), признанные недействительными;

3) если отсутствуют государственные регистрационные номерные знаки транспортного средства или один из них, в том числе если они нестандартные (поддельные) либо выданы на другое транспортное средство (подложные), а также если государственные регистрационные номерные знаки (знак) оборудованы с применением материалов либо устройств, препятствующих или затрудняющих идентификацию этих знаков (знака), кроме случаев устранения на месте материалов либо устройств, препятствующих идентификации;

4) если номера кузова и шасси транспортного средства не соответствуют данным свидетельства о регистрации данного транспортного средства;

5) если транспортное средство управляется лицом в состоянии опьянения и это подтверждено результатами медицинского освидетельствования, в том числе проведенного с применением специальных технических средств, либо указанное лицо отказалось от прохождения освидетельствования;

6) если установка оборудования или переоборудование транспортного средства произведены с нарушением нормативных требований, в том числе если транспортное средство оборудовано специальной звуковой (многосигнальной) сигнализацией или проблесковым световым сигналом, либо если на стекла нанесена запрещенная к использованию пленка (кроме случаев устранения пленки на месте);

7) несоблюдения (превышения) установленных допустимых норм весогабаритных параметров транспортных средств для проезда по автомобильным дорогам общего пользования Кыргызской Республики;

8) при нарушении срока оплаты штрафа, установленного частью 1 статьи 563 настоящего Кодекса, в случаях совершения правонарушений, предусмотренных главой 21 настоящего Кодекса, свыше 30 расчетных показателей;

9) осуществления иностранным перевозчиком международных автомобильных перевозок без разрешения или без специального разрешения на проезд по территории Кыргызской Республики либо с разрешениями, не соответствующими виду перевозки;

10) при нарушении водителями транспортных средств Правил дорожного движения, повлекшем материальный ущерб собственникам транспортных средств или иного имущества, а также причинении легкого вреда здоровью человека;

11) при нарушении порядка регистрации транспортного средства;

12) при совершении лицом автохулиганства.

13) при осуществлении пассажирских и грузовых перевозок автомобильным транспортом в международных сообщениях без лицензии;

14) при неуплате установленного сбора за проезд по автомобильным дорогам общего пользования Кыргызской Республики.

3.

Отстранение от управления транспортным средством применяется путем запрета и недопущения лица к управлению транспортным средством до тех пор, пока все причины отстранения не будут полностью устранены.

4.

Об отстранении от управления транспортным средством сотрудником уполномоченного органа в сфере внутренних дел, уполномоченного органа в сфере транспорта, уполномоченного органа в сфере таможенного дела и уполномоченного органа в сфере охраны государственной границы делается соответствующая запись в протоколе о правонарушении, а в случаях, предусмотренных пунктами 7-9 части 2 настоящей статьи, составляется отдельный протокол и выносится постановление о применении дополнительного правового последствия в виде отстранения от управления транспортным средством.

5.

В случае отстранения водителя от управления транспортным средством уполномоченный орган в сфере внутренних дел, а также уполномоченный орган в сфере транспорта доставляют транспортное средство для временного хранения на специализированную (штрафную) стоянку, а в случаях, предусмотренных пунктами 7 и 9 части 2 настоящей статьи, уполномоченный орган в сфере таможенного дела, уполномоченный орган в сфере охраны государственной границы принимают меры по дальнейшему запрещению движения транспортных средств через Государственную границу Кыргызской Республики (таможенную границу Евразийского экономического союза в Кыргызской Республике) до принятия решения по делу и устранения всех причин, указанных в настоящей статье и послуживших основанием для отстранения лица от управления транспортным средством.

6.

В случаях, предусмотренных частью 4 статьи 520 настоящего Кодекса, при наличии в автоматизированной информационной системе сведений о правонарушениях, предусмотренных главой 21 настоящего Кодекса, зафиксированных в автоматическом режиме сертифицированными специальными контрольно-измерительными техническими средствами, имеющими функции фото- и киносъемки, видеозаписи, совершенных на транспортном средстве, не зарегистрированном на территории Кыргызской Республики, в отношении управляющего данным транспортным средством лица составляется протокол о правонарушении на бумажном носителе или в электронной форме и данное лицо отстраняется от управления транспортным средством.

(В редакции Законов КР от 15 февраля 2023 года № 27, 4 августа 2023 года № 163, 24 января 2024 года N 26 , 5 июня 2026 года № 81 )

Кыргызча
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү 1. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү - бул укук бузууларды болтурбоо (токтотуу) максатында транспорт каражатын башкарууга убактылуу тыюу салуу. 2. Жеке жактар транспорт каражатын башкаруудан төмөнкү учурларда четтетилет: 1) эгерде транспорт каражатын башкарган адамдын транспорт каражатынын катталганы жөнүндө күбөлүгү, тийиштүү категориядагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүгү жок болсо; 2) эгерде транспорт каражатын башкарган адам жараксыз деп таанылган транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүктү жана/же транспорт каражатынын катталганы жөнүндө күбөлүктү (транспорт каражаттарын башкаруу жана транспорт каражатын мамлекеттик каттоо укугунун колдонулушун убактылуу токтотуу) алып жүрсө; 3) эгерде транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгилери же алардын бири жок болсо, анын ичинде эгерде алар стандарттуу эмес (жасалма) болсо, же болбосо башка транспорт каражатына берилген (жалган) болсо, ошондой эле, идентификациялоого тоскоол болуучу материалдарды же болбосо түзүлүштөрдү ордунда жок кылуу учурларын кошпогондо, эгерде мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) бул белгилерди (белгини) идентификациялоого тоскоол болуучу же аны кыйындатуучу материалдарды же болбосо түзүлүштөрдү колдонуу менен жабдылган болсо; 4) эгерде транспорт каражатынын кузовунун жана шассисинин номери ошол транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөгү маалыматтарга шайкеш келбесе; 5) эгерде транспорт каражатын мас абалдагы адам башкарып баратса жана бул медициналык, анын ичинде атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жүргүзүлгөн күбөлөндүрүүнүн натыйжалары менен ырасталса, же болбосо бул адам күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартса; 6) эгерде транспорт каражатына жабдууларды орнотуу же аны кайра жабдуу ченемдик талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө, анын ичинде, эгерде транспорт каражаты атайын үндүү (көп сигналдуу) сигнализация же жаркылдап туруучу жарык сигнал менен жабдылса, же болбосо айнегине пайдаланууга тыюу салынган пленка капталса (пленканы ошол жерден алып койгон учурлардан тышкары); 7) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу); 8) ушул Кодекстин 21-главасында каралган укук бузууларды жасаганда салынган 30 эсептик көрсөткүчтөн ашкан айып пулду ушул Кодекстин 563-беренесинин 1-бөлүгү менен белгиленген төлөө мөөнөтүн бузганда; 9) чет өлкөлүк ташуучулардын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүүгө уруксаты же атайын уруксаты болбогон, же болбосо ташуунун тиешелүү түрүнө ылайык келбеген эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруусу; 10) транспорт каражаттарынын айдоочусу тарабынан транспорт каражатынын же башка мүлктүн ээлерине материалдык зыян, ошондой эле адамдын ден соолугуна жеңил жаракат алып келген Жол кыймылынын эрежелери бузулганда; 11) транспорт каражаттарын каттоо тартиби бузулганда; 12) адам автоээнбаштык жасаганда. 13) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык каттамдарда лицензиясыз ташууну жүзөгө ашырганда; 14) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүргөндүгү үчүн белгиленген жыйымды төлөбөгөндө. 3. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү четтетүүнүн бардык себептери толугу менен жоюлганга чейин адамдын транспорт каражатын башкаруусуна тыюу салуу жана жол бербөө аркылуу колдонулат. 4. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жөнүндө ички иштер чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын, транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан укук бузуулар жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жүргүзүлөт, ал эми ушул берененин 2-бөлүгүнүн 7-9-пункттарында каралган учурларда өзүнчө протокол түзүлөт жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү түрүндө кошумча укуктук кесепеттерди колдонуу тууралуу токтом чыгарылат. 5. Айдоочу транспорт каражатын башкаруудан четтетилген учурда ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган иш боюнча чечим чыгарылганга жана ушул беренеде көрсөтүлгөн жана адамды транспорт каражатын башкаруудан четтетүү үчүн негиз болгон себептер жоюлганга чейин транспорт каражатын убактылуу сактоо үчүн адистештирилген (айыптык) токтотуучу жерге жеткирет, ал эми ушул берененин 2-бөлүгүнүн 7 жана 9-пункттарында каралган учурларда бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы (Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы) аркылуу транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө андан ары тыюу салуу боюнча чараларды көрөт. 6. Ушул Кодекстин 520-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурларда, ушул Кодекстин 21-главасында каралган, фото жана кинотартуу, виедожазуу функциялары бар, сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде тартылган, Кыргыз Республикасынын аймагында катталбаган транспорт каражатында жасалган укук бузуулар жөнүндө маалыматтар автоматтык маалыматтык тутумда бар болсо, бул транспорт каражатын башкарган адамга карата укук бузуу жөнүндө протокол кагаз жүзүндө же электрондук формада түзүлөт жана бул адам транспорт каражатын башкаруудан четтетилет. (КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27, 2023-жылдын 4-августундагы № 163, 2024-жылдын 24-январындагы N 26 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.