Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 31 КоП
КоП КР · гл. 6Статус: действуетредакция 09.10.2026

Статья 31. Штраф

1.

Штраф является денежным взысканием в доход государства, налагаемым судом, уполномоченным органом на лицо, виновное в совершении правонарушения.

2.

Размер штрафа определяется исходя из расчетного показателя, установленного на момент совершения правонарушения, а в отдельных случаях, прямо указанных в настоящем Кодексе - кратности суммы выручки от реализации товаров (работ, услуг) за совершение правонарушений в сфере антимонопольного регулирования и развития конкуренции.

3.

Минимальный размер штрафа, налагаемого на физических лиц, не может быть менее 10 расчетных показателей, за исключением штрафов, налагаемых за правонарушения, предусмотренные статьей 318 настоящего Кодекса, размер которых не может составлять менее 5 расчетных показателей.

Максимальный размер штрафа, налагаемого на физическое лицо, не может превышать 200 расчетных показателей, за исключением штрафов, налагаемых за правонарушения, предусмотренные статьями 76, 77, 77-1, 149, 228-11, 284-1, 284-2, 311, 312, 313, 314, 320-1, 372-1, 373, 446 настоящего Кодекса, размер которых не может превышать 1000 расчетных показателей.

4.

Минимальный размер штрафа, налагаемого на юридическое лицо, не может быть менее 50 расчетных показателей.

Максимальный размер штрафа, налагаемого на юридическое лицо, не может превышать 650 расчетных показателей, за исключением штрафов, налагаемых за правонарушения, предусмотренные статьями 76, 77, 77-1, 144, 149, 228-11, 284-1, 284-2, 311, 312, 313, 314, 346 настоящего Кодекса, размер которых не может превышать 2000 расчетных показателей, статьями 309-1, 318 и 319-1 настоящего Кодекса, размер которых не может превышать 10000 расчетных показателей, и статьями 372-1 и 373 настоящего Кодекса, размер которых не может превышать 1500 расчетных показателей, или может выражаться в кратной величине, порядок определения которой предусмотрен в части 6 настоящей статьи.

5.

Минимальный размер штрафа, исчисляемый исходя из суммы выручки физического или юридического лица от реализации товаров (работ, услуг), не может быть менее одной двадцатой совокупного размера суммы выручки, за период, в котором было выявлено правонарушение.

Максимальный размер штрафа не может превышать одну десятую совокупного размера суммы выручки физического или юридического лица от реализации всех товаров (работ, услуг) за период, в котором было выявлено правонарушение.

6.

Размер штрафа, исчисляемого исходя из суммы выручки правонарушителя от реализации товара (работы, услуги), на рынке которого совершено правонарушение, либо из суммы расходов правонарушителя на приобретение товара (работы, услуги), на рынке которого совершено правонарушение, не может превышать одну двадцать пятую совокупного размера суммы выручки от реализации всех товаров (работ, услуг) за календарный год, предшествующий году, в котором было выявлено правонарушение, либо за предшествующую дате выявления правонарушения часть календарного года, в котором было выявлено правонарушение, если правонарушитель не осуществлял деятельность по реализации или приобретению товаров (работ, услуг) в предшествующем календарном году.

Размер штрафа, исчисляемого исходя из суммы выручки правонарушителя, полученной от реализации товара (работы, услуги) вследствие неправомерного завышения регулируемых государством цен (тарифов, расценок, ставок и тому подобного), не может превышать двукратную величину излишне полученной выручки за весь период регулирования, в течение которого совершалось правонарушение, но не более одного года.

7.

Для целей применения настоящей статьи выручка от реализации товаров (работ, услуг) определяется в соответствии с определением понятия "доход" Налогового кодекса Кыргызской Республики, а расходы на приобретение товаров (работ, услуг) определяются по документально подтвержденным расходам в соответствии с Налоговым кодексом Кыргызской Республики.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 16 июня 2022 года № 45, 30 июня 2022 года № 51, 3 апреля 2023 года № 78, 7 июля 2023 года № 133, 6 декабря 2024 года № 195, 27 января 2025 года № 30, 12 февраля 2025 года № 37, 19 мая 2025 года № 95, 29 октября 2025 года № 243, 3 ноября 2025 года № 249, 31 декабря 2025 года № 262, 5 июня 2026 года № 81, 9 октября 2026 года № 150)

Кыргызча
Айып пул 1. Айып пул укук бузууну жасоого күнөөлүү жакка сот, ыйгарым укуктуу орган тарабынан салынуучу мамлекеттин кирешесине өндүрүлүүчү акчалай жаза чарасы болуп саналат. 2. Айып пулдун өлчөмү укук бузуу жасалган учурда белгиленген эсептик көрсөткүчкө карата, ушул Кодексте түздөн-түз көрсөтүлгөн айрым учурларда - монополияга каршы жөнгө салуу жана атаандаштыкты өнүктүрүү чөйрөсүндө укук бузууларды жасагандыгы үчүн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражаттын эселенген суммасы менен аныкталат 3. Өлчөмү 5 эсептик көрсөткүчтөн кем болбогон, ушул Кодекстин 318-беренесинде каралган укук бузуулар үчүн салынган айып пулдарды кошпогондо, жеке жактарга салынуучу айып пулдун эң аз өлчөмү 10 эсептик көрсөткүчтөн кем болушу мүмкүн эмес. Өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 76, 77, 77¹, 149, 228¹¹, 284¹, 284², 311, 312, 313, 314, 320¹, 372¹, 373, 446-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн салынуучу айып пулдарды кошпогондо, жеке жакка салынуучу айып пулдун эң көп өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. 4. Юридикалык жактарга салынуучу айып пулдун эң аз өлчөмү 50 эсептик көрсөткүчтөн кем болушу мүмкүн эмес. Өлчөмү 2000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 76, 77, 77¹, 144, 149, 228¹¹, 284¹, 284², 311, 312, 313, 314, 346-беренелеринде каралган, өлчөмү 10000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 309¹, 318 жана 319-1-беренелеринде каралган жана өлчөмү 1500 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 372¹ жана 373-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн салынуучу айып пулдарды кошпогондо, юридикалык жакка салынуучу айып пулдун эң көп өлчөмү 650 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш же аныктоо тартиби ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган эселенген чоңдукта көрсөтүлүшү мүмкүн. 5. Жеке же юридикалык жактын товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражаттын суммасынан эсептелген айып пулдун эң аз өлчөмү укук бузуу табылган мезгилде түшкөн каражатынын суммасынын жыйынды өлчөмүнүн жыйырмасынын биринен кем болбоого тийиш. Айып пулдун эң көп өлчөмү жеке же юридикалык жактын укук бузуу учурунда табылган мезгилде бардык товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражатынын суммасынын ондон биринен кем болбоого тийиш. 6. Укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражатынын суммасына, же болбосо укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууда кеткен чыгашаларынын суммасына карата эсептелүүчү айып пулдун өлчөмү, эгерде укук бузуучу мурдагы календарлык жылда товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу же сатып алуу боюнча ишти жүзөгө ашырбаса, укук бузуу табылган жылдан мурдагы календарлык жыл үчүн, же болбосо укук бузуу табылган күндөн мурунку календарлык жылдын бөлүгү үчүн бардык товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражаттын суммасынын жыйынды өлчөмүнүн жыйырма бешинен ашпоого тийиш. Укук бузуучунун мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды (тарифтерди, коюлган бааларды, ставкаларын жана ушул сыяктуу) мыйзамсыз жогорулатуусунун натыйжасында товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан алынган түшкөн каражатынын суммасынан эсептелүүчү айып пулдун өлчөмү, укук бузуу жасалган жөнгө салуунун бүт мезгилинде, бирок бир жылдан ашпаган мезгилде түшкөн ашыкча каражаттын эки эселик өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 7. Ушул беренени колдонуу максатында товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражат Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин "киреше" түшүнүгүнө ылайык, ал эми товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууга чыгымдар Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык документ түрүндө ырасталган чыгымдар боюнча аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-июнундагы № 45, 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 7-июлундагы № 133 , 2024-жылдын 6-декбрындагы № 195, 2025-жылдын 27-январындагы № 30, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 19-майындагы № 95, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 , 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 249, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 5-июнундагы № 81, 2026-жылдын 9-октябрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.