Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 97 УИК
УИК КР · гл. 15Статус: действуетредакция 11.06.2026

Статья 97. Выезды осужденных за пределы исправительных учреждений

1.

Осужденным, отбывающим наказание в исправительных колониях общего режима и воспитательных колониях, а также оставленным в установленном порядке в следственных изоляторах и тюрьмах для работы по хозяйственному обслуживанию, могут быть разрешены выезды за пределы исправительных учреждений на срок не более семи суток, не считая времени, необходимого для проезда в оба конца, в связи с исключительными личными обстоятельствами; смерть или тяжелая форма болезни супруга (супруги), близкого родственника; стихийное бедствие, причинившее значительный материальный ущерб осужденному или его семье.

1-1.

Осужденным, отбывающим наказание в исправительных колониях общего режима, имеющим детей, являющимся единственным родителем, могут быть разрешены выезды за пределы исправительных учреждений на срок не более семи суток, не считая времени, необходимого для проезда в оба конца для свидания с ребенком, с согласия ребенка и его законного представителя.

Вышеуказанным осужденным, находящимся на облегченных условиях отбывания наказания, могут быть разрешены два выезда в год, а осужденным, находящимся на обычных условиях отбывания наказания, - один выезд в год.

2.

Осужденным женщинам, имеющим детей в домах ребенка исправительных колоний, может быть разрешен выезд для устройства ребенка у родственников либо в детском доме на срок не более семи суток, не считая времени для проезда в оба конца, а женщинам, имеющим детей-инвалидов вне исправительной колонии, - два выезда в год для свидания с ними на тот же срок.

3.

Выезды по основаниям, указанным в частях 1 и 1-1 настоящей статьи, не предоставляются осужденным:

1) к пожизненному лишению свободы, а также лицам, которым пожизненное лишение свободы заменено в порядке помилования лишением свободы сроком на двадцать лет;

2) за преступления террористического характера, экстремистской направленности, в составе организованной группы или преступного сообщества;

3) членам организованных криминальных группировок осужденных в местах лишения свободы;

4) за тяжкие и особо тяжкие преступления;

5) за умышленные преступления, совершенные в период отбывания наказания;

6) за совершение преступлений против половой неприкосновенности и половой свободы, духовно-нравственного здоровья детей;

7) находящимся на строгих условиях содержания;

8) не прошедшим курса обязательного лечения от алкоголизма, токсикомании, наркомании, туберкулеза в заразной форме, венерического заболевания;

9) злостным нарушителям установленного порядка отбывания наказания;

10) в случаях проведения противоэпидемических мероприятий, регламентируемых санитарным законодательством;

11) склонным к совершению побега, ранее уклонявшимся от отбывания наказания в виде лишения свободы и наказаний, не связанных с изоляцией от общества.

4.

Осужденным с психическими расстройствами, признанным ограниченно вменяемыми, осужденным, являющимся инвалидами I и II групп и нуждающимся по состоянию здоровья в постороннем уходе, а также детям выезд предоставляется в сопровождении супруга (супруги), близкого родственника.

5.

Заявление осужденного о краткосрочном выезде в связи с исключительными личными обстоятельствами должно быть рассмотрено не позднее чем в суточный срок. К заявлению осужденного прилагаются документы, в том числе от органов внутренних дел, подтверждающие факт смерти или тяжелой болезни близкого родственника, угрожающей его (ее) жизни, стихийного бедствия, причинившего значительный материальный ущерб осужденному или его (ее) семье или его (ее) близким родственникам, заверенные печатью органа, их выдавшего.

6.

Разрешение на выезд дается начальником исправительного учреждения с учетом классификации совершенного преступления, отбытого срока, личности и поведения осужденного, с уведомлением прокурора, уполномоченного осуществлять надзор.

7.

Время нахождения осужденного вне пределов исправительного учреждения засчитывается в срок отбывания наказания.

8.

Расходы осужденного на выезды за пределы исправительных учреждений оплачиваются им из средств, имеющихся на его лицевом счете, либо иными лицами. За время нахождения осужденного за пределами исправительного учреждения во время краткосрочного выезда заработок ему не начисляется.

9.

В случае возникновения непредвиденных обстоятельств, затрудняющих обратный выезд осужденного в установленный срок, по мотивированному постановлению начальника органа внутренних дел по месту пребывания осужденного срок возвращения в исправительное учреждение может быть продлен до пяти суток с обязательным срочным уведомлением администрации исправительного учреждения о принятом решении.

10.

Порядок предоставления осужденным выездов за пределы исправительных учреждений определяется Правилами внутреннего распорядка исправительных учреждений.

11.

При уклонении от возвращения в исправительное учреждение в установленный срок осужденный подлежит задержанию органом внутренних дел по месту его пребывания для решения вопроса о направлении его к месту отбывания наказания под конвоем или привлечении к уголовной ответственности.

(В редакции Законов КР от 28 октября 2021 года № 126, 11 января 2025 года № 2, 31 июля 2025 года № 181)

Кыргызча
Соттолгондордун түзөтүү мекемелеринин чегинен тышкары чыгуусу 1. Жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында жана тарбиялоо абактарында жазасын өтөп жаткан соттолгондорго, ошондой эле чарбалык тейлөө жумуштары үчүн тергөө изоляторлорунда жана түрмөлөрдө белгиленген тартипте калтырылгандарга өзгөчө жеке жагдайларга: жубайы, жакын тууганы каза болгонуна же оорунун оор формасына; соттолгонго же анын үй-бүлөсүнө олуттуу материалдык залал келтирген табигый кырсыкка байланыштуу барып-келүү үчүн зарыл болгон убакытты эсептебегенде, жети суткадан ашык эмес мөөнөткө түзөтүү мекемелеринин чегинен тышкары чыгууга уруксат берилиши мүмкүн. 1-1. Балдары бар, жалгыз ата-эне болуп саналган, жалпы режимдеги түзөтүү абактарында жаза өтөп жаткан соттолгондорго баласы менен жолугушуу үчүн барып келүүгө зарыл болгон убакытты санабаганда, баласынын жана анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен жети суткадан ашык эмес мөөнөткө түзөтүү мекемелеринин чегинен тышкары чыгууга уруксат берилиши мүмкүн. Жеңилдетилген жаза өтөө шарттарындагы жогоруда аталган соттолгондорго жылына эки жолу, ал эми кадимки жаза өтөө шарттарындагы соттолгондорго жылына бир жолу чыгууга уруксат берилиши мүмкүн. 2. Түзөтүү абактарынын балдар үйүндө баласы бар соттолгон аялдарга баласын туугандарына же болбосо балдар үйүнө жайгаштыруу үчүн барып-келүү үчүн зарыл болгон убакытты эсептебегенде, жети суткадан ашык эмес мөөнөткө, ал эми түзөтүү абагынан тышкары майып балдары бар аялдарга, - алар менен жолугушуу үчүн жылына эки жолу ошол эле мөөнөткө чыгууга уруксат берилиши мүмкүн. 3. Ушул берененин 1 жана 1-1-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча чыгуулар төмөнкү соттолгондорго берилбейт: 1) өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандарга, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен жыйырма жылдык мөөнөткө ажыратуу менен алмаштырылган адамдарга; 2) террорчулук мүнөздөгү, экстремисттик багыттагы, уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамындагы кылмыштар үчүн; 3) эркиндигинен ажыратуу жайларына соттолгон уюшкан криминалдык топтордун мүчөлөрүнө; 4) оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн; 5) жаза өтөөнүн мезгилинде жасалган атайын кылмыштар үчүн; 6) балдардын жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине, руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштарды жасаганы үчүн; 7) кармоонун катуу шарттарында тургандарга; 8) аракечтиктен, токсикоманиядан, баңгиликтен, жугуштуу түрдөгү кургак учуктан, жыныстык дарттан милдеттүү дарылануунун курсунан өтпөгөндөргө; 9) жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянат бузгандарга; 10) санитардык мыйзамдар менен жөнгө салынуучу эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлгөн учурларда; 11) качууга ык алган, мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны жана коомдон окчун кармоо менен байланышпаган жазаларды өтөөдөн качкандарга. 4. Психикалык жактан оорулуу, кем акыл деп таанылгандарга, I же II топтогу майып болуп саналышкан жана ден соолугунун абалы боюнча башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон соттолгондорго, ошондой эле балдарга жубайынын, жакын тууганынын коштоосунда чыгууга болот. 5. Соттолгондун өзгөчө жеке жагдайларга байланыштуу кыска мөөнөттүү чыгуу жөнүндө арызы суткалык мөөнөттөн кечиктирбестен каралууга тийиш. Соттолгондун арызына документтер, анын ичинде жакын тууганы каза болгонунун же анын өмүрүнө коркунуч келтирген катуу оорунун, соттолгонго же анын үй-бүлөсүнө же жакын туугандарына олуттуу материалдык залал келтирген табигый кырсыктын фактысын ырастаган ички иштер органдарынын документтери аны берген органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлүп тиркелет. 6. Чыгууга уруксат жасалган кылмыштын классификациясын, өтөлгөн мөөнөтүн, соттолгондун инсандыгын жана жүрүш-турушун эске алуу менен түзөтүү мекемесинин начальниги тарабынан көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу прокурорго кабарландыруу менен берилет. 7. Соттолгондун түзөтүү мекемесинен тышкары болгон убактысы жаза өтөөнүн мөөнөтүнө кошулуп эсептелет. 8. Соттолгондун түзөтүү мекемесинин чегинен тышкары чыгышына кеткен чыгымдар соттолгондун жеке эсебиндеги каражаттардын эсебинен, болбосо башка адамдар тарабынан төлөнөт. Соттолгон түзөтүү мекемесинин чегинен тышкары кыска мөөнөттүү чыгууда болгон мезгилде ага иштеп тапкан акысы чегерилбейт. 9. Соттолгондун белгиленген мөөнөттө кайра келишин кыйындаткан, алдын ала билүүгө болбой турган жагдайлар келип чыккан учурда, соттолгондун келген жери боюнча ички иштер органынын начальнигинин жүйөлөнгөн токтому боюнча абактын администрациясына кабыл алынган чечим жөнүндө милдеттүү түрдө шашылыш кабарландыруу менен анын түзөтүү мекемесине кайра келишинин мөөнөтү беш суткага чейин узартылышы мүмкүн. 10. Соттолгондорго түзөтүү мекемелеринин чегинен тышкары чыгууларга уруксат берүүнүн тартиби Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталат. 11. Түзөтүү мекемесине белгиленген мөөнөттө кайра келүүдөн качканда, соттолгонду жазасын өтөөчү жерге кайтаруу астында жиберүү жөнүндө же жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн анын келген жери боюнча ички иштер органы тарабынан кармалууга жатат. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 11-январындагы № 2, 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2019? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.