Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 65-2 УИК
УИК КР · гл. 10Статус: действуетредакция 11.06.2026

Статья 65-2. Порядок исполнения наказания в виде выдворения осужденного за пределы Кыргызской Республики

1.

Выдворение иностранного гражданина или лица без гражданства после отбытия наказания за совершение преступления, при отсутствии установленных законом оснований для пребывания на территории Кыргызской Республики, производится путем контролируемого выезда осужденного за пределы Кыргызской Республики.

2.

Органы или учреждения, исполняющие наказание и принудительные меры уголовно-правового воздействия, не позднее одного месяца до истечения срока наказания лица, подлежащего после отбытия наказания выдворению, направляют в органы миграции, национальной безопасности или внутренних дел уведомление о необходимости предстоящего выдворения.

3.

При необходимости восстановления документов, удостоверяющих личность осужденных, необходимых для пересечения государственной границы, органы или учреждения, исполняющие наказание и принудительные меры уголовно-правового воздействия, запрашивают у дипломатических представительств и консульских учреждений стран, аккредитованных в Кыргызской Республике, гражданами (подданными) которых они являются, а в отношении граждан (подданных) стран, не имеющих дипломатических и консульских учреждений, аккредитованных в Кыргызской Республике, - у дипломатических представительств государств, осуществляющих защиту их интересов, или международных органов, осуществляющих их защиту, - соответствующую информацию.

4.

Органы миграции после получения уведомления от органов или учреждений, исполняющих наказание, о предстоящем выдворении осужденного, направляют соответствующее уведомление в органы пограничной службы.

5.

Выдворение за пределы Кыргызской Республики осуществляется путем сопровождения осужденного сотрудниками органов миграции и органов внутренних дел или национальной безопасности до места, определенного в качестве пункта выдворения, где совместно с сотрудниками пограничной службы производят выдворение.

6.

Порядок взаимодействия органов и учреждений, исполняющих наказание и принудительные меры уголовно-правового воздействия, органов миграции, национальной безопасности, внутренних дел, пограничной службы по выдворению осужденного за пределы Кыргызской Республики определяется международными договорами и законодательством.

7.

Расходы по выдворению несет осужденный либо физическое или юридическое лицо, пригласившее его в Кыргызскую Республику. В случаях отсутствия либо недостаточности средств у вышеуказанных лиц для покрытия расходов выдворение осуществляется за счет бюджетных средств.

8.

О выдворении осужденных за пределы Кыргызской Республики органы миграции направляют уведомление в суд, вынесший приговор, а также уведомляют дипломатические представительства и консульские учреждения стран, аккредитованных в Кыргызской Республике, гражданами (подданными) которых они являются, а в отношении граждан (подданных) стран, не имеющих дипломатических и консульских учреждений, аккредитованных в Кыргызской Республике, - дипломатические представительства государств, осуществлявших защиту их интересов, или международные органы, осуществлявшие их защиту.

(В редакции Закона КР от 28 октября 2021 года № 126)

Кыргызча
Соттолгонду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби 1. Кыргыз Республикасынын аймагында болуу үчүн мыйзамда белгиленген негиздер болбогондо, чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин чыгарып жиберүү соттолгондун Кыргыз Республикасынын чегинен контролдонуп чыгып кетүүсү аркылуу жүргүзүлөт. 2. Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар же мекемелер жазаны өтөгөндөн кийин чыгарып жиберүүгө жаткан адамды жаза мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кечиктирбестен миграция, улуттук коопсуздук же ички иштер органдарына алдыда күтүлгөн чыгарып жиберүүнүн зарылдыгы жөнүндө кабарлама жөнөтөт. 3. Соттолгондордун мамлекеттик чек арадан өтүүсү үчүн зарыл болгон инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерин калыбына келтирүү зарыл болгондо, жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар же мекемелер соттолгон адамдар жарандары (букаралары) болуп саналган, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен, ал эми Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломаттык жана консулдук мекемелери жок өлкөлөрдүн жарандарына (букараларга) карата, - алардын кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн же аларды коргоону жүзөгө ашыруучу эл аралык органдардан тиешелүү маалыматты сурашат. 4. Миграция органдары жазаны аткаруучу органдардан же мекемелерден алдыда күтүлгөн соттолгонду чыгарып жиберүү жөнүндө кабарлоону алгандан кийин, чек ара кызматынын органдарына тиешелүү кабарлама жиберет. 5. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү соттолгон адамды чыгаруу пункту катары аныкталган жерге чейин миграция органдарынын жана ички иштер же улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин коштоосу аркылуу ишке ашырылат, мында чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте чыгаруу жүргүзүлөт. 6. Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин, миграция, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарынын, чек ара кызматынын соттолгонду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби эл аралык келишимдер жана мыйзамдар менен аныкталат. 7. Чыгарып жиберүү боюнча чыгымдарды соттолгон адам же болбосо аны Кыргыз Республикасына чакырган жеке же юридикалык жак тартат. Чыгымдарды жабуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын каражаттары жок же жетишсиз болгон учурларда, чыгарып жиберүү бюджеттик каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат. 8. Соттолгондорду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгаруу жөнүндө миграция органдары өкүм чыгарган сотко кабарлама жиберет, ошондой эле алар жарандары (букаралары) болуп саналган, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ал эми Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык жана консулдук мекемелери жок өлкөлөрдүн жарандарына (букараларга) карата, - алардын кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же аларды коргоону жүзөгө ашыруучу эл аралык органдарга кабарлайт. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык) III БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА УКУКТУК ТААСИР КӨРСӨТҮҮНҮН МАЖБУРЛОО ЧАРАЛАРЫН АТКАРУУ 11-глава. Кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу

Право на дату

Действие было до 01.01.2019? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.