Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 40 УИК
УИК КР · гл. 4Статус: действуетредакция 11.06.2026

Статья 40. Общественный контроль

1.

Общественные организации, религиозные объединения, иные общественные формирования, средства массовой информации осуществляют общественный контроль и принимают участие в деятельности органов и учреждений, исполняющих наказания и принудительные меры уголовно-правового воздействия, путем:

1) проведения социологических и иных мониторингов;

2) внесения предложений по приведению порядка и условий содержания осужденных в соответствие с требованиями законодательства и международных договоров в уполномоченные государственные органы и их должностным лицам;

3) участия в разработке и общественном обсуждении проектов нормативных правовых актов в области уголовно-исполнительного законодательства;

4) участия в организации и проведении примирительных процедур (медиации) между осужденным и потерпевшим;

5) участия в предоставлении и распределении гуманитарной и благотворительной помощи осужденным и наблюдении за ее использованием;

6) участия в работе общественных и попечительских советов, наблюдательных комиссий, создаваемых при государственных органах, органах исполнительной власти и местного самоуправления, порядок работы которых определяется законодательством;

7) разработки и реализации программ и проектов, направленных на совершенствование деятельности органов и учреждений, исполняющих наказания и принудительные меры уголовно-правового воздействия, и ресоциализации осужденных;

8) оказания иного содействия органам и учреждениям, исполняющим наказания и принудительные меры уголовно-правового воздействия, в формах, не противоречащих законодательству.

2.

Организациям, указанным в части 1 настоящей статьи, запрещается предавать огласке и публиковать ставшие известные им сведения, нарушающие права и законные интересы осужденных и иных лиц, находящихся в условиях изоляции от общества, а также сведения, составляющие государственную, служебную и иную, охраняемую законом, тайну.

3.

Предание огласке сведений о конкретных осужденных и лицах, находящихся в условиях изоляции от общества, не допускается без получения их письменного согласия. Нарушение указанных требований влечет установленную ответственность в соответствии с законодательством.

Кыргызча
Коомдук контроль 1. Коомдук уюмдар, диний бирикмелер, башка коомдук түзүлүштөр, жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук контролдоону жүзөгө ашырат жана төмөнкүдөй жол менен жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин иштерине катышат: 1) социологиялык жана башка мониторингдерди жүргүзүү; 2) мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга жана алардын кызмат адамдарына соттолгондорду кармоонун тартибин жана шарттарын мыйзамдардын жана эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизүү; 3) жаза аткаруу мыйзамдары жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана коомдук талкуулоого катышуу; 4) соттолгон менен жабырлануучунун ортосундагы жарашуу жол-жобосун (медиация) уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу; 5) соттолгондорго гуманитардык жана кайрымдуулук жардам көрсөтүүгө жана анын колдонулушун байкоого катышуу; 6) иш тартиби мыйзамдар менен аныкталуучу мамлекеттик органдардын, аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлүүчү коомдук жана камкорчу кеңештердин, байкоочу комиссиялардын ишине катышуу; 7) жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин ишин өркүндөтүүгө жана соттолгондорду кайра социалдаштырууга багытталган программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; 8) жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерге жана органдарга мыйзамдарга карама-каршы келбеген башка формадагы көмөк көрсөтүү. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн уюмдарга аларга белгилүү болуп калган, коомдон бөлөк кармоо шартында болгон соттолгондордун жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуучу маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды жарыя айтууга жана жарыялоого тыюу салынат. 3. Коомдон бөлөк кармоо шартында турган конкреттүү соттолгондор жана адамдар жөнүндө маалыматтарды алардын жазуу жүзүндөгү макулдугун албастан жарыя айтууга жол берилбейт. Көрсөтүлгөн талаптарды бузуу мыйзамдарга ылайык белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

Право на дату

Действие было до 01.01.2019? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.