Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 28 УИК
УИК КР · гл. 3Статус: действуетредакция 11.06.2026

Статья 28. Право осужденных иностранных граждан на поддержание связей с дипломатическими представительствами и консульскими учреждениями

Осужденные иностранные граждане имеют право поддерживать связь с дипломатическими представительствами и консульскими учреждениями своих государств, аккредитованными в Кыргызской Республике, а граждане (подданные) стран, не имеющих дипломатических и консульских учреждений, аккредитованных в Кыргызской Республике, - с дипломатическими представительствами государств, взявших на себя защиту их интересов, или с международными органами, осуществляющими их защиту.

Кыргызча
Соттолгон чет өлкөлүк жарандардын дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер менен байланышууга укугу Соттолгон чет өлкөлүк жарандар өздөрүнүн мамлекеттеринин Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери менен байланышта болууга, ал эми Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык жана консулдук мекемелери жок өлкөлөрдүн жарандары (букаралар), - алардын кызыкчылыгын коргоону өзүнө алган мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же аларды коргоону жүзөгө ашыруучу эл аралык органдар менен байланышта болууга укуктары бар. 29. Соттолгондордун негизги милдеттери 1. Соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) жарандардын мыйзамдарда белгиленген милдеттерин аткарууга жана адамга, коомго жана адамзат турмушунун эрежелерине урмат-сый менен мамиле кылууга негизделген, коомдо кабыл алынган адеп-ахлак нормаларын сактоого; 2) ушул Кодексте жана жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу тартибин жана шарттарын аныктоочу башка ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле соттун өкүмүндө каралган талаптарды аткарууга; 3) жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга; 4) жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясынын чакыруусу боюнча келүүгө, жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө маселелери боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө. Келбей койгон учурда соттолгонго карата тартиптик таасир көрсөтүү чараларын колдонуу менен, ал мажбурлап алынып келүүгө дуушар болушу мүмкүн; 5) жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин кызматкерлерине, башка соттолгондорго, ошондой эле ушул мекемелерге жана органдарга келген адамдарга сылык мамиле кылууга; 6) эмгекке жана окууга ак ниет менен мамиле кылууга; 7) жугуштуу ооруларды өз убагында аныктоо максатында милдеттүү жана алдын алуучу медициналык кароодон, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда психикалык активдүү заттарды колдонуу фактысын жана мас абалын, дене жаракаттарын алышын аныктоо үчүн күбөлөндүрүүдөн өтүүгө. 2. Соттолгондордун аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарбай коюшу мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келет. 4-глава. Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар жана мекемелер. Алардын ишин контролдоо жана көзөмөлдөө

Право на дату

Действие было до 01.01.2019? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.