Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 159 УИК
УИК КР · гл. 24Статус: действуетредакция 11.06.2026

Статья 159. Прекращение отбывания наказания и иных мер уголовно-правового воздействия, порядок освобождения

1.

Отбывание наказания и иных мер уголовно-правового воздействия в виде общественных работ, лишения права занимать определенные должности или заниматься определенной деятельностью, исправительных работ, ограничения свободы, содержания в дисциплинарной воинской части, лишения свободы на определенный срок, ареста с содержанием на гауптвахте, передачи под надзор с предупреждением, ограничения поведения с предупреждением, помещения в специальное воспитательное учреждение прекращается в последний день срока наказания.

2.

Осужденные к наказаниям и иным мерам уголовно-правового воздействия в виде содержания в дисциплинарной воинской части, лишения свободы на определенный срок, помещения в специальное воспитательное учреждение освобождаются в первой половине последнего дня срока наказания. Последним днем срока отбытия наказания считается день, предшествующий дате начала срока наказания.

Если срок наказания и иной меры уголовно-правового воздействия оканчивается в выходной или праздничный день, осужденный освобождается от отбывания наказания в день, предшествующий выходному или праздничному дню. При исчислении срока наказания и иной меры уголовно-правового воздействия в месяцах он истекает в соответствующее число последнего месяца, а если месяц не имеет соответствующего числа - в последний день этого месяца.

3.

При освобождении осужденному выдаются принадлежащие ему вещи, ценности, деньги, хранящиеся на лицевом счете, документы, удостоверяющие личность, и другие документы, хранящиеся в личном деле осужденного, а также справка установленного образца с указанием основания освобождения. При отсутствии у осужденного документов, удостоверяющих личность, или истечения сроков их действия, а также трудовой книжки и пенсионного удостоверения в личном деле осужденного администрация учреждения или органа, исполняющих наказание или иную меру уголовно-правового воздействия, совместно с соответствующими государственными органами во время отбывания им наказания или иной меры уголовно-правового воздействия принимает меры по их оформлению.

4.

В отношении осужденных, которым в качестве дополнительного вида наказания к основному виду наказания, связанному с изоляцией от общества, назначено лишение права занимать определенную должность или заниматься определенной деятельностью, администрация учреждения или органа, исполняющих основное наказание, за месяц до освобождения направляет в орган пробации по избранному месту жительства осужденного копию приговора суда для дальнейшего исполнения дополнительного наказания.

Лицо, освобождаемое от отбывания наказания, связанного с изоляцией от общества, с неотбытым сроком дополнительного вида наказания в виде лишения права занимать определенную должность или заниматься определенной деятельностью обязано явиться в орган пробации по избранному месту жительства в пятидневный срок со дня освобождения, о чем администрацией учреждения или органа, исполняющих основное наказание, отбирается подписка.

5.

Досрочное освобождение от отбывания наказания производится в день поступления соответствующих документов, а если документы получены после окончания рабочего дня - в первой половине следующего дня.

6.

Орган пробации в день окончания срока наказания в виде исправительных работ, а при освобождении от этого наказания по другим основаниям - не позднее следующего рабочего дня после получения соответствующих документов обязан письменно уведомить администрацию предприятия, учреждения или организации, где осужденный отбывает наказание, о прекращении удержаний из его заработной платы.

7.

Лицу, освобожденному от отбывания наказания вследствие отмены приговора в связи с вынесением оправдательного приговора, администрация учреждения или органа, исполняющих наказание или иную меру уголовно-правового воздействия, разъясняет его право на реабилитацию. В документе об освобождении оправданному лицу приносится официальное извинение от имени государства.

Кыргызча
Жаза өтөөнүн жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларынын токтотулушу, бошотуунун тартиби 1. Коомдук иштер, белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир ишти жасоо укугунан ажыратуу, эркиндигин чектөө, дисциплинардык аскердик бөлүктө кармоо, белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу, гауптвахтада кармоо менен камакка алуу, эскертүү менен көзөмөлгө өткөрүп берүү, эскертүү менен жүрүш-турушун чектөө, атайын тарбиялоо мекемесине жайгаштыруу түрүндөгү жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын өтөө жаза мөөнөтүнүн акыркы күнү токтотулат. 2. Дисциплинардык аскердик бөлүктө кармоо, белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу, атайын тарбиялоо мекемесине жайгаштыруу түрүндөгү жазаларга жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларына соттолгондор жаза мөөнөтүнүн акыркы күнүндө түшкө чейин бошотулат. Жаза мөөнөтү башталган күндүн алдындагы күн жазаны өтөө мөөнөтүнүн акыркы күнү болуп саналат. Эгерде жазанын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасынын мөөнөтү дем алыш же майрам күнү аяктаса, соттолгон дем алыш же майрам күнүнүн алдындагы күнү жазасын өтөөдөн бошотулат. Жазанын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасынын мөөнөтүн ай менен эсептөөдө ал акыркы айдын тиешелүү күнүндө бүтөт, ал эми айда тиешелүү күнү болбосо - бул айдын акыркы күнүндө бүтөт. 3. Соттолгонду бошотууда ага өзүнө таандык буюмдары, баалуулуктары, жеке эсебинде сакталган акчасы, инсандыгын ырастоочу документтери жана соттолгондун өздүк ишинде сакталган башка документтери, ошондой эле бошотуунун негиздери көрсөтүлгөн белгиленген үлгүдөгү маалымкат берилет. Соттолгондо инсандыгын ырастоочу документтери болбогондо же алардын колдонуу мөөнөттөрү бүткөндө, ошондой эле соттолгондун өздүк ишинде эмгек китепчеси жана пенсиялык күбөлүгү болбогондо мекеменин же жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасын аткаруучу органдын администрациясы тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте алар жазасын же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасын өтөө мезгилинде аларды жол-жоболоштуруу боюнча чараларды көрөт. 4. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан негизги жазасына кошумча жаза катары белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу дайындалган соттолгондорго карата мекеменин же негизги жазаны аткаруучу органдын администрациясы бошотулганга бир ай калганча соттолгондун тандап алынган жашаган жери боюнча пробация органына кошумча жазаны андан ары аткаруу үчүн соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн жиберет. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазанын кошумча түрүнүн өтөлбөгөн мөөнөтү менен коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаны өтөөдөн бошотулуучу адам бошотулган күндөн тартып беш күндүк мөөнөттүн ичинде тандап алынган жашаган жери боюнча пробация органына келүүгө милдеттүү, ал жөнүндө мекеменин же негизги жазаны аткаруучу органдын администрациясы тарабынан кол кат алынат. 5. Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу тиешелүү документтер келип түшкөн күндөн тартып жүргүзүлөт, ал эми документтер жумушчу күнү аяктагандан кийин келип түшсө - кийинки күндүн биринчи жарымында жүргүзүлөт. 6. Пробация органы түзөтүү жумуштары түрүндөгү жаза мөөнөтү аяктаган күнү, ал эми башка негиздер боюнча ушул жазадан бошотууда - тиешелүү документтерди алгандан кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен соттолгон жазасын кайсыл жерде өтөп жатканы, анын эмгек акысынан кармоолордун токтотулганы жөнүндө ишкананын, мекеменин же уюмдун администрациясына жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү. 7. Актоочу өкүм чыгарылганына байланыштуу өкүмдүн жокко чыгарылышынын натыйжасында жазаны өтөөдөн бошотулган адамга мекеменин же жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасын аткаруучу органдын администрациясы анын реабилитацияланууга болгон укугун түшүндүрөт. Бошотуу жөнүндө документте акталган адамдан мамлекеттин атынан расмий түрдө кечирим суралат.

Право на дату

Действие было до 01.01.2019? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.