Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 132 УИК
УИК КР · гл. 19Статус: действуетредакция 11.06.2026

Статья 132. Воспитательные колонии

1.

На обычных условиях в воспитательных колониях отбывают наказание осужденные, поступившие в воспитательную колонию, а также лица, переведенные с облегченных условий отбывания наказания.

2.

При отсутствии взысканий за нарушения установленного порядка отбывания наказания и добросовестном отношении к учебе осужденные переводятся из обычных условий отбывания наказания на облегченные:

1) дети, отбывающие наказание в воспитательных колониях общего режима, - по отбытии трех месяцев на обычных условиях;

2) дети, отбывающие наказание в воспитательных колониях усиленного режима, - по отбытии шести месяцев на обычных условиях.

3.

Для подготовки к освобождению осужденные, отбывающие наказание на обычных условиях, переводятся на облегченные условия отбывания наказания за три месяца до освобождения.

4.

Осужденные, отбывающие наказание на облегченных условиях, признанные злостными нарушителями, переводятся на обычные условия. Повторный перевод на облегченные условия производится через шесть месяцев после возвращения на обычные условия.

(В редакции Закона КР от 28 октября 2021 года № 126)

Кыргызча
Тарбиялоо абактары 1. Тарбиялоо абагына келип түшкөн соттолгондор, ошондой эле жазаны өтөөнүн жеңилдетилген шарттарынан которулган адамдар тарбиялоо абактарында жазасын адаттагы шарттарда өтөйт. 2. Жазаны өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чаралары болбогондо жана окууга ак ниет мамиле кылганда, соттолгондор жазаны өтөөнүн адаттагы шарттарынан жеңилдетилген шарттарына төмөнкүдөй которулат: 1) жалпы режимдеги тарбиялоо абактарында жазасын өтөп жаткан балдар - адаттагы шарттарда үч ай өтөгөндөн кийин; 2) күчөтүлгөн режимдеги абактарда жазасын өтөп жаткан балдар - адаттагы шарттарда алты ай өтөгөндөн кийин. 3. Бошотууга даярдоо үчүн адаттагы шарттарда жазасын өтөп жаткан соттолгондор бошотулганга чейин үч ай калгандан кечиктирбестен жаза өтөөнүн жеңилдетилген шарттарына которулат. 4. Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан, кыянаттык менен тартип бузуучулар катары таанылган соттолгондор адаттагы шарттарга которулат. Жеңилдетилген шарттарга кайталап которуу адаттагы шарттарга кайра келгенден кийин алты айдан кийин жүргүзүлөт. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2019? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.