Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 121 УИК
УИК КР · гл. 17Статус: действуетредакция 11.06.2026

Статья 121. Условия содержания осужденных в штрафных изоляторах, помещениях камерного типа и одиночных камерах

1.

Осужденным, водворенным в штрафной изолятор:

1) разрешаются ежедневные прогулки продолжительностью один час;

2) запрещаются свидания, телефонные разговоры, приобретение продуктов питания и предметов первой необходимости, получение передач, посылок и бандеролей, курение в камерах, а также использование спального места в дневное время.

2.

Осужденные, переведенные в помещения камерного типа или одиночные камеры в порядке взыскания, имеют право:

1) расходовать на приобретение продуктов питания и предметов первой необходимости деньги, заработанные в исправительном учреждении;

2) получать одну передачу или посылку и одну бандероль;

3) пользоваться ежедневной прогулкой продолжительностью полтора часа.

3.

Осужденным, переведенным в помещения камерного типа или одиночные камеры в порядке взыскания, запрещаются свидания, телефонные разговоры, курение в камерах, а также использование спального места в дневное время.

4.

Осужденные, водворенные в штрафной изолятор, к труду не привлекаются.

5.

Осужденные, переведенные в помещения камерного типа или одиночные камеры в порядке взыскания, могут привлекаться к труду только по хозяйственному обслуживанию исправительного учреждения и в случае производственной необходимости.

6.

В случаях перевода осужденных из штрафных изоляторов, помещений камерного типа и одиночных камер в лечебные исправительные учреждения, а также в учреждения органов здравоохранения время их нахождения в лечебных учреждениях засчитывается в срок отбывания взыскания, за исключением случаев членовредительства и симуляции болезни.

7.

Материально-бытовое обеспечение осужденных в штрафных изоляторах, помещениях камерного типа и одиночных камерах осуществляется по нормам, установленным для содержания на строгих условиях отбывания наказания.

Кыргызча
Соттолгондорду айыптык изолятордо, камералык типтеги жайларда жана жеке камераларда кармоонун шарттары 1. Айыптык изоляторго отургузулган соттолгондорго: 1) күн сайын узактыгы бир саат болгон сейилдөөгө уруксат берилет; 2) жолугушууга, телефондук сүйлөшүүлөргө, күнүмдүк тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга, аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алууга, камераларда чылым тартууга, ошондой эле уктоого арналган орунду күндүзгү убакта пайдаланууга тыюу салынат. 2. Жаза-чарасы тартибинде камералык типтеги жайларга же жеке камераларга которулган соттолгондор төмөнкүлөргө укуктуу: 1) түзөтүү мекемесинде иштеп тапкан акчасын күнүмдүк тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого; 2) бир аманат жиберүү же берип жиберүү жана бир бандероль алууга; 3) күн сайын бир жарым саат узактыктагы сейилдөөдөн пайдаланууга. 3. Жаза-чарасын берүү тартибинде камералык типтеги жайга же жеке камерага которулган соттолгондорго жолугушууга, телефондук сүйлөшүүгө, камераларда чылым тартууга, ошондой эле уктоого арналган орунду күндүзгү убакта пайдаланууга тыюу салынат. 4. Айыптык изоляторго отургузулган соттолгондор эмгекке тартылбайт. 5. Жаза-чарасы тартибинде камералык типтеги жайларга же жеке камераларга которулган соттолгондор түзөтүү мекемесин чарбалык тейлөө боюнча жана өндүрүштүк зарылдык болгон учурда гана эмгекке тартылышы мүмкүн. 6. Соттолгондор айыптык изоляторлордон, камералык типтеги жайлардан жана жеке камералардан дарылоочу түзөтүү мекемелерине, ошондой эле саламаттык сактоо органдарынын мекемелерине которулган учурда, алардын дарылоо мекемелеринде болгон мөөнөтү өз денесине залал келтирүүнүн жана оорумуш болуунун учурларын кошпогондо, жаза чарасын өтөөнүн мөөнөтүнө кошуп эсептелет. 7. Айыптык изоляторлордо, камералык типтеги жайларда жана жеке камераларда соттолгонду материалдык турмуш-тиричиликтик жактан камсыз кылуу жаза өтөөнүн катуу шарттарында соттолгондорду кармоо үчүн белгиленген ченемдер боюнча жүзөгө ашырылат. 18-глава. Ар кыл түрдөгү түзөтүү мекемелеринде эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаларды аткаруунун өзгөчөлүктөрү

Право на дату

Действие было до 01.01.2019? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.