Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 389 УК
УК КР · гл. 53Статус: утратил силуредакция 28.10.2021

Статья 389. Нарушение законов и обычаев ведения войны

1.

Принуждение лиц, сдавших оружие и не имеющих средств защиты, раненых, больных, медицинских работников, санитарного и духовного персонала, военнопленных, гражданского населения на оккупированной территории или в районе военных действий, иных лиц, пользующихся во время военных действий международной защитой, к службе в вооруженных силах противника или к переселению либо лишение их права на независимый и беспристрастный суд, либо ограничение права этих лиц на защиту в уголовном судопроизводстве, -

наказываются лишением свободы IV категории.

2.

Причинение тяжкого вреда здоровью лицам, указанным в части 1 настоящей статьи, либо истязание, пытки или бесчеловечное обращение; либо проведение над ними, даже с их согласия, медицинских, биологических и других экспериментов, преднамеренное причинение тяжелых страданий, психического расстройства, серьезного увечья; незаконное произвольное разрушение и присвоение имущества, не вызываемое военной необходимостью; либо использование их для прикрытия своих войск или объектов от военных действий; либо захват и удержание таких лиц в качестве заложников; либо использование гражданского населения для принудительных работ, при отсутствии признаков преступления против человечности и геноцида, -

наказываются лишением свободы V категории.

3.

Убийство лиц, указанных в части 1 настоящей статьи, -

наказывается лишением свободы VI категории или пожизненным лишением свободы со штрафом VI категории или без такового.

Кыргызча
Согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарын жана салттарын бузуу 1. Куралын тапшырган жана коргоо каражаттары жок адамдарды, жарадарларды, бейтаптарды, медициналык кызматкерлерди, санитардык жана диний персоналды, аскер туткундарын, басып алынган аймактагы же согуштук аракеттердин районундагы жарандык калкты, согуш мезгилинде эл аралык коргоону пайдаланган башка адамдарды каршылаштын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөгө же орун которууга мажбурлоо, же болбосо алардын көз карандысыз жана калыс сотко болгон укугунан ажыратуу, же болбосо жазык сот өндүрүшүндө бул адамдардын коргоого болгон укуктарын чектөө, - IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган адамдардын ден соолугуна оор зыян келтирүү, же болбосо катуу кыйноо, кыйноо же мыкаачылык кылуу; же алардын макулдугу менен болсо деле, аларга медициналык, биологиялык жана башка эксперименттерди өткөрүү, азап чегүүгө, психикасынын бузулушуна, олуттуу майып болуусуна атайылап алып келүү; согуштук зарылдык болбосо деле мүлктү өзү билип бүлүндүрүү же өзүмдүк кылып алуу; же болбосо аларды өзүнүн аскерлерин же объекттерди согуш аракеттеринен жашыруу үчүн колдонуу; же болбосо мындай адамдарды барымта катары кармап алуу же кармап туруу; же болбосо жарандык калкты мажбурлоо иштери үчүн пайдалануу - адамзатка каршы кылмыштардын жана геноциддин белгилери жок болсо, - V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн киши өлтүрүү, - VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга же VI категориядагы айып салуу менен же ансыз өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Право на дату

Откройте статью в редакции, действовавшей на нужную дату.