Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 95 БК
БК КР · гл. 19Статус: действует

Статья 95. Порядок формирования проектов местных бюджетов

1.

Проекты местных бюджетов на очередной бюджетный год и плановый период формируются согласно порядку и срокам, устанавливаемым соответствующими местными кенешами, с соблюдением требований настоящего Кодекса, с учетом календарного плана формирования проекта республиканского бюджета, утвержденного Кабинетом Министров.

2.

Уполномоченный государственный орган не позднее 15 июля года, предшествующего очередному бюджетному году, направляет органам местного самоуправления:

1) календарный план бюджетного процесса;

2) методические рекомендации по формированию местных бюджетов;

3) прогноз сумм общегосударственных доходов;

4) предполагаемые нормативы отчислений от общегосударственных доходов в местные бюджеты;

5) объем межбюджетных трансфертов.

3.

Проекты местных бюджетов, сформированные исполнительными органами местного самоуправления и согласованные с местными кенешами, представляются в уполномоченный государственный орган не позднее 1 сентября года, предшествующего очередному бюджетному году.

4.

Уполномоченный государственный орган после принятия Жогорку Кенешем проекта республиканского бюджета в течение 5 дней направляет органам местного самоуправления проекты уточненных объемов и нормативов отчислений от общегосударственных доходов, размеры межбюджетных трансфертов.

5.

Уточненные проекты местных бюджетов исполнительные органы местного самоуправления вносят на рассмотрение и утверждение местных кенешей в течение 15 дней со дня получения информации в соответствии с частью 4 настоящей статьи.

6.

Исполнительные органы местного самоуправления представляют в уполномоченный государственный орган решения местных кенешей с утвержденной сметой доходов и расходов в формате бюджетной классификации для формирования сводного плана администрирования доходов и кассового исполнения государственного бюджета.

(В редакции Законов КР от 18 июля 2018 года № 69, 18 января 2022 года № 2, 18 апреля 2025 года № 77)

Кыргызча
Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүнүн тартиби 1. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн календардык планын эске алуу, ушул Кодекстин талаптарын сактоо менен тиешелүү жергиликтүү кеңештер белгилеген тартипке жана мөөнөттөргө ылайык түзүлөт. 2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 15-июлунан кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөрдү жиберет: 1) бюджеттик процесстин календардык планын; 2) жергиликтүү бюджеттерди түзүү боюнча усулдук сунуштамаларды; 3) жалпы мамлекеттик кирешелердин суммасынын болжолун; 4) жалпы мамлекеттик кирешелерден жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн болжолдуу ченемдерин; 5) бюджеттер аралык трансферттердин көлөмүн. 3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан түзүлгөн жана жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган жергиликтүү бюджеттин долбоорлору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 1-октябрынан кечиктирилбестен берилет. 4. Республикалык бюджеттин долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдеринин жана такталган көлөмдөрүнүн долбоорлорун, бюджеттер аралык трансферттердин өлчөмдөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 5 күндүн ичинде жиберет. 5. Жергиликтүү бюджеттердин такталган долбоорлорун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жергиликтүү кеңештердин кароосуна жана бекитүүсүнө ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык маалымат алган күндөн тартып 15 күндүн ичинде киргизет. 6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары кирешелерди башкаруунун жыйынды планын түзүү жана мамлекеттик бюджетти кассалык аткаруу үчүн кирешелердин жана чыгашалардын бекитилген сметасы менен жергиликтүү кеңештердин чечимдерин бюджеттик классификация форматында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет. (КР 2018-жылдын 18-июлундагы № 69, 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 20-глава. Бюджеттерди кароо жана бекитүү