Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 6 БК
БК КР · гл. 2Статус: действует

Статья 6. Принципы бюджетной системы Кыргызской Республики

1.

Принцип единства означает:

1) единство бюджетного законодательства Кыргызской Республики, основ организации и функционирования бюджетной системы Кыргызской Республики, форм бюджетной документации и отчетности, Бюджетной классификации Кыргызской Республики (далее - Бюджетная классификация), санкций за нарушение бюджетного законодательства Кыргызской Республики;

2) единый порядок установления, формирования и исполнения доходов и осуществления расходных обязательств бюджетов бюджетной системы Кыргызской Республики, ведения бухгалтерского учета и составления отчетности бюджетов и бюджетных учреждений;

3) зачисление всех ресурсов бюджета и осуществление всех расходов бюджета с единого казначейского счета, за исключением операций по исполнению бюджетов, осуществляемых за пределами Кыргызской Республики.

2.

Принцип полноты означает отражение в бюджетах в обязательном порядке и в полном объеме всех доходов и расходов, предусмотренных законодательством Кыргызской Республики.

3.

Принцип результативности и эффективности означает, что формирование и исполнение бюджетов осуществляется исходя из необходимости достижения предусмотренных на предстоящий период целей с привлечением минимального объема средств или достижения максимальных результатов с использованием имеющихся в распоряжении бюджетных средств.

4.

Принцип приоритетности означает формирование бюджетов в соответствии с ориентирами, определенными в Основных направлениях фискальной политики и программ социально-экономического развития Кыргызской Республики и ее регионов.

5.

Принцип последовательности означает проведение государственными органами и органами местного самоуправления единой фискальной политики и соблюдение ранее принятых решений в сфере бюджетных правоотношений.

6.

Принцип самостоятельности бюджетов означает:

1) закрепление за соответствующими бюджетами собственных источников доходов на постоянной основе;

2) право государственных органов и органов местного самоуправления на самостоятельное определение направлений использования средств в соответствии с бюджетным законодательством Кыргызской Республики, за исключением целевых межбюджетных трансфертов;

3) право и обязанность государственных органов и органов местного самоуправления самостоятельно обеспечивать сбалансированность бюджетов и эффективность использования бюджетных средств.

7.

Принцип ответственности участников бюджетного процесса за нарушение бюджетного законодательства предусматривает ответственность каждого участника бюджетного процесса за свою деятельность, за достоверность финансовой информации и нецелевое использование выделенных на возвратной или невозвратной основе, несвоевременное зачисление и перечисление бюджетных средств.

8.

Принцип прозрачности предусматривает открытость информации при формировании, рассмотрении, утверждении, уточнении, исполнении и аудите бюджетов, другой информации, касающейся бюджетной политики государства, за исключением сведений, содержащих государственную или иную охраняемую законом тайну.

9.

Принцип сбалансированности бюджета означает, что объем предусмотренных общих расходов бюджета должен соответствовать суммарному объему ресурсов бюджета.

(В редакции Законов КР от 18 июля 2018 года № 69, 18 января 2022 года № 2, 18 апреля 2025 года № 77)

Кыргызча
Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун принциптери 1. Бирдиктүүлүк принциби төмөнкүлөрдү билдирет: 1) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумун уюштуруунун жана иштөөсүнүн негиздерин, бюджеттик документацияларынын жана отчеттуулугунун формаларын, Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясын (мындан ары - Бюджеттик классификация), Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын бузгандыгы үчүн санкциялардын бирдиктүүлүгүн; 2) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин белгилөөнүн, түзүүнүн жана кирешелерин аткаруунун жана чыгашалык милдеттенмелерин жүзөгө ашыруунун, бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүнүн жана бюджеттердин жана бюджеттик мекемелердин отчеттуулуугун түзүүнүн бирдиктүү тартибин; 3) Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жүзөгө ашырылуучу бюджетти аткаруу боюнча операцияларды кошпогондо, бюджеттин бардык ресурстарын кошууну жана бюджеттин бардык чыгашаларын бирдиктүү казыналык эсептен алууну жүзөгө ашырууну. 2. Толуктук принциби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык кирешелерди жана чыгашаларды бюджеттерде толук көлөмдө жана милдеттүү тартипте чагылдырууну билдирет. 3. Натыйжалуулук жана майнаптуулук принциби бюджеттердин түзүлүшү жана аткарылышы алдыдагы мезгилге каралган максаттарга каражаттардын минималдуу көлөмүн тартуу менен жетишүү же тескөөсүндө болгон бюджеттик каражаттарды пайдалануу менен максималдуу натыйжаларга жетишүү зарылдыгынан жүзөгө ашырыла тургандыгын билдирет. 4. Артыкчылыктуулук принциби бюджеттерди Фискалдык саясаттын негизги багыттарында аныкталган багыттарга жана Кыргыз Республикасынын жана анын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүү программаларына ылайык бюджеттерди түзүүнү билдирет. 5. Ырааттуулук принциби мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бирдиктүү фискалдык саясатты жүргүзүүнү жана бюджеттик укук мамилелери чөйрөсүндө мурда кабыл алынган чечимдерди сактоону билдирет. 6. Бюджеттердин өз алдынчалуулук принциби төмөнкүлөрдү билдирет: 1) тиешелүү бюджеттерге кирешелердин өздүк булактарын туруктуу негизде бекитип берүүнү; 2) бюджеттер аралык максаттуу трансферттерди кошпогондо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын бюджет мыйзамдарына ылайык каражаттарды пайдалануунун багыттарын өз алдынча аныктоого укугун; 3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттердин теңдештүүлүгүн жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун майнаптуулугун өз алдынча камсыз кылууга укуктарын жана милдеттерин. 7. Бюджеттик мыйзамдарды бузгандыгы үчүн бюджет процессинин катышуучуларынын жоопкерчилиги принциби өзүнүнүн иш-аракеттери, аныкталган каржылык маалыматтарга, кайтарымдуу жана кайтарымсыз негизде бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы, өз учурунда кириштебегендиги жана которбогондугу үчүн бюджеттик процесстин ар бир катышуучусунун жоопкерчилигин карайт. 8. Айкындуулук принциби мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырды камтыган маалыматтардан башка, бюджеттерди түзүүдө, кароодо, бекитүүдө, тактоодо, аткарууда жана аудитте маалыматтардын жана мамлекеттин бюджеттик саясатына тиешелүү башка маалыматтардын ачыктыгын карайт. 9. Бюджеттин теңдештүүлүк принциби бюджеттин каралган жалпы чыгашаларынын көлөмү бюджеттин ресурстарынын суммалык көлөмүнө ылайык келүүгө тийиштигин билдирет. (КР 2018-жылдын 18-июлундагы № 69, 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүүсү: КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр 6-статьянын расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.