Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 25 БК
БК КР · гл. 4Статус: действует

Статья 25. Резервные фонды

1.

В республиканском бюджете на очередной бюджетный год предусматривается создание резервных фондов Торага Жогорку Кенеша Кыргызской Республики (далее - Торага Жогорку Кенеша) и Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики (далее - Председатель Кабинета Министров), а также полномочных представителей Президента в областях и глав местных государственных администраций.

2.

Размер резервных фондов Торага Жогорку Кенеша и Председателя Кабинета Министров составляет не более 0,02 процента по каждому резервному фонду от общих расходов утвержденного/уточненного республиканского бюджета (без учета суммы резервного фонда).

В случае если в уточненном республиканском бюджете сумма общих расходов ниже, чем в утвержденном республиканском бюджете, то расчет объема резервных фондов Торага Жогорку Кенеша и Председателя Кабинета Министров осуществляется на основе показателей утвержденного республиканского бюджета.

Размер резервных фондов полномочных представителей Президента в областях и глав местных государственных администраций утверждается соответствующим законом о республиканском бюджете.

3.

Использование средств резервных фондов осуществляется на основании решений Торага Жогорку Кенеша и Председателя Кабинета Министров, полномочных представителей Президента в областях и глав местных государственных администраций. Решения об использовании средств резервных фондов подлежат опубликованию на официальных сайтах соответствующих государственных органов.

Порядок использования средств резервного фонда Торага Жогорку Кенеша определяется соответствующим решением Торага Жогорку Кенеша.

Порядок использования средств резервных фондов полномочных представителей Президента в областях определяется соответствующими решениями Президента.

Порядок использования средств резервных фондов Председателя Кабинета Министров, глав местных государственных администраций определяется соответствующими решениями Председателя Кабинета Министров.

Информация об использовании средств резервных фондов подлежит ежеквартальному опубликованию на официальных сайтах соответствующих государственных органов.

4.

Средства резервных фондов используются исключительно для финансового обеспечения срочных и непредвиденных расходов социально значимого характера.

5.

Не допускается использование средств резервных фондов на:

1) проведение выборов, референдумов;

2) освещение деятельности Торага Жогорку Кенеша и Председателя Кабинета Министров, полномочных представителей Президента в областях и глав местных государственных администраций;

3) оплату труда и материальное поощрение государственных служащих и муниципальных служащих;

4) мероприятия по текущему материально-техническому и финансовому обеспечению деятельности государственных органов.

6.

Информация об использовании резервных фондов прилагается к отчету об исполнении республиканского бюджета и подлежит обязательному опубликованию на официальном сайте уполномоченного государственного органа.

Информация об использовании резервных фондов полномочных представителей Президента в областях и глав местных государственных администраций прилагается к квартальному отчету с приложением копий решений полномочных представителей Президента в областях и глав местных государственных администраций.

(В редакции Законов КР от 18 января 2022 года № 2, 18 апреля 2025 года № 77)

Кыргызча
Резервдик фонддор 1. Республикалык бюджетте кезектеги бюджеттик жылга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын (мындан ары - Жогорку Кеңештин Төрагасы) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы), ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддорун түзүү каралат. 2. Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорунун өлчөмү бекитилген/такталган республикалык бюджеттин жалпы чыгашаларынын ар бир резервдик фонд боюнча 0,02 пайызынан ашпайт (резервдик фонддун суммасын эсепке албаганда). Эгерде такталган республикалык бюджетте жалпы чыгашалардын суммасы бекитилген республикалык бюджеттегиден төмөн болсо, анда Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорунун көлөмүн эсептөө бекитилген республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлөт. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын резервдик фонддорунун өлчөмү республикалык бюджет жөнүндө тиешелүү мыйзам менен бекитилет. 3. Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын чечимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу тууралуу чечимдер тийиштүү мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жарыяланууга тийиш. Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби Жогорку Кеңештин Төрагасынын тийиштүү чечими менен аныкталат. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартиби Президенттин тийиштүү чечимдери менен аныкталат. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартиби Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тийиштүү чечимдери менен аныкталат. Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу тууралуу маалымат квартал сайын тийиштүү мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жарыяланууга тийиш. 4. Резервдик фонддордун каражаттары социалдык маанилүү мүнөздөгү шашылыш жана күтүлбөгөн чыгашаларды каржылык камсыз кылуу үчүн гана пайдаланылат. 5. Резервдик фонддордун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга жол берилбейт: 1) шайлоолорду, референдумдарды өткөрүүгө; 2) Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын ишин чагылдырууга; 3) мамлекеттик кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акыларын төлөөгө жана материалдык сыйлоого; 4) мамлекеттик органдардын ишин учурдагы материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу боюнча иш-чараларга. 6. Резервдик фонддорду пайдалануу жөнүндө маалымат республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетко тиркелет жана милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланууга тийиш. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддорун пайдалануу тууралуу маалымат Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын чечимдеринин көчүрмөлөрүн тиркөө менен кварталдык отчетко тиркелет. (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)