Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 119 БК
БК КР · гл. 22Статус: действует

Статья 119. Учет и финансовая отчетность

1.

Бухгалтерский учет - упорядоченная система сбора, регистрации и обобщения информации в денежном выражении о состоянии финансовых и нефинансовых активов и обязательств Кыргызской Республики и соответствующей территории (государственных органов, органов местного самоуправления и созданных ими бюджетных учреждений) и операциях, приводящих к изменению вышеуказанных активов и обязательств.

Бухгалтерский учет осуществляется в соответствии с Единым планом счетов, разработанным на основе Бюджетной классификации. Единый план счетов - структурированный перечень бухгалтерских счетов, предназначенных для бухгалтерского учета операций по исполнению бюджетов и хозяйственной деятельности бюджетных учреждений.

Единый план счетов для ведения бухгалтерского учета утверждается Кабинетом Министров.

2.

Методологическая основа ведения бухгалтерского учета и формирования финансовой отчетности в бюджетных учреждениях определяется нормативными правовыми актами Кыргызской Республики.

3.

Главные распорядители (распорядители, получатели) бюджетных средств при формировании финансовой отчетности применяют ведомственные (внутренние) акты с соблюдением единой методологии и стандартов бухгалтерского учета и финансовой отчетности. Представление финансовой отчетности главными распорядителями (распорядителями, получателями) бюджетных средств осуществляется на основе гласности и прозрачности, за исключением информации, содержащей государственную или иную охраняемую законом тайну.

Кыргызча
Эсепке алуу жана каржылык отчеттуулук 1. Бухгалтердик эсепке алуу - Кыргыз Республикасынын жана тиешелүү аймактын (мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алар тарабынан түзүлгөн бюджеттик мекемелердин) каржылык жана каржылык эмес активдеринин жана милдеттенмелеринин абалы жөнүндө жана жогоруда көрсөтүлгөн активдердин, милдеттенмелердин өзгөрүүсүнө алып келүүчү операциялар жөнүндө маалыматтарды топтоонун, каттоонун жана акчалык туюнтууда жалпылоонун иреттелген тутуму. Бухгалтердик эсепке алуу Бюджеттик классификациянын негизинде иштелип чыккан Эсептердин бирдиктүү планына ылайык жүзөгө ашырылат. Эсептердин бирдиктүү планы - бюджеттик мекемелердин бюджеттерин аткаруу жана чарбалык ишин аткаруу боюнча операцияларды бухгалтердик эсепке алуу үчүн арналган бухгалтердик эсептердин түзүмдөштүрүлгөн тизмеги. Бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү үчүн Эсептердин бирдиктүү планы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. 2. Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана каржылык отчеттуулукту түзүүнүн усулдук негиздери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. 3. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр, алуучулар) каржылык отчеттуулукту түзүүдө бухгалтердик эсепке алуунун жана каржылык отчеттуулуктун бирдиктүү усулун жана стандарттарын сактоо менен ведомстволук (ички) актыларды колдонушат. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр, алуучулар) тарабынан каржылык отчеттуулукту берүү, мамлекеттик же башка мыйзам менен корголуучу жашыруун сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, маалымдуулуктун жана айкындуулуктун негизинде жүзөгө ашырылат. 23-глава. Мамлекеттик ички контроль тутуму жана мамлекеттик аудит (Глава КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)