Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 86 СК
СК КР · гл. 14Статус: действует

Статья 86. Размер алиментов, взыскиваемых на несовершеннолетних детей

1.

При отсутствии соглашения об уплате алиментов алименты на несовершеннолетних детей взыскиваются судом с их родителей ежемесячно в размере: на одного ребенка - одной четверти, на двух детей - одной трети, на трех и более детей - половины заработка и (или) фактического дохода родителей. При этом для трудоспособных родителей минимальный размер алиментов, взыскиваемых на их несовершеннолетних детей, в месяц должен составлять не менее одной минимальной заработной платы на одного ребенка, полутора минимальных заработных плат - на двух детей, двух минимальных заработных плат - на трех и более детей, за исключением случаев, предусмотренных статьей 88 настоящего Кодекса.

2.

Размер этих долей может быть уменьшен или увеличен судом с учетом материального или семейного положения сторон и иных заслуживающих внимания обстоятельств.

3.

При ведении родителем фермерского хозяйства при отсутствии наличных денежных средств в обороте алименты на несовершеннолетних детей могут быть компенсированы натуральными продуктами по соглашению сторон.

4.

Отсутствие заработка и (или) фактического дохода не снимает с родителя обязанности по содержанию детей и он обязан самостоятельно изыскивать средства для уплаты алиментов в установленном размере, исходя из расчетной суммы средней заработной платы данной местности, либо компенсировать движимым или недвижимым имуществом или его частью путем предоставления ребенку или детям в собственность в равных долях.

5.

Размер алиментов, взыскиваемых на несовершеннолетних детей в порядке нотариального приказа, определяется в соответствии с пунктом 1 настоящей статьи.

(В редакции Законов КР от 17 мая 2012 года № 54, 30 июня 2014 года № 100, 14 июля 2015 года № 161, 17 августа 2020 года № 135, 4 июня 2025 года № 111)

Кыргызча
Жашы жетпеген балдарга өндүрүп алынуучу алименттердин өлчөмү 1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу болбогондо, жашы жетпеген балдарга алименттер сот тарабынан алардын ата-энесинен ай сайын төмөндөгүдөй өлчөмдө өндүрүп алынат: бир балага - ата-энесинин иштеп тапкан жана (же) иш жүзүндөгү кирешесинин төрттөн бири, эки балага - үчтөн бири, үч же андан көп балага - жарымы. Мында, ушул Кодекстин 88-статьясында каралган учурларды кошпогондо, эмгекке жөндөмдүү ата-энелер үчүн алардын жашы жетпеген балдарына өндүрүп алынуучу алименттин эң аз өлчөмү айына бир балага - бир эң аз эмгек акыдан кем эмести, эки балага - бир жарым эң аз эмгек акыдан кем эмести, үч жана андан көп балага - эки эң аз эмгек акыдан кем эмести түзүшү керек. 2. Бул үлүштөрдүн өлчөмү сот аркылуу тараптардын материалдык же үйбүлөлүк абалын жана көңүлгө алынуучу дагы башка жагдайларын эске алуу менен азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн. 3. Ата-энеси фермердик чарба жүргүзүүдө, жүгүртүүдөгү накталай акча каражаттары жок болсо, жашы жетпеген балдарга алименттин орду тараптардын макулдашуусу боюнча накта азык-түлүк менен толтурулушу мүмкүн. 4. Эмгек акынын жана (же) колдо кирешенин жоктугу балдарды багуу боюнча милдеттерден ата-энени бошотпойт жана ал белгиленген өлчөмдө алимент төлөө үчүн каражатты өзалдынча издеп табууга, ошол жердеги орточо эмгек акынын өлчөмүнө жараша же алиментти кыймылдуу, болбосо кыймылсыз мүлк же балага же балдарга барабар үлүштөрдө менчигине берүү жолу менен анын бөлүгү менен жаап берүүгө милдеттүү. 5. Нотариалдык буйрук тартибинде жашы жетпеген балдарга өндүрүп алынуучу алименттин өлчөмү ушул статьянын 1-пунктуна ылайык аныкталат. (КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54, 2014-жылдын 30-июнундагы № 100, 2015-жылдын 14-июлундагы № 161, 2020-жылдын 17-августундагы № 135, 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 05.09.2003? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.