Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 63 СК
СК КР · гл. 12Статус: действует

Статья 63. Право ребенка на имя, отчество и фамилию

1.

Ребенок имеет право на имя, отчество и фамилию.

2.

Имя ребенку дается по соглашению родителей (лиц, их заменяющих), отчество присваивается по имени отца либо с учетом национальных традиций.

При перемене имени отцом изменяется отчество его несовершеннолетних детей, а совершеннолетних детей - при подаче ими об этом заявления.

3.

Фамилия ребенка определяется фамилией родителей. При разных фамилиях родителей ребенку присваивается фамилия отца или матери по соглашению родителей.

По кыргызским национальным традициям фамилия ребенка может быть записана:

- по имени отца с добавлением слова "уулу" для детей мужского пола и слова "кызы" для детей женского пола или без добавления такового. В этих случаях отчество ребенку не присваивается;

- по имени дедушки без добавления окончания к нему, а также по желанию родителей может быть добавлено имя отца;

- по имени дедушки с присоединением к нему слова "тегин", а также по желанию родителей может быть добавлено имя отца, либо имя отца с добавлением слова "уулу" для детей мужского пола, слова "кызы" для детей женского пола. По желанию родителей фамилия ребенку может присваиваться по имени предков до седьмого колена при наличии подтверждающих прямую родственную связь документов или их наличии в архивах уполномоченного государственного органа.

Имена и фамилии лиц других национальностей по их желанию указываются в соответствии с их традициями.

По желанию родителей фамилия ребенка может быть записана по имени отца или дедушки ребенка с добавлением окончания "-ов", "-ев", "-ова" и "-ева".

4.

Разногласия, возникшие между родителями относительно имени и (или) фамилии ребенка, разрешаются в судебном порядке.

5.

Если отцовство не установлено, имя ребенку дается по указанию матери, отчество присваивается по имени лица, записанного в качестве отца ребенка (пункт 3 статьи 54 настоящего Кодекса), фамилия - по фамилии матери.

6.

Если оба родителя ребенка неизвестны, фамилию, имя и отчество ребенку присваивает территориальное подразделение уполномоченного государственного органа по защите детей.

(В редакции Законов КР от 1 августа 2020 года № 109, 17 июля 2025 года № 148)

Кыргызча
Баланын өз ысымын, атасынын атын жана фамилиясын алып жүрүүгө болгон укугу 1. Бала өз ысымын, атасынын атын жана фамилиясын алып жүрүүгө укуктуу. 2. Балага ысым ата-эненин (аларды алмаштырган адамдардын) макулдугу менен берилет, атасынын ысымы атасынын аты болот, же улуттук каада-салтты эске алып ыйгарылат. Атасы атын өзгөрткөндө анын жашы жетпеген балдарынын атасынын аты да, ал эми бойго жеткен балдарынын аты - бул тууралу алар арыз бергенде өзгөртүлөт. 3. Баланын фамилиясы ата-энесинин фамилиясы менен аныкталат. Ата-энеси ар башка фамилияда болгондо ата-энесинин макулдугу боюнча атасынын же энесинин фамилиясы берилет. Кыргыздын улуттук салты боюнча баланын фамилиясы төмөнкүдөй жазылышы мүмкүн: - атасынын ысымы боюнча эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп же ал кошулбастан жазылат. Бул учурларда балага атасынын аты ыйгарылбайт; - чоң атасынын ысымы боюнча ага мүчө уланбастан жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн; - чоң атасынын ысымы боюнча ага "тегин" деген сөз кошулуп жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн, же болбосо атасынын ысымына эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз, аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп жазылат. Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтери болгондо же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде алар болсо, ата-энесинин каалоосу боюнча балага жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилия берилиши мүмкүн. Башка улуттагы адамдардын аттары менен фамилиялары алардын каалоолору боюнча алардын салтына жараша көрсөтүлөт. Ата-энелеринин каалоосу боюнча баланын фамилиясы баланын атасынын же чоң атасынын аты боюнча "-ов", "-ев", "-ова" жана "-ева" деген мүчөлөр кошулуп жазылышы мүмкүн. 4. Баланын ысымына жана (же) фамилиясына карата ата-эненин ортосунда келип чыккан пикир келишпөөчүлүктөр сот тартибинде чечилет. 5. Эгерде аталыгы аныкталбаса, балага ысым энесинин айтуусу боюнча, атасынын аты баланын атасы катары жазылган адамдын атынан (ушул Кодекстин 54-статьясынын 3-пункту), фамилиясы - энесинин фамилиясына жазылат. 6. Эгерде баланын ата-энеси экөө тең белгисиз болсо, баланын фамилиясын, аты менен атасынын атын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр коет. (КР 2020-жылдын 1-августундагы № 109, 2025-жылдын 17-июлундагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 05.09.2003? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.